РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 613-т (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук тууралуу) тескемеси

Редакцияот 10.08.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 10-августу № 613-т

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуусун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев