Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 КЕЗЕКСИЗ III  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 31-июлу № 3/2                                                                        

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы жараксыз абалдагы эски мечиттин имаратын бузууга макулдук берүү  жөнүндө

 

     Талды-Суу айылынын жашоочуларынын жана айыл башчысынын кайрылуусуна ылайык   Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III  сессиясы токтом кылат :

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы Жолоев Жумакун көчөсү № 12 дарегиндеги 4-02-09-1001-0107 идентификациялык коддо жайланышкан эски мечиттин имараты жараксыз абалга келгендиктен бузууга макулдук берилсин .

 

2. Эски мекчиттин имаратын бузгандан кийинки жарактуу  кирпич,жыгач материалдары Талды-Суу айылынын тургуну,социалдык жактан коргоого муктаж,аз камсыз болгон үй-бүлө  Акунбаев Уланбекке турак жай курууга пайдалануу үчүн уруксат берилсин

 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.

 

4.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

  

 

Төрага:

 

Бокоев Абдылдабек