КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 21-декабрындагы № 2
1-Май айылындагы “Жеткиннчек” балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагына караштуу 1-Май айылындагы “Жеткинчек” балдар бакчасынын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү боюнча 2021-жылдын 11-ноябрдагы элдик жыйындын протоколун негизинде Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагына караштуу 1-Май “Жеткинчек” балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөө боюнча 2021-жылдын 11-ноябрындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Кенеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программмасына кирген иш –чараларды аткаруу үчүн караштуу 1-Май “Жеткинчек” балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөө боюнча жагы колго алынсын.
3. Кенеш айыл аймагына караштуу караштуу 1-Май “Жеткинчек” балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөө боюнча максатында элдик салымын камсыздоо үчүн 2855300 (эки миллион сегиз жүз элүү беш мин үч жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кенеш айыл аймагынын караштуу 1-Май “Жеткинчек” балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөө боюнча боюнча долбордуу даярдоо жана долборду ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнун башчысы М.М.Алкадыровко тапшырылсын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |