Редакцияот 11.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН    

 ХХV–СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 28-июль айы №121

 

Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке

кабыл алуу жөнүндө

 

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 8-июлундагы №01-13/2826 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана  ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Балыкчы шаарына караштуу Кызыл-Саз участогунда жайгашкан, жалпы аянты 1,20 га жер тилкесин (2017-жылдагы инвентаризациялоо материалдарына ылайык № 160, № 160* контурлардагы жер) өндүрүштүк курулмаларды куруу максатында Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Балыкчы шаарынын мэриясына:

-аталган обьектини муниципалдык менчикке  өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына  ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-  сайтында  https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

 

  1. Мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы     _ Д.Ж.Аманалиев____