Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 КЕЗЕКСИЗ III  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 31-июлу № 3/4                                                                     

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Большевик айылынын кире беришине арка орнотууга жана купка салуу үчүн жер аянтына  макулдук берүү  жөнүндө

 

      Большевик айылынын айыл башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап

  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III  сессиясы токтом кылат :

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Большевик айылынын кире бериш жерине арка орнотууга жана айыл үчүн купка салууга жер аянтына макулдук берилсин .

 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Бокоев Абдылдабек