ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №19 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июну №137
Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын
ыйгаруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамына жана «Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобого ылайык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Молдокматованын билдирүүлөрү угулуп Оргочор жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- 7-июнь Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин майрамына карата, социалдык экономикалык өнүгүүгө кошкон зор салымдарын эске алуу менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Жети-Өгүз райондук финансы башкармалыгынын башчысы Алиев Нурлан Эркинбековичке ыйгарылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчсы Н.Жусуповго тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков