Загрузка документа…
| Жер агенттигинин 2026-жылдын “28” июлунун № 10-1/224 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча
мамлекеттик агенттиктин системасында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕГИ (2026-2027-жылдар мезгилине)
Функциясынын түрү: жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) иштеп чыгуу
Функциясынын түрү: жөнгө салуу
Функциясынын түрү: координациялоо
Функциясынын түрү: кызмат көрсөтүү
Функциясынын түрү: контроль жана көзөмөл
Функциясынын түрү: уюштуруучулук жана финансылык-тескөөчүлүк
№ | Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдик категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Функциясынын түрү: жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) иштеп чыгуу
| |||||||
1 | Жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан башкасына же айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | - Жерлерди которуунун (трансформациялоонун) зарылдыгынын жана максатка ылайыктуулугунун жоктугу; - белгилүү бир адамдын же адамдардын чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын көздөө; - жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен түз байланышынын жана макулдашуусунун болушу | Кырдаалдык | Төмөн | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын/бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БАнын жана ведомстволук ишкананын), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди даярдоо жана түзүү процессине тартылган башка мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн (КР Министрлер Кабинети, райондук мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү) |
Функциясынын түрү: жөнгө салуу
| |||||||
2 | Белгиленген эрежелерге ылайык жерге жайгаштыруу, картографиялык материалдарды системалаштыруу, сактоо | - Картографиялык материалдарды алмаштырып коюу, жер участокторунун схемаларына, чектерине мыйзамсыз негизде өзгөртүүлөрдү киргизүү; - кызыкдар жактардын кызыкчылыгында архивдик материалдарды алмаштыруу; - документтерди атайылап жашыруу же жоготуу | Кырдаалдык | Жогору | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы, санариптик трансформация башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо ” МИ “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын/бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БАнын жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери, архивариус | Бул тобокелдиктер карталар, реестрлер, кадастрлар, архивдер жана эсепке алуу документтери менен иштеген башка мамлекеттик органдарга (ЖӨБО, архитектура жана шаар куруу, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча, токой, суу, жаратылыш-ресурстук чарбалар органдары, архив мекемелери ж. б.) тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: координациялоо
| |||||||
3 | Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун эсебин жүргүзүү | - жеке жана юридикалык жактар менен жоготуулардын суммасын атайылап жогорулатуу же азайтуу максатында тил табышуунун болушу; - жер участогу жөнүндө анык эмес баштапкы маалыматтарды пайдалануу; - жер участогун изилдөөнүн жыйынтыктарын жасалмалоо | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы (БА), филиалдар | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын / бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БА), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер белгилүү бир учурларда жана жагдайларда тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүүчү башка мамлекеттик органдарга (ЖӨБО, шаарлардын мэриялары, токой жана суу чарба, айлана-чөйрөнү коргоо органдары, соттук-эксперттик, баалоо түзүмдөрү ж. б.) тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү | - Санкциясыз өзгөртүүлөрдү киргизүү, маалыматтар базаларында жана маалыматтык реестрлерде маалыматтарды атайылап жок кылуу же жашыруу: каттонун автоматташтырылган системасына (КАС), дарек реестринин географиялык маалымат системасына (ДРГМС), Жер балансына; - кызыкдар тараптардын кызыкчылыгында керектүү натыйжага КАС, ДРГМС, Жер балансы маалыматтар базаларын бурмалоо | Кырдаалдык | Жогору | Санариптик трансформация башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо ” МИ, “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын / бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер маалыматтык системалары, мамлекеттик реестрлери, маалымат базалары жана электрондук эсепке алуу (калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары, салык, бажы, финансылык, социалдык коргоо, укук коргоо, сот органдары ж. б.) бар бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: кызмат көрсөтүү
| |||||||
5 | Менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын (анын ичинде ижарачылардын) жер участокторунун жаңы долбоорлорун түзүү жана чек араларын тартипке келтирүү, жер участокторунун чектерин натурада (жеринде) белгилөө, жерге жайгаштыруу иштеринин долбоорлорун даярдоо | - Кызыкдар жактардын кызыкчылыгында жер участокторунун координаттарын, чектерин же өлчөөлөрдүн натыйжаларын атайылап бурмалоо; - геодезиялык материалдарга туура эмес маалыматтарды киргизүү; - иштерди иш жүзүндө жерге чыкпастан жүргүзүү; - алдын ала аныкталган заказчы үчүн жерге жайгаштыруу иштеринин долбоорлорун даярдоо | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы, санариптик трансформация башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо ” МИ “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын / бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер иликтөөнү, макулдашууну, укук белгилөөчү документтерди даярдоону ж. б. ишке ашырган башка мамлекеттик органдарга (ЖӨБО, архитектура жана шаар куруу, токой жана суу чарба, айлана-чөйрөнү коргоо ж. б. органдары) тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | Геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү, жерди топографиялык сүрөткө тартуу, жерди инвентаризациялоо жана эсепке алуу боюнча карталарды даярдоо | - Айрым жактардын кызыкчылыгында ченөөлөрдүн натыйжаларын (координаттарды, аянттарды, объекттердин конфигурациясын же чектерин) атайылап бурмалоо; - геодезиялык материалдарга туура эмес маалыматтарды киргизүү; - санариптик карталарды жана маалыматтар базасын тартуунун натыйжаларын санкциясыз өзгөртүү; - жер участоктору, жерлердин категориялары же алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты атайылап өзгөртүү, жашыруу же жок кылуу | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы, санариптик трансформация башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын / бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер иши мейкиндик маалыматтарын чогултуу, өлчөө, маалыматты иштеп чыгуу жана расмий материалдарды түзүү менен байланышкан башка мамлекеттик органдарга (ЖӨБО, архитектура жана шаар куруу, токой жана суу чарбалары, айлана-чөйрөнү коргоо ж. б.) тиешелүү болушу мүмкүн |
7 | Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону, анын ичинде милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдердин негизинде жүзөгө ашыруу | - Кызматкердин арыз ээлери менен түздөн-түз байланышы жана келишкендиги; -кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү каттоодон негизсиз баш тартуу же токтото туруу; - ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамсыз берилген же жасалма чечимдери боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү (жараксыз укук белгилөөчү документтер, жасалма ишеним каттар ж. б.); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кароону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү; - архивдик материалдарга жана электрондук маалымат базаларына жеткиликтүүлүк, кызыкдар жактар менен сүйлөшүп алууда укук ээси жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү, алмаштыруу, жок кылуу тобокелдиги | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер агенттигинин филиалдары | Филиалдардын директору, директордун орун басарлары, бөлүмдөрдүн башчылары, адистери | Бул тобокелдиктер объекттердин жана адамдардын укуктарын каттоону, эсепке алууну, макулдашууну же укуктук статусун өзгөртүүнү жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын ишине (калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, архитектура жана шаар куруу органдары, лицензиялоочу, салык, укук коргоо, сот органдары ж. б.) тиешелүү болушу мүмкүн |
8 | Жерге жайгаштыруу иштерин түзүү жана тариздөө, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү | - Кызматкердин арыз ээлери менен түздөн-түз байланышы жана келишкендиги; - арыз ээлерине мыйзамдуу укуктарды ишке ашыруу боюнча негизсиз тоскоолдуктарды түзүү (жерге жайгаштыруу иштерин тариздөөдөн негизсиз баш тартуу же токтотуу, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документти берүүдөн баш тартуу); - иштерди аткаруу процессин “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгүн манипуляциялоо; - ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамсыз берилген же жасалма чечимдеринин негизинде жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документти тариздөө жана берүү мүмкүнчүлүгү; - документтердин туура таризделишине жана жүргүзүлгөн иштердин толуктугуна контролдун жоктугу (адистер объекттерге барбастан, жер участокторунун чек араларын текшербей жана чектеш жерлер менен макулдашпай ж. б.); - архивдик материалдарга жана электрондук маалымат базаларына жеткиликтүүлүк, кызыкдар жактар менен сүйлөшүп алууда укук ээси жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү, алмаштыруу, жок кылуу тобокелдиги | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызгипрозем” МИ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, адистери (БА жана ведомстволук ишкананын), филиалдардын жетекчилери жана адистери, архив кызматкери | Бул тобокелдиктер документтерди даярдоону, негиздерди текшерүүнү, макулдашууларды, чечимдерди кабыл алууну жана укуктарды түзүүчү же тастыктоочу документтерди берүүнү (ЖӨБО, архитектура жана шаар куруу органдары, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча, токой, суу чарбалары, социалдык коргоо, лицензиялоочу жана уруксат берүүчү органдар ж. б.) жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
