Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна) |
Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды
өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору (мындан ары – Фонддор) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин (мындан ары – монополияга каршы органдар) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлеринин иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана социалдык корголушун камсыз кылуу максатында түзүлөт.
Фонддор өз ишинде Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин, «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Фонддордун каражаттарын түзүү тартиби
2. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жөнгө салуучу талаптардан четтөөнүн натыйжасында монополияга каршы органдар тарабынан мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер түрүндө өндүрүлгөн суммалар монополияга каршы органдардын бюджеттик эсеп түзүмүндө ачылган аккумуляциялык эсептерде чагылдырылуу менен толук көлөмдө республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет.
Фонддордун каражаттары өткөн жыл үчүн республикалык бюджетке келип түшкөн жөнгө салуучулук талаптардан четтөөнүн суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоолордун эсебинен түзүлөт. Республикалык бюджетти аткаруу процессинде өткөн жыл үчүн республикалык бюджетке иш жүзүндө келип түшкөн каражаттарды толук көлөмдө салыштырып текшерүү актысынын негизинде чегерилген сумманы көбөйтүү же азайтуу жагына түзөтүү жүргүзүлөт.
3-глава. Фонддордун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Фонддордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) монополияга каршы органдардын ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук алып жүргүчтөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
2) монополияга каршы органдардын кызматкерлерин окутууну уюштурууга;
3) атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама маселелери, ошондой эле монополияга каршы органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча улуттук органдардын жана эл аралык уюмдардын ишине катышууга;
4) социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга;
5) консалтингдик, баалоочу, аудитордук уюмдар, жеке жана юридикалык жактар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө, ошондой эле мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда белгилүү бир жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга укуктуу эксперттердин жана адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттер менен адистердин иштерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө; өндүрүштүк зарылчылык болгон учурда борбордук аппараттын штаттык санынын 10 пайызына чейин келишимдик негизде тартылган IT-адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдик негизде сый акы төлөөгө; стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду жана башка методикалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө.
6) монополияга каршы органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды уюштурууга;
7) монополияга каршы органдардын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо, анын ичинде алардын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн кызматтык автотранспортту сатып алууга;
8) компьютердик жабдууларды, оргтехниканы, байланыш каражаттарын, эмеректерди сатып алууга, ошондой эле аларды оңдоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды төлөөгө;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу монополияга каршы органдардын кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөргө (ай сайын жана бир жолку);
10) убактылуу жок кызматкерлердин милдеттерин аткарган кызматкерлерге, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акысына кошумча төлөөгө;
11) дарыланууга жана башка максаттарга бир айлык эмгек акыга чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө иш сапардык чыгымдарды төлөөгө;
13) кызматтык имараттарды жана курулмаларды, ведомстволук окуу борборун, санаторийди, пансионатты жана турак жай фондун курууга, күтүүгө, учурдагы жана капиталдык оңдоого.
Фонддордун каражаттарын бөлүштүрүү төмөнкүдөй пропорцияларда жүргүзүлөт:
- 80 пайызга чейин – кызматкерлерге ушул пунктта каралган төлөмдөрдү камсыз кылууга;
- 20 пайыздан кем эмеси – материалдык-техникалык жабдууга, окутууга, ошондой эле ушул пунктта каралган башка чыгымдарга.
Фонддордун каражаттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш берүүчүлөр менен монополияга каршы органдардын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлгөн жамааттык келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн Фонддордо каражаттар болгондо жана монополияга каршы органдын жетекчисинин чечими боюнча биринчи кезектеги тартипте пайдаланылат.
4-глава. Эсепке алуу жана отчет берүү тартиби
4. Фонддордун каражаттарын чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жана иш жүзүндө келип түшкөн кирешелердин чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Тиешелүү Фонддун каражаттарын тескөөчү жана алардын максаттуу пайдаланылышына жооптуу адам монополияга каршы органдын жетекчиси болуп саналат.
6. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү монополияга каршы органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү Фонддордун каражаттарын түзүүнүн (түшүүнүн), чегерүүнүн жана бөлүштүрүүнүн эсебин, чыгымдардын бекитилген сметаларына ылайык максаттуу пайдаланууну контролдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддордун каражаттарын тескөөчүлөргө пайдалануу боюнча отчетторду берүүнү камсыз кылат.