Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-октябрындагы № 24
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тажибаев Абвдижапар Жээнбаевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын тургуну, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тажибаев Авдижапар Жээебаевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу жөнүндө Дара айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Үсөновдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын тургуну Тажибаев Авдижапар Жээнбаевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Сайкалова |