Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 КЕЗЕКСИЗ III  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 31-июлу № 3/7                                                                   

 

 

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Каракуновдордун үй-бүлөсүнүн атынан жазылган кайрылуусу  жөнүндө

 

     Баш-Кайыңды айылынын тургуну Каракуновдордун үй-бүлөсүнүн атынан жазылган кайрылууну карап жана талкуулап   Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III  сессиясы токтом кылат :

 

1.Баш-Кайыңды айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын артында жайланышкан паркка Баш-Кайыңды айылынын тургуну,маданият тармагын өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Каракунов Болотбек Макеновичтин атын берүүгө макулдук берилсин .

 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

  

Төрага:

 

Бокоев Абдылдабек