9 | Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөө жана техникалык паспорт берүү | - Кызматкердин арыз ээлери менен түз байланышы жана сүйлөшүп алышы; - кыймылсыз мүлктү иш жүзүндө изилдөөдө маалыматтардын так эмес чагылдырылышы; - кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдөө жүргүзүүдөн жана техникалык паспорт берүүдөн негизсиз баш тартуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кароо мөөнөтүн “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү; - кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы техникалык параметрлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү (жер участокторунун жана курулуштардын аянттары, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттери тургузулган курулуш материалдары, бул кыймылсыз мүлк бирдигинин наркынын кымбатташына алып келет) | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Жер агенттигинин филиалдары | Филиалдардын директору, директордун орун басарлары, бөлүмдөрдүн башчылары, адистери | Бул тобокелдиктер документтерди макулдашууга, эсепке алууга, контролдоого жана тариздөөгө катышкан башка мамлекеттик органдардын (ЖӨБО, мэриялар, айыл өкмөттөрү, архитектура жана шаар куруу органдары, салык органдары ж.б.) ишине да тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: контроль жана көзөмөл
| |||||||
10 | Жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын (даттанууларын) кароо, алар боюнча чечим кабыл алуу | - Кызматкердин арыз ээлери менен түз байланышы жана сүйлөшүп алышы; - белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын көздөө; - мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда даттанууну канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алуу | Кырдаалдык | Орто | Укуктук камсыздоо жана экспертиза башкармалыгы, Жер кадастры, чечимдерди каттоо жана даярдоо башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ, “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары жана адистери (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын караган бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: уюштуруучулук жана финансылык-тескөөчүлүк
| |||||||
11 | Персоналды ишке кабыл алуу, которуу, ротациялоо, бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү | - Кызматка кабыл алууда, дайындоодо, которууда, кызматтан көтөрүүдө, ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын көздөө; - туугандарынын, тааныштарынын, аффилирленген жактарынын кызыкчылыгында өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу; - конкурсту формалдуу өткөрүү же белгиленген конкурстук жол-жоболорду бузуу | Кырдаалдык | Орто | Укуктук камсыздоо жана экспертиза башкармалыгы, Жер кадастры, чечимдерди каттоо жана даярдоо башкармалыгы (БА), филиалдар, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ, “Мамкартография” ММ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын / бөлүмдөрдүн башчылары, адистери (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери, конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү, персонал менен иштөө бөлүмүнүн (сектордун) кызматкерлери | Бул тобокелдиктер кадрдык чечимдерди кабыл алуучу бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болушу мүмкүн |
12 | Ведомствонун муктаждыктары үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана жүргүзүү, тендерлерди өткөрүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга келишимдерди түзүү | - Кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленгендик); - муктаждыкка реалдуу баа берүүнүн жоктугу; - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү талаптагыдай эмес сапатта же жогорулатылган баада сатып алуу; - тендердин катышуучуларынын тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен тил табышуу ыктымалдуулугу; - атаандаштыкты чектөө жана тендердин шарттарын манипуляциялоо | Системалуу (реалдуу) | Жогору | Финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгы, мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү (БА), филиалдар, “Мамкартография” ММ, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын/бөлүмдөрдүн нчальниктери, (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери, тендерлерди өткөрүү боюнча конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү, мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болушу мүмкүн |
13 | Эмгек акыны, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү өз убагында жана туура эсептөөгө контроль жүргүзүү | - Эмгек акыларды эсептөө боюнча так эмес маалыматтарды берүү; - реалдуу көрсөтүлгөн иштер жана кызматтар боюнча так эмес маалыматтарды берүү; - жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен сүйлөшүп алып төлөөгө коюлган эсептер боюнча так эмес маалыматтарды түзүү | Кырдаалдык | Төмөн | Финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгы, (БА), филиалдар, “Мамкартография” ММ, Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары, (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер эмгек акыларды эсептөөнү, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болушу мүмкүн |
14 | Келип түшкөн негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуунун тактыгын, аларды сарптоонун тууралыгын контролдоо | -Негизги каражаттар жана товардык-материалдык баалуулуктар боюнча баштапкы бухгалтердик документтерге өзгөртүүлөрдү, так эмес маалыматтарды киргизүү, жашыруу же жок кылуу | Кырдаалдык | Төмөн | Финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгы, (БА), филиалдар, “Мамкартография” ММ, “Кыргызмамжер долбоорлоо” МИ | Директор, директордун орун басарлары, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары (БА жана ведомстволук ишкананын, мекеменин), филиалдардын жетекчилери жана адистери | Бул тобокелдиктер негизги каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болушу мүмкүн. |