Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 13-21-7 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин тутумунда коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
№ | Функциясы(ыйгарым укугу)
| Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги (коррупциялык тобокелдиктер) бар учурлар жана кырдаалдар
| Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык
| Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогору)
| Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы
| Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары
| Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү)
|
I бөлүм. Уруксат берүү жол-жоболору жана башка функциялар | |||||||
1. | Пландуу жана пландан тышкаркы көзөмөлдөө текшерүүлөрүн (инспекцияларды) жүргүзүү
| Учуу коопсуздугуна олуттуу коркунучтарды жашыруу жана сертификаттардын күчүн токтотуп коюудан качуу максатында акы төлөнүүчү текшерүү учурунда инспектор тарабынан Авиация эрежелеринин бузулушунун оордугун атайылап басаңдатуу; учуу коопсуздугунун же авиациялык коопсуздук талаптарынын аныкталган олуттуу бузулууларын атайылап жашыруу; бузуулардын далилдерин жашыруу үчүн пландан тышкаркы текшерүү жөнүндө атайылап алдын ала билдирүү. | Потенциалдуу | Орто | Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы; Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы; Авиациялык персоналдарды тастыктамалоо башкармалыгы; Учкучсуз учуу аппараттар жана жалпы дайындоо авиация сектору; Аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү; Авиациялык коопсуздук бөлүмү; Аэронавигация бөлүмү; Комиссия. | Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы, сектордун башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор, комиссиянын мүчөлөрү. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
2. | Эксплуатанттын сертификаттарын берүү | Аба кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына жооп бербеген арыз ээсине материалдык сыйакы үчүн эксплуатанттын сертификатын берүү же аны берүүнү негизсиз тездетүү. Арыз ээсинин учууларды эксплуатациялоого жана техникалык документтерине карата олуттуу сын-пикирлерди атайылап эске албоо. | Системалуу | Жогору | Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
3. | Учууга жарактуулук сертификатын берүү | Жеке пайда алуу максатында бузулуулар, жоюлбаган кемчиликтер же ресурстардын иштелип бүтүшү жана оңдоо боюнча бурмаланган техникалык документтери бар аба кемесине учууга жарактуулук сертификатын тариздөө жана берүү. | Системалуу | Орто | Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор.. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
4. | Авиациялык техниканы техникалык тейлөө боюнча уюмга шайкештик сертификатын берүү
| Жеке пайда алуу максатында белгиленген талаптарга ачык эле жооп бербеген уюмга (тастыктамаланган персоналдын, зарыл болгон жабдуулардын, ангарлардын жоктугуна карабастан) Кыргыз Республикасынын каттоосунда турган аба кемелерин техникалык тейлөөгө укук берүүчү документти берүү. Пара талап кылуу максатында арызды кароо мөөнөттөрүн жасалма түрдө создуктуруу. | Системалуу | Орто | Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор.. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
5. | Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналына күбөлүктөрдү берүү | Материалдык сыйакы алуу максатында белгиленген талаптарды бузуу менен, анын ичинде жасалма документтердин негизинде авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле квалификациялык жана өзгөчө белгилерди киргизүү. | Системалуу | Орто | Авиациялык персоналдарды тастыктамалоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
6. | Авиациялык окуу борборлоруна шайкештик сертификатын берүү.
| Белгиленген талаптарды бузуу менен окуу жайларына шайкештик сертификаттарын жана таануу сертификаттарын берүү, сертификаттоо жана таануу жол-жоболорун негизсиз создуктуруу же тездетүү, айрым арыз ээлерине негизсиз артыкчылыктарды берүү, ошондой эле белгиленген талаптарга жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарына шайкештигин баалоодо объективдүү эмес чечимдерди кабыл алуу. | Системалуу | Орто | Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
7. | Авиациялык персоналга медициналык корутундуларды берүү. | Учуу же диспетчердик ишти аткарууга ачык же жашыруун медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамга авиациялык медициналык корутунду берүү, клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо же жашыруу. Мыйзамсыз сыйакы алуу максатында медициналык комиссиядан өтүү процессин атайылап создуктуруу. | Кырдаалдык | Орто | Дарыгердик-учуу эксперттик комиссиясы | Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык медициналык эксперттери, Дарыгердик-учуу эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
8. | Авиациялык персоналдын күбөлүктөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана колдонулушун токтото туруу. | Мыйзамда каралган негиздер жок же документтердин топтому толук болбогон учурда авиациялык персоналдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүн негизсиз узартуу. Жеке пайда алуу максатында адиске же авиакомпанияга басым көрсөтүү үчүн күбөлүктүн колдонулушун негизсиз же бир тараптуу токтото туруу. | Кырдаалдык | Орто | Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы. | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
9. | Коммерциялык учкучтарга күбөлүктөрдү берүү. | Квалификациялык талаптарга жооп бербеген адамга коммерциялык учкучтун күбөлүгүн берүү. Тренажёрдук даярдыктан өткөндүгү тууралуу жасалма маалыматтарды кабыл алуу. Теориялык же практикалык квалификациялык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын объективдүү эмес баалоо. | Потенциалдуу | Жогорку | Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы. | Башкармалыктын башчысы, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
10. | Авиациялык метеорологиялык персоналга күбөлүктөрдү берүү.
| Талапкердин тийиштүү кесиптик билиминин, атайын даярдыгынын же стажировкасынын жоктугун эске албоо. Квалификациялык текшерүү учурунда талапкердин билимине жана көндүмдөрүнө объективдүү эмес жана бир тараптуу баа берүү, ошондой эле документтерди кароо мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу. | Кырдаалдык | Орто | Аэронавигация бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы инспектор, улук инспектор, инспектор.
| Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
11. | Учкучсуз учуучу аппараттар үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү. | Материалдык сый акы берүүгө мажбурлоо максатында арыз ээсине учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) пайдалануу менен коммерциялык же изилдөө максатындагы сүрөткө тартуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүдөн негизсиз баш тартуу же уруксаттарды берүүнү атайылап создуктуруу. | Потенциалдуу | Орто | Учкучсуз учуу аппараттар жана жалпы дайындоо авиация сектору | Сектордун башчысы, улук инспектор.
| Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
12. | Аэродромдун жарактуулук сертификатын берүү. | Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин КРАЭ-14 милдеттүү талаптарына шайкеш келбестиктер бар болгонуна карабастан, инспекцияны объективдүү жүргүзбөөнүн, аныкталган бузууларды жашыруунун же толук чагылдырбоонун, айрым шайкеш келбестиктерди инспекциянын актысынан негизсиз алып салуунун, аныкталган бузуулар иш жүзүндө жоюлганын тастыктабастан документтерге кол коюунун, ошондой эле арыз ээси милдеттүү талаптарды аткарбаганына карабастан аэродромдун жарактуулук сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алуунун натыйжасында аэродромдун жарактуулук сертификатын берүү. | Кырдаалдык | Төмөн | Аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү, Авиациялык коопсуздук бөлүмү. | Бөлүмдүн башчысы, башкы инспектор, улук инспектор, инспектор (комиссиянын мүчөлөрү). | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
13. | Аэродромдордун аймагында объекттерди курууну макулдашуу | Уруксат берилген бийиктиктерден ашкан учурда оң чечим кабыл алуу; координаттар, бийиктиктер, аэродромдон болгон аралык жана аэродромдук беттер жөнүндө маалыматтарды алмаштыруу же бурмалоо. Кызыкчылыктардын кагылышы; документтерди кароону негизсиз создуктуруу. | Потенциалдуу | Орто | Отдел аэродромов, наземного обслуживания и регулирования перевозок | Аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү | Архитектура, шаар куруу, кадастр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде көрүнүшү мүмкүн. |
II бөлүм. Адам ресурстарын жөнгө салуу жана башкаруу | |||||||
14. | Мамлекеттик кызмат тутумундагы кадрдык чечимдер жана кадрдык камсыздоо: кызмат орундарына дайындоо, конкурстарды өткөрүү, кадрлар резервин түзүү, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо жана аларды кызмат боюнча которуу. | Мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен жакын туугандарды, досторду же башка жакын адамдарды мамлекеттик кызматка жылдыруу, анын ичинде аларды кадрлар резервине мыйзамсыз киргизүү. | Системалуу
| Орто | Персоналдар менен иш алып баруу сектору | Сектор башчысы, башкы адис | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
15. | Кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жөнөтүү | Кызматтык зарылчылык жок болгон учурда адамдарды расмий делегациялардын курамына негизсиз киргизүү же кызматтык иш сапарларга жөнөтүү, ошондой эле мындай иш сапарларга кабыл алуучу тараптын же жарандык авиация чөйрөсүндөгү текшерилүүчү субъекттердин эсебинен жөнөтүү. | Кырдаалдык
| Орто | Персоналдар менен иш алып баруу сектору Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги | Башкармалыктардын начальниктери, бөлүмдөрдүн/секторлордун башчылары, башкы адистер | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
III бөлүм. Ички функциялар (сатып алуулар), ведомстволук уюмдардын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | |||||||
16. | Сатып алуулар аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | Материалдык-техникалык баалуулуктарга (МТБ) жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты негизсиз жогорулатуу; сатып алуунун критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды белгилүү бир берүүчүгө ылайыктап түзүү; сатып алууга катышуучулардын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги; келишимдин наркын негизсиз жогорулатуу жана анын шарттарын жетиштүү негиздерсиз, анын ичинде кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен өзгөртүү; иш жүзүндө келишимдин шарттарына жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу; берүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө. мер. | Потенциалдуу | Жогору | Сатып алуулар боюнча комиссия, финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү | Бөлүм башчысы, чарба башчысы, адис, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү, кызмат адамдары, ошондой эле товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууга жана берүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого жооптуу адамдар. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө мүнөздүү. |
17. | Материалдык-техникалык ресурстарды жана баалуулуктарды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана эсептен чыгаруу. | Эксплуатациялоого жарактуу же пайдаланууга ылайыктуу мамлекеттик мүлктү (уюштуруу техникасын, автотранспорт каражаттарын, атайын каражаттарды) аны менчиктеп алуу же төмөндөтүлгөн баада кайра сатуу максатында негизсиз эсептен чыгаруу; Инвентаризация жүргүзүүдө инвентаризациялык комиссиянын мүчөлөрү менен бүтүмгө келүү жолу аркылуу материалдык баалуулуктардын жетишсиздигин жашыруу; Өзүнчө кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктары үчүн товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) белгиленген лимиттерден ашыкча берүү. . | Кырдаалдык
| Орто | Финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү, комиссия. | Бөлүм башчысы, чарба башчысы, адистер, комиссиянын мүчөлөрү. | Бул коррупциялык тобокелдик балансында товардык-материалдык баалуулуктар (ТМБ) болгон бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө кездешет, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде. |
18. | И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтары. | Курсанттардын/студенттердин билим деңгээлин учурдагы зачетторду, экзамендерди кабыл алууда, ошондой эле мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын (МАК/МА) жүрүшүндө материалдык же башка жеке пайда алуу максатында объективдүү эмес, бир тараптуу же мыйзамсыз баалоо. Тесттик тапшырмаларды, экзамендик суроолорду жана жоопторду үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү. | Кырдаалдык
| Орто | И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун окуу башкармалыгы, кафедралары, деканаты жана орто кесиптик билим берүү (ОКБ) бөлүмү. | Окуу иштери боюнча директордун орун басары, кафедралардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, окутуучулар, мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын катчылары, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК/МА) төрагалары жана мүчөлөрү, декан, декандын орун басары (окуу иштери боюнча). | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
19. | "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын техникалык колдоосу.
| Айрым жеткирүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөп келишимдерди атайылап түзүү, анын натыйжасында атайын жабдууларды жана техникалык каражаттарды жогорулатылган баада же талаптагыдай эмес сапатта сатып алуу. | Кырдаалдык
| Орто | «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо жана сатып алуулар бөлүмү, финансылык-экономикалык бөлүмү жана бухгалтердик эсеп бөлүмү. | «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчылары, жетектөөчү адистери, адистери, жетектөөчү инженерлери жана инженерлери. | Бул коррупциялык тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
|
20. | Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө (объекттерди жана жайларды ижарага берүү, акысыз жана убактылуу пайдаланууга берүү). | Мамлекеттик мүлктү, аянттарды же атайын багыттагы зоналарды ижарачы менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу атайылап төмөндөтүлгөн баада ижарага же убактылуу пайдаланууга берүү Ижарачы тарабынан ижарага алынган мамлекеттик мүлктү максатсыз пайдалануу же ага зыян келтирүү фактыларын атайылап жашыруу Расмий ижара келишимдерин түзбөстөн аянттарды пайдаланууга берүү жана алынган накталай акча каражаттарын мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу
| Системалуу
| Жогору | «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту
| Ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилери - бөлүм башчылары; - жетектөөчү адистер, адистер; - жетектөөчү инженерлер, инженерлер | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин кошо алганда, бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кездешиши мүмкүн. |