КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы
2021-жылдын 30-октябрындагы № 6-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча 2020-жылдын 26-декабрындагы № 23-3 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча 2020-жылдын 26-декабрындагы № 23-3 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү меселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет,салык жана ишмердүүлүктү колдоо» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 115-беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн киреше салыгынан 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн 800,0 миң сом акча каражатын чыгыштоо тиркемеге ылайык каралсын (тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги төмөнкү берене өзгөртүлсүн:
- 709-21 бөлүмүнүн 2221 беренесинен 3112 беренесине Ак-Булак гимназиясына каралган 255,0 мин сом акча каражаты инвентарь алууга жылдырылсын;
3. Балдар бакчаларына бекитилген 709-1 бөлүмүнүн атыйын эсебиндеги 1850,0 миң сом акча каражатына 2021-жылдын ноябрь, декабрь айларында күтүлүүчу 340,0 миң сом акча каражаты кошулуп, жалпы суммасы 709-1 бөлүмүнө атайын эсепке 2190,0 миң сом болуп бекитилсин.
4. Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин финансылык каражаттарын каржылоо жана максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы М. Эшполотовго, ФЭБ башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай уулу Э |