БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
ХХV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-июль айы №122
Автоунааларды Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык
менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 09-июнундагы №01-13/2234 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Азия Өнүктүрүү банкы (АБР) тарабынан Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу долборунун алкагында грант иретинде 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ долларына сатып алынган, 2025-жылы чыгарылган SHACMAN CLW3255DR404 самосвал, идентификациялык номери (VIN коду) LZGCL2T41TX048948 авто техникасын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясына:
-муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы ____ Д.Ж.Аманалиев____