Редакцияот 05.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 5-августу № 143

 

Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексинин жоболору эл аралык деңиз ресурстарын, деңиз объекттерин жана курулмаларын башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерге, ошондой эле деңиз ишине катышуучулардын ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарына жайылтылат.  

3-берене

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси күчүнө кирген күндөн тартып он эки айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексине ылайык келтирсин.

4-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-августундагы № 59 (3819) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 24-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган