ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №210
“Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине 2024-жылга карата берилген сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана байкоочу кеңештин өкүлүн бекитүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин райондук атайын фонддун каржылоосу менен 2024-жылы аткарыла турган иш–чараларга өзгөртүү киргендигине байланыштуу, өзгөртүү киргизип берүү жана «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө» жобосунун 4 бөлүмүнө ылайык, Байкоочу Кеңештин Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү өкүлүнүн мөөнөтү аяктап калгандыктан, кайрадан жаңы өкүлдү бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Райондук атайын фонддун каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясында ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Көкүлов Муратбек Абдымаликович Байкоочу Кеңештин өкүлү болуп бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылы аткарыла турган иш-чараларга өзгөртүү киргизилип, Токтогул райондук атайын фондго сунушталсын. (тиркеме тиркелет).
3. Айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке жана Атайын фонддун байкоочу кеңешинин өкүлү М.Көкүловко 2024-жылга карата өзгөртүү киргизилген иш–чаралардын аткарылышын жана Токтогул райондук атайын фонддон бөлүнүүчү каражаттын бөлүнүшүн камсыздоо жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |
| 2024-жылдын 01-февралындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясынын №210 токтомуна |
1-тиркеме
“Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылы аткарыла турган иштер боюнча сунушталуучу жумуштар:
к/№ | Аткарылуучу жумуштар | Суралуучу сумма |
1 | Карды –Жарык каналын ремонттоо иштеринин долбоорун даярдоого өздүк салымы үчүн | 2млн 108миң 091 сом |
2 | Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу “№32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби- мекемесинин терезелерин алмаштыруу “ долбоорунун өздүк салымы үчүн | 752миң 567сом |
3 | Такталык айылындагы каналды тазалоо жана ремонт иштерине | 316миң сом |
4 | Такталык айылындагы ФАПтын капиталдык ремонттоо иштерине | 114 миң сом |
5 | Саргата айылынын баш жагына трансформатор сатып алуу үчүн | 250миң сом |
6 | Жалпы | 3млн.540 миң 658 сом |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Байсабаев