ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дара айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 15-октябрындагы № 25
2021-жылдын 10-июнундагы Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №15-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2021-жылдын 10-июнундагы Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №15-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Дара айылдык Кеңешинин депутаты А.Суранчиевтин даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу максатында “КЫРГЫЗМАМЖЕРДОЛБООРЛОО” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы №01-18/1209 номурдагы аныктамасынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын 2021- жылдын 25-октябрындагы №01-12/462 сандуу маалымкатынын негизинде Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №15-токтомунда көрсөтүлгөн контурлардын жана жер аянтынын өлчөмүнөн ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы №470- контурда жайгашкан 0,65га жер аянты, №487-контурда жайгашкан 3,65га жер аянты “Айыл чарба жерлери” категориясынын “таштуу жайыт” түрүнөн “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына, №479- контурдагы 0,20га жер аянты “Айыл-чарба жерлери” категориясынын “башка жерлер” түрүнөн “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына, жалпы 4,50га жер аянтын которууга(трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Сайкалова |