ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №209
“ “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 “Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2024-жылдын 30-январындагы №1 протоколунун жана Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун корутундусунун негизинде, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн үч тургунун “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө комиссиянын төрагасы К.Көкөевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын төрагасы К.Көкөевдин сунушу эске алынсын.
2. 2024-жылга карата “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
1.Орозов Мееримбек Касымалиевич –Үч-Терек ЖДПБнын башкы дарыгери;
2.Жапаркулов Жаныш - Үч-Терек айылынын тургуну, ардагер;
3.Кадыров Ибрайым –Кызыл-Ураан айылынын тургуну, ардагер;
3. “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” белгилерин, күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдатып, наамга татыктуу болгон атуулдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн бир айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |