Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 1-февралы №208

                                            

“Такталык айылындагы туура көчөгө  Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагери , маркум Бөдүбаев Топчубайдын атын берүү жөнүндө.”     

        

                Маркум Бөдүбаев Топчубай 1907-жылы мурунку Кетмен-Төбө өрөөнүнө караштуу, азыркы Токтогул районунун Такталык айылында туулган. Беш жашында жетим калып, балалыгы ушул эле айылда өткөн.1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, 34-жашында ага биринчи күндөн катышкан.Ал жактан 1942-жылы Днепр дарыясынын жээгинде ок тийип жарадар болуп госпиталда дарыланып, айылга отпускага келген.1944-жылы кайрадан согушка кеткен. Согуш учурунда Берлин шаарына чейин барып, Улуу Жеңишти Берлин шаарында тоскон. Согуштан 1945-жылы кайтып келген.Согуштан келген жылдан баштап колхоздо малчы, бригадир болуп эмгектенген. Колхоздун иштерине активдүү катышып, эл оозуна алынган кадыр –барктуу инсан болгон. 1946-жылы үй-бүлө күтүп, беш балалуу болуп, үч уул, эки кызга татыктуу тарбия берген. 1994-жылы 87 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Такталык айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

1.Такталык айылынын тургуну Топчубаев Бакытбектин тамынан баштап, Самтыров Нурбектин тамына чейинки туура көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Бөдүбаев Топчубайдын атынан «Топчубай ата» атындагы көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.

2. Аталган көчөнүн жолдорун ондоого, көчөнү көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы небереси Топчубаев Бакытка милдеттендирилсин.

3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

     4.   Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

 А. Дөөлөткелдиев