Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси
2026-жылдын 4-августу № 142
(КР 2026-жылдын 5-августундагы № 143 Мыйзамы менен расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилет)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Кодекс соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын деңизге чыга албаган мамлекет катары эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык ачык деңизге жетүү жана деңизде эркин сүзүү укугун ишке ашырууга багытталган.
2. Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси экономиканын деңиз аркылуу ташууларга жана алар менен байланышкан жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын камсыз кылуу максатында соода үчүн деңизде сүзүүнүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
3. Соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелер ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ченемдик укуктук актылары жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик актылары менен алардын компетенциясынын чегинде жөнгө салынат.
4. Соода үчүн деңизде сүзүү чөйрөсүндө келип чыккан жана катышуучулардын теңдиги, алардын эркинин автономиясы жана мүлктүк өз алдынчалыгы принциптерине негизденген мүлктүк мамилелер ушул Кодекс менен жөнгө салынат. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган же толук жөнгө салынбаган мүлктүк мамилелер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.
2-берене. Соода үчүн деңизде сүзүү түшүнүгү
1. Ушул Кодексте соода үчүн деңизде сүзүү деп эл аралык деңиз укугунун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кемелерди төмөнкүдөй максаттарда пайдалануу менен байланышкан иш түшүнүлөт:
1) жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн ташуу (анын ичинде деңиз круиздери), ошондой эле аларды жүктөө, түшүрүү, сактоо боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу жана сүйрөө боюнча кызматтарды көрсөтүү;
2) балык уулоо жана суудагы биологиялык ресурстардын башка деңиз өндүрүшү;
3) деңиз түбүнүн минералдык жана башка жансыз ресурстарын жана анын кендерин чалгындоо жана иштеп чыгуу;
4) издөө, куткаруу жана сүйрөө операцияларын, ошондой эле лоцмандык коштоону жүргүзүү;
5) чөгүп кеткен мүлктү көтөрүп чыгаруу;
6) гидротехникалык, суу астындагы-техникалык жана башка ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу;
7) деңиз чөйрөсүн коргоо жана сактоо, деңиз ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
8) деңиз илимий изилдөөлөрүн, анын ичинде уюлдук аймактарда (Арктика жана Антарктида) изилдөөлөрдү жүргүзүү;
9) окутуу, илимий жана маданий максаттар, ошондой эле деңизде сүзүү үчүн адистерди даярдоо;
10) яхтингди жүзөгө ашыруу, спорттук деңиз мелдештерин өткөрүү, ошондой эле чакан көлөмдүү кемелерди эс алуу үчүн эксплуатациялоо;
11) кемелердин багытына ылайык келген башка максаттарда.
2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) порт акваториясы - порттун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу ички суу жолунун обочолонгон бөлүгү;
2) кемелерге аудит жана инспекция жүргүзүү - кеменин жана аны эксплуатациялоонун эл аралык конвенциялардын, мамлекеттер аралык макулдашуулардын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана тастыктоо максатында деңиз администрациясы же ал ыйгарым укук берген уюмдар жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылуучу текшерүү, анын ичинде коопсуздукту башкаруу тутумуна, кемени коргоого, экологиялык талаптардын жана кемелерде кызмат өтөөнүн уставдарынын сакталышына, кеме экипаждарынын мүчөлөрүнө дипломдордун жана квалификациянын берилишине аудит жүргүзүү;
3) абандон - камсыздандырылуучунун камсыздандыруучунун пайдасына шартсыз баш тартуусу, ал камсыздандырылган мүлк конструкциялык жактан толук жок болгон учурда чыгымды жөнгө салуу ыкмасы катары келип чыгат. Абандон жарыялоо үчүн негиздер болуп камсыздандыруу төлөмүнүн толук суммасын алуу максатында кеменин дайынсыз жоголушу, кеменин жана жүктүн басып алынышы же калыбына келтирүүнүн же оңдоонун экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы саналат;
4) бербоут-чартер - фрахттоо келишиминин түрү, ал боюнча фрахтка берүүчү макулдашылган акы (фрахт) үчүн фрахттоочуга жабдылбаган жана экипаж менен комплекттелбеген кемени же бир нече кемелерди жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташуу, ошондой эле соода үчүн деңизде сүзүүнүн башка максаттары үчүн белгилүү бир мөөнөткө ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет;
5) бункердик отун - кемени эксплуатациялоо жана андагы тиричиликти камсыз кылуу үчүн анда пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган кандай болбосун мунай заттары, анын ичинде майлоочу майлар, ошондой эле бул мунай заттарынын калдыктары. Бункердик отундун сапатына, курамына жана экологиялык коопсуздугуна карата талаптар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат;
6) Кемелердин мамлекеттик (эл аралык) реестри - кемелерди жана аларга болгон укуктарды каттоого арналган, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кеменин Кыргыз Республикасына улуттук таандыктыгын тастыктаган жана кеменин аталышы, каттоо порту, улуттук каттоо номери, тоннажы, кеменин тиби, ээсинин аты (аталышы) жана башкалар сыяктуу маалыматтарды камтыган ачык эл аралык кеме реестри, ошондой эле кемелердин мамлекеттик реестри болуп саналган расмий мамлекеттик маалымат ресурсу (мындан ары - Кеме реестри);
7) жүк - бара турган пунктка деңиз транспорту менен жеткирүү үчүн жүк ташуучу тарабынан жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан кабыл алынган материалдык баалуулуктар;
8) демередж - контрсталия убактысынын ичинде кеменин кармалып туруусу үчүн ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сый акы;
9) диспач - жүктү жүктөө же түшүрүү сталия убактысы аяктаганга чейин аякталгандыгы үчүн фрахттоочуга төлөнүүгө тийиш болгон сый акы;
10) классификациялык коом - кемелерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн техникалык стандарттарды (эрежелерди) иштеп чыгуучу жана белгилөөчү, аларды күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашыруучу, кемелерге класс ыйгаруучу жана аларды куруу жана эксплуатациялоо процессинде аларга техникалык байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу уюм;
11) контрсталия убактысы - деңиз аркылуу ташуу келишиминде белгиленген, сталия убактысы аяктагандан кийин кеменин кошумча күтүү убактысы;
12) коносамент - жүктү деңиз аркылуу ташуу келишими түзүлгөндүгүн ырастоочу жана ташуучунун бул документте көрсөтүлгөн жүктү кабыл алгандыгын далилдөөчү, товарды тескөөчү документ (баалуу кагаз);
13) лоцман - портто кемелерди шварттоо, якорго коюу жана ордун алмаштыруу жерлерине коопсуз алып баруу боюнча белгилүү бир билимге жана көндүмгө ээ болгон адис;
14) лоцмандык кызмат - деңизде сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кемелер менен болгон кырсыктарды алдын алуу максатында лоцмандар тарабынан жүргүзүлүүчү, кемелерди лоцмандык коштоо боюнча иш;
15) лоцмандык карта - ички суу жолдорунун анда навигациялык жабдуулар белгиленген схемасы;
16) өлчөө күбөлүгү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (же ал тааныган уюм) тарабынан берилүүчү, кеменин 1969-жылдагы Кемелерди өлчөө боюнча эл аралык конвенциянын эрежелерине ылайык аныкталган жалпы жана таза сыйымдуулугун тастыктоочу белгиленген үлгүдөгү эл аралык документ;
17) кеменин деңизде сүзүүгө жарактуулугу - кеменин белгиленген райондордо кеме экипажынын өмүрү жана ден соолугу жана жүктүн сакталышы үчүн тобокелсиз, ылдамдыкты минималдуу жоготуу менен кандай болбосун аба ырайында коопсуз сүзүү жөндөмдүүлүгү;
18) Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы - соода үчүн деңизде сүзүү ишинин бардык багыттары боюнча максаттар, милдеттер жана функциялар ыйгарылган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин жана талаптарын аткаруу, ошондой эле ушул Кодекстин ченемдерин аткаруу бөлүгүндө ички суу транспортунун ишин координациялоо үчүн жооптуу болгон координациялык башкаруу органы;
19) деңиз аркылуу ташуу - жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн деңиз транспорту менен ташуу боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан өз ара байланышкан операциялардын жыйындысы;
20) деңиз терминалы - деңиз портундагы жүктөрдү, почта жөнөтмөлөрүн жүктөө (түшүрүү), аларды сактоо, деңиз транспорту менен чектеш транспорт каражаттарын иштетүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу, түшүрүү жана башкача тейлөө үчүн шарттарды камсыз кылуучу техникалык каражаттардын, инженердик курулмалардын, көтөрүп чыгаруу-транспорттук жана башка жабдуулардын жыйындысын камтыган адистештирилген участок;
21) деңиз транспорту - жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн деңиз аркылуу ташуу боюнча ишти камсыз кылуучу коммуникациялардын жана кемелердин жыйындысы;
22) жалпы пайдалануудагы деңиз транспорту - кандай болбосун жеке же юридикалык жактын кайрылуусу боюнча аларды аткаруу милдетине негизденген транспорттук жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу деңиз транспорту;
23) деңиз кырсыгы - кемени эксплуатациялоо менен байланышкан, анын ичинде портто турган учурда адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан, кеменин же анын жабдууларынын бузулушуна, деңизде сүзүүгө жарактуулугун жоготууга, жээктеги курулмалардын бузулушуна же айлана-чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн болгон кандай болбосун окуяны билдирет. Деңиз окуяларына деңиздеги авариялар (жалпы жана жеке), авариялык учурлар жана башка инциденттер кирет;
24) навигациялык жабдуу - коопсуз кемечиликти камсыз кылууга арналган атайын сигналдык каражаттардын тутуму;
25) билдирилген отуруу - порт жыл ичинде же сезондо кабыл алган кемелердин максималдуу отуруусу;
26) жөнөтүүчү - жүктү бара турган пунктка жеткирүү жана аны алууга ыйгарым укуктуу болгон жакка (алуучуга) берүү үчүн аны ташуучуга өзүнүн атынан же жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминин негизинде ишенип берген жак;
27) ташуучу - деңиз аркылуу ташуу келишимине ылайык жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн деңиз аркылуу ташууну өз алдынча же башка ыкма менен жүзөгө ашыруучу жак;
28) өтмө отуруу - кеме өтүп жаткан учурда түзүлгөн иш жүзүндөгү гидрометеорологиялык шарттарда кеменин келүүчү канал (порттун акваториясы) аркылуу өтө ала турган максималдуу отуруусу;
29) порт - жанаша жайгашкан жана жабдылган акваториясы бар атайын бөлүнгөн аймакта жайгашкан, соода үчүн деңизде сүзүү, жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн иштетүү жана жүргүнчүлөрдү тейлөө максатында колдонулуучу кемелерди тейлөөгө арналган инженердик курулмалардын транспорттук комплекси. Порттор соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн кемелердин деңизден кирүү жана ачык деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар деңиз, ошондой эле дарыя жана көл порттору болушу мүмкүн;
30) порт бийликтери - чет өлкөлүк порттордун административдик-бийликтик жана аларга жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу тиешелүү администрациялары;
31) каттоо порту (таандык порту) - кеме белгиленген тартипте Кемелердин мамлекеттик реестринде катталган жана анын аталышы кеменин арткы жагына түшүрүлгөн шаар же башка жер;
32) жээк суулары - жээктеги мамлекеттин кургактыктагы аймагына же ички сууларына жанаша жайгашкан жана анын эгемендиги астында турган деңиз тилкеси (аймактык деңиз), анын туурасы эл аралык укуктун ченемдерине жана тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат;
33) кеменин менчик ээси - жеке менчик укугунун субъекти же жеке менчик укугу жөнүндө эрежелер колдонулуучу укуктарды кемеге карата жүзөгө ашыруучу жак;
34) куткаруучу - куткаруу операциясын жүзөгө ашыруучу жак;
35) куткаруу операциясы - кандай болбосун кеме жүрүүчү же башка сууларда коркунучта турган кемеге, ошондой эле кандай болбосун башка мүлккө (анын ичинде жүккө, багажга, почтага жана фрахтка) жардам берүү үчүн жасалган кандай болбосун аракет же иш, анын ичинде айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу боюнча чаралар;
36) сталия убактысы - ташуучу фрахтка кошумча төлөмдөрсүз кемени жүктөө же түшүрүү үчүн берген жана кармап турган убакыт аралыгы;
37) кеме - соода үчүн деңизде сүзүү үчүн, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка максаттар үчүн пайдаланууга арналган өзү жүрүүчү же өзү жүрбөгөн калкуучу курулма;
38) кеме жүрүшү (фарватер) - кемелердин кыймылы үчүн арналган жана жеринде жана картада белгиленген суу жолундагы суу мейкиндиги;
39) кеме ээси - кеменин менчик ээси же аны башка мыйзамдуу негизде пайдаланган жак экендигине карабастан, кемени өзүнүн атынан эксплуатациялаган жак;
40) суброгация - келтирилген чыгым үчүн жооптуу болгон жакка карата камсыздандырылуучунун (же пайда табуучунун) талап кылуу укугунун камсыздандыруу төлөмүн төлөгөн камсыздандыруучуга өтүшү;
41) техникалык көзөмөл - классификациялык коом тарабынан чыгарылган, кемелерди классификациялоо эрежелерине, кемелерди эксплуатациялоо процессинде аларга техникалык байкоо жүргүзүү жана деңизде коопсуз сүзүү, кеме экипажына диплом берүү жана квалификация ыйгаруу жана кемеден айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоо жаатындагы улуттук жана эл аралык белгиленген талаптарга ылайыктуулугун күбөлөндүрүү эрежелерине ылайык бул коом тарабынан жүргүзүлүүчү, кеменин, анын корпустук конструкцияларынын, механизмдеринин, жабдууларынын, жабдыктарынын, материалдарынын жана буюмдарынын техникалык абалын күбөлөндүрүү, контролдоо жана текшерүү боюнча чаралардын комплекси;
42) соода үчүн деңизде сүзүү - жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн ташуу, деңиз круиздери, балык уулоо жана башка деңиз өндүрүштөрү, минералдык ресурстарды чалгындоо жана иштеп чыгуу, сүйрөө, куткаруу операциялары, чөгүп кеткен мүлктү көтөрүп чыгаруу, гидротехникалык, суу астындагы-техникалык жана башка ушул сыяктуу жумуштар, яхтинг үчүн, ошондой эле башка, анын ичинде илимий, спорттук жана маданий максаттар үчүн кемелерди пайдалануу менен байланышкан иш;
43) иш жүзүндөгү ташуучу - ташуучу деңиз аркылуу ташууну же анын бир бөлүгүн жүзөгө ашырууну тапшырган жак же деңиз аркылуу ташууну же анын бир бөлүгүн жүзөгө ашыруу ага тапшырылган башка жак;
44) кеме экипажы - кемени башкаруу жана аны тейлөө, ошондой эле сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, кемеге жана анда жүргөн адамдарга, жүктөргө, багажга жана почта жөнөтмөлөрүнө зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча милдеттерди аткаруу белгиленген тартипте аларга тапшырылган, кеме экипажынын мүчөлөрүнүн тизмесине (кеме ролуна) киргизилген адамдар;
45) яхтинг - яхтаны башкаруу менен байланышкан, суу спортунун жана сууда жигердүү эс алуунун түрү. Яхтингдин төмөнкүдөй түрлөрү айырмаланат: парустуу, моторлуу жана парус менен мотордун айкалышындагы парустук-моторлуу.
3. Соода үчүн деңизде сүзүү Кыргыз Республикасы үчүн дүйнөлүк океанга бирдей жетүүнүн эл аралык укугунун бир бөлүгү катары ачык деңиз эркиндигин түздөн-түз пайдалануу болуп саналат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Кодекстин эрежелери жана жоболору, эгерде улуттук мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн деңиз кемелерине алар деңиз жолдору менен сүзгөн учурда колдонулат.
2. Ысык-Көлдүн акваториясындагы ички сүзүү кемелери үчүн ушул Кодекстин жоболору аларга тиешелүү бөлүгүндө колдонулат жана Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында мамлекеттик каттоого жана соода үчүн деңизде сүзүү максатында иштөөгө төмөнкүлөр үчүн жол берилбейт:
1) кандай болбосун өзөктүк кемелер;
2) кооптуу өзөктүк материалдарды жана жардыргыч заттарды ташууга арналган кемелер;
3) кандай болбосун аскердик кемелер жана аскердик-көмөкчү кемелер.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган коммерциялык эмес кемелер Кыргыз Республикасынын толук юрисдикциясында турат жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кармоого, камакка алууга жана соттук артынан түшүүгө каршы иммунитетти пайдаланат.
5-берене. Соода үчүн деңизде сүзүү укугу
1. Соода үчүн деңизде сүзүү менен кемелерге ээлик кылган, пайдаланган жана/же тескеген юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Кодексте белгиленген учурларда документтери, анын ичинде төмөнкүдөй документтери болгон учурда алектене алат:
1) кемеге болгон менчик укугун жана кемеге болгон башка мүлктүк укуктарды, ошондой эле алардын пайда болушун, өткөрүп берилишин жана токтотулушун тастыктаган;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун тастыктаган;
3) соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы келишимдер, анын ичинде жүктөрдү деңиз аркылуу ташуу келишимдери, деңизде сүйрөө келишимдери, кемени фрахттоо (чартер, бербоут-чартер) келишимдери, деңиз камсыздандыруу келишимдери, яхтинг жөнүндө келишимдер, коносамент жөнүндө келишимдер жана башкалар;
4) булгануудан улам келтирилген зыян үчүн, экипаждын мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян, деңизде адамдарды куткаруу боюнча ченемдерди бузуу, кеме экипажына диплом берүүнүн жана квалификация ыйгаруунун ченемдерин бузуу үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну же башка финансылык камсыздоону тастыктаган.
2. Министрлер Кабинети тарабынан ушул Кодекске ылайык, эгерде бул жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, мамлекеттер аралык макулдашууларга карама-каршы келбесе, деңиз аркылуу ташуулар, фрахт, бербоут-чартерлер, кемелерди куткаруу, кемелерге карата экологиялык талаптар жөнүндө, деңизде адам өмүрүн коргоо, кеме экипаждарына диплом берүү жана квалификация ыйгаруу, камсыздандыруу тууралуу, кеме ээсинин Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, Мамлекеттик (эл аралык) кеме реестри, мамлекеттик техникалык көзөмөл жөнүндө чечимдер жана соода үчүн деңизде сүзүү боюнча башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
3. Соода үчүн деңизде сүзүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, соода үчүн деңизде сүзүүнүн бардык катышуучулары үчүн деңизде сүзүүнүн коопсуздугуна, деңиз чөйрөсүн коргоого, ташуучулардын жана жүк ээлеринин укуктарына жана милдеттерине, деңизде кемелердин кагылышуусун алдын алуу эрежелерине, кеме экипаждарынын эмгегин коргоого жана деңизчилерге диплом берүү жана вахта өтөө боюнча талаптарга, эл аралык деңиз кемечилигин жеңилдетүү боюнча ченемдерге тиешелүү болгон бирдиктүү эрежелерди белгилөөчү эл аралык келишимдер жана мамлекеттер аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат.
6-берене. Соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мамлекеттик башкаруу
1. Соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мамлекеттик башкаруу (жөнгө салуу) деп соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү үчүн экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук шарттарды түзүү боюнча Министрлер Кабинети жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, төмөнкүлөрдү камтуучу иштер түшүнүлөт:
1) соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо жана ишке ашыруу;
2) соода үчүн деңизде сүзүү, деңиз портторун пайдалануу жана өнүктүрүү жаатындагы эл аралык келишимдерди жана мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү;
3) ушул Кодекстин 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык иштин түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын соода үчүн деңизде сүзүүсүн өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды чыгаруу.
2. Соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мамлекеттик башкаруу ушул Кодекске, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Соода үчүн деңизде сүзүүнү мамлекеттик башкаруунун толуктугу үчүн экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курамында ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо жана ушул Кодекстин 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык милдеттерди аткаруу үчүн ведомстволук бөлүмдөрү бар өз алдынча бирдик (башкармалык) катары Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын тутуму мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлөт.
4. Экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын деңиз администрациясынын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрлер Кабинети бекитет.
5. Кемелерге техникалык көзөмөл жүргүзүү жана аларды классификациялоо таанылган классификациялык коомдор тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул коомдор Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Эл аралык классификациялык коомдор ассоциациясынын (MAKO/IACS) мүчөлөрүнүн ичинен конкурстук негизде, андан кийин тандалып алынган талапкерлерди Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитүү менен тандалып алынат.
7-берене. Кемелерди мамлекеттик контролдоо жана техникалык көзөмөлдөө
1. Кыргыз Республикасында соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мамлекеттик контролдоо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт, ал төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышын контролдоо;
2) соода үчүн деңизде сүзүүнүн коопсуздугун, деңизде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону, деңиз чөйрөсүн коргоону жана сактоону камсыз кылуу;
3) кемелерди, курулуп жаткан кемелерди жана аларга болгон укуктарды мамлекеттик каттоо;
4) соода үчүн деңизде сүзүүнүн адистерине диплом берүүнү уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функциялар.
2. Кемелерди мамлекеттик контролдоо жана техникалык көзөмөлдөө экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын деңиз администрациясынын бөлүмдөрү (мындан ары - Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат. Кемелерди классификациялоо Министрлер Кабинетинин чечими менен ал үчүн ыйгарым укук берилген таанылган классификациялык коомдор тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы бул таанылган уюмдардын ишине мониторинг жүргүзөт.
3. Техникалык көзөмөлдөө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон төмөнкүдөй кемелерге карата жүргүзүлөт:
1) куюлма кемелерге, кооптуу же уулуу жүктөрдү ташууга арналган кемелерге, ошондой эле кадимки жүктү ташуучу кемелерге (балкерлер, контейнер ташуучулар, жалпы жүктөр);
2) жалпы сыйымдуулугу 100 бирдикке чейин жана андан ашык болгон, эл аралык каттамдарды аткарган соода кемелерине;
3) башкы кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу 55 кВт жана андан жогору болгон каботаждык же ички каттамдарды аткарган өзү жүрүүчү кемелерге;
4) дүң сыйымдуулугу 80 жана андан ашык бирдикти түзгөн өзү жүрбөгөн кемелерге, ошондой эле бардык сүйрөгүчтөргө.
4. Мамлекеттик көзөмөлдүн (контролдун) предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ишкердик субъекттеринин жана жеке жактардын ушул Кодексте жана соода үчүн деңизде сүзүүнүн коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарды сактоосу;
2) жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн деңиз транспорту менен ташуу боюнча иш;
3) сүйрөөлөрдү деңиз транспорту менен жүзөгө ашыруу боюнча иш;
4) балык уулоону жүзөгө ашырууда кемелердин сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш;
5) деңиз портторунда кооптуу жүктөр менен жүктөө-түшүрүү иши;
6) лоцмандык коштоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш;
7) кемелердин капитандарынын кемечиликтин коопсуздугунун жана деңиз портундагы тартиптин талаптарын сактоосу;
8) иштин тиешелүү түрлөрүнө карата лицензиялык талаптарды сактоо.
5. Кемелерди мамлекеттик контролдоонун жана техникалык көзөмөлдөөнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү, анын ичинде алгачкы, жылдык жана мезгилдүү күбөлөндүрүүнүн жол-жоболору, ошондой эле кеменин техникалык жактан даярдыгына, экологиялык талаптардын сакталышына, кеме экипаждарына диплом берүүгө жана квалификация ыйгарууга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жоболор менен белгиленет.
6. Классификациялык коомдор тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болбогон коммерциялык эмес кемелерди (яхталар, сейилдөө катерлери, илимий уюмдардын кемелери, өкмөттүк кемелер) мамлекеттик контролдоо жана техникалык көзөмөлдөө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Кемелерге аудит жана инспекция жүргүзүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) Кеме реестринде катталган кемелерге аудит жана инспекция жүргүзүү ушул Кодекстин талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин сакталышына мониторинг жүргүзүү максатында жүзөгө ашырылат. Аудит кеменин техникалык абалына, коопсуздукту башкаруу тутумуна, кемени коргоого, экологиялык талаптарга жана кеме экипаждарынын квалификациясына карата белгиленген мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт;
2) кемелерге аудит жана инспекция Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын жалпы координациясы астында жүргүзүлөт. Аларды жүргүзүүгө таанылган классификациялык коомдор, ушул Кодекстин 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык тандоодон өткөн, деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү улуттук эксперттер тартылышы мүмкүн;
3) кемелерге аудит жана инспекция жүргүзүүнүн тартиби, таризи жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле алардын жыйынтыктары боюнча отчеттуулуктун түрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
4) аудиттин жыйынтыгы боюнча бузуулар аныкталган учурда экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын жана ишке тартылган классификациялык коомдордун сунушу боюнча аларды жоюу боюнча чараларды, кеме документтерин токтотуп турууга же жокко чыгарууга чейинки чараларды көрөт.
8-берене. Деңиздеги аварияларды же инциденттерди иликтөө
1. Деңизде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кабылган аварияларды же инциденттерди иликтөө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аварияларды жана инциденттерди иликтөө боюнча ыйгарым укуктар тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө берилиши мүмкүн. Мында иликтөө таанылган классификациялык коомдордун жана жетиштүү тажрыйбага ээ болгон жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишимдик милдеттенмелер менен бекитилген, деңизде сүзүү боюнча улуттук эксперттердин милдеттүү техникалык коштоосунда жүргүзүлөт.
3. Деңиздеги аварияларды жана инциденттерди иликтөөнүн тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
9-берене. Соода үчүн деңизде сүзүүнү укуктук жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасында соода үчүн деңизде сүзүү ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2. Ушул Кодекске, башка мыйзамдарга, ченемдик актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде соода үчүн деңизде сүзүүгө тиешелүү болгон жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун алдында деңиз аркылуу ташууларга жана соода үчүн деңизде сүзүүгө катышкан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарууга милдеттүү болгон ченемдик документтерди иштеп чыгат жана бекитет.
3. Экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Министрлер Кабинети тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат:
1) тарифтерди жана жыйымдарды алуунун тартибин белгилөө;
2) деңиз ишинде милдеттүү камсыздандыруу, деңиздеги аварияларды же инциденттерди иликтөө;
3) деңиздеги өнөр жайлык балык уулоону, анын ичинде деңиз биологиялык ресурстарын алууга (уулоого) квоталарды алуунун тартибин жөнгө салуу;
4) соода үчүн деңизде сүзүүгө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, башка экономикалык маселелерди чечүү жана келишимдик негизде кесиптик уюмдарды тартуу;
5) Кеме реестрин жүргүзүү;
6) деңизчинин инсандык ырастамасын тариздөө, берүү жана колдонуу;
7) мунай өнүмдөрү менен булгоодон улам келтирилген зыян үчүн кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин камсыз кылуу жөнүндө күбөлүктү берүүнүн тартиби;
8) мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюу менен жээктеги мамлекеттердин деңиз портторунун дараметин изилдөө жана пайдаланууну талдоо.
Экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде ушул Кодекстин 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы бардык деңизде сүзүүчү субъекттер үчүн милдеттүү болгон техникалык талаптарды жана усулдук көрсөтмөлөрдү камтыган актыларды, деңиз кемелеринде кызмат өтөөнүн уставын жана балык уулоо кемелеринде кызмат өтөөнүн уставын чыгарат.
4. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон эл аралык талаптарды аткаруу боюнча техникалык жана оперативдүү мүнөздөгү актыларды (эрежелерди, нускамаларды, усулдук көрсөтмөлөрдү жана регламенттерди) чыгарат:
1) кемелердин техникалык абалына жана деңизде сүзүүгө жарактуулугуна;
2) деңизде сүзүүнүн коопсуздугуна жана кемелерди коргоого;
3) экипаж мүчөлөрүнүн кесиптик даярдыгына, аларга диплом берүүгө жана квалификация ыйгарууга, аларды мамлекеттик коммерциялык эмес кемелерге тандоо тартибине;
4) кемеге аталышын, чакыруу сигналын, спутниктик байланыш станциясынын идентификациялык номерин жана кеме радиостанциясынын тандалма чакыруу сигналынын номерин ыйгарууга;
5) деңиз чөйрөсүнүн булганышын алдын алууга жана башка маселелерге.
Кыргыз Республикасынын соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы кабыл алынган жана иштелип чыккан ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын адистештирилген расмий интернет-ресурсунда (сайтында) милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
5. Балык уулоо, жүргүнчүлөрдү ташуучу, спорттук жана сейилдөө кемелерин (яхталарды) эксплуатациялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Кодекске, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына (анын ичинде балык уулоо жөнүндө мыйзамдарга) ылайык иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10-берене. Кеме тарабынан зыян келтирилген учурда укукту колдонуу
Эгерде кеме ушул Кодекстин 241-беренесинин колдонулушуна туура келбеген зыянды келтирсе, чыгымдардын ордун толтуруу аймактык сууларында зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюу үчүн негиз болгон окуя же жагдай болгон мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт, эгерде зыян ачык деңизде келтирилсе, анын орду кеме анын туусу астында сүзгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык толтурулат.
11-берене. Чет өлкөлүк мыйзамдарды колдонуу
Ушул Кодексте кол коюу каралган келишимдерге чет өлкөлүк мыйзамдарды колдонуунун шарттарын жана соода үчүн деңизде сүзүү салттарын киргизүүгө тараптар ушул Кодекстин талаптарынан четтөөгө укуктуу болгон учурларда жол берилет.
12-берене. Эл аралык укуктун артыкчылыгы
Эгерде Кыргыз Республикасы тараптарынын бири болуп саналган эл аралык макулдашууларда, келишимдерде, конвенцияларда ушул Кодексте белгиленгенден башка ченемдер камтылса, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
13-берене. Мүлктүк талаш-тартыштарды кароо
1. Соода үчүн деңизде сүзүү менен байланышкан келишимдерди жана башка жарандык-укуктук мамилелерди ишке ашырууда келип чыгуучу мүлктүк талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунда же "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бейтарап соттордо (арбитражда) каралат.
2. Кемелерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында пайдаланган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар катышуучулары болуп саналган, соода үчүн деңизде сүзүүгө тиешелүү болгон мүлктүк талаш-тартыштар тараптардын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен чет өлкөлүк соттордун кароосуна берилиши мүмкүн.
14-берене. Эсептешүү бирдиги
1. Ушул Кодекстин жоболорунда эскертилген эсептешүү бирдиги Эл аралык валюта фондунун аныктамасы боюнча зайым алуунун атайын укуктарынын бирдиги болуп саналат.
2. Ушул Кодекстин жоопкерчиликтин чектерин белгилөөчү беренелеринде көрсөтүлгөн суммалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына төмөнкүлөргө карата кайра эсептелет:
1) круизди уюштуруучунун (ташуучунун) жоопкерчилигине карата - соттун чечими чыгарылган күнгө же тараптардын макулдашуусу менен белгиленген күнгө;
2) башка деңиз талаптары боюнча жоопкерчиликти чектөөгө карата (анын ичинде куткаруу жана жалпы авария) - чектөө фонду түзүлгөн күнгө, ал эми эгерде мындай фонд түзүлбөсө - төлөм жүргүзүлгөн күнгө.
3. Эсептешүү бирдигинин наркын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө Эл аралык валюта фонду тарабынан тиешелүү датага карата колдонулган котировкалоо усулуна ылайык жүргүзүлөт.
II БӨЛҮМ. КЕМЕ
2-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында соода үчүн деңизде сүзүү үчүн кемелер жөнүндө негизги жоболор
15-берене. Кеме түшүнүгү
1. Ушул Кодексте кеме деп ушул Кодекстин 1, 2-беренелерине ылайык соода үчүн деңизде сүзүүдө пайдаланылуучу кандай болбосун өзү жүрүүчү же өзү жүрбөгөн сүзүүчү курулма (сүзүүчү платформаларды кошпогондо) түшүнүлөт.
2. Ушул Кодексте сейилдөө кемеси деп андагы адамдардын жалпы саны 12ден, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн саны 12ден ашпоого тийиш болгон, коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылуучу жана деңиз жана башка суу мейкиндиктеринде эс алуу үчүн арналган кеме түшүнүлөт.
3. Ушул Кодекстин жоболору кеме курулгандан кийин ал сууга түшүрүлгөн учурдан тартып колдонулат.
16-берене. Балык уулоо кемеси түшүнүгү
1. Ушул Кодексте балык уулоо кемеси деп балык же суудагы биологиялык ресурстардын башка деңиз өндүрүшү үчүн пайдаланылуучу кандай болбосун соода кемеси түшүнүлөт.
2. Балык өндүрүшүнүн куралдары балык уулоо кемесинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Балык уулоо кемелерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү:
1) балык уулоо кемелерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында эксплуатациялоого байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Кодекс, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана мамлекеттер аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат;
2) эгерде Кодекстин беренесинин ушул бөлүгүндө башкача белгиленбесе, балык уулоо кемелерине карата ушул Кодекстин талаптары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Деңиз администрациясы балык уулоону жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, ошондой эле эмгек келишимдерин, эмгек акыны жана жумуш убактысын, экипаждардын коопсуздугун, гигиенасын жана бакубатчылыгын, экипажды комплекттөөнү, борттогу деңизчилердин квалификациясын жана кесиптик даярдыгын, тартиптик жана административдик укук бузууларын, балык уулоо кемелерин техникалык күбөлөндүрүүнү жана сертификаттоону, балык уулоо кемелерин курууну, балык уулоо кемелерин эксплуатациялоонун башка аспекттерин жөнгө салуучу ченемдерди иштеп чыгат, ал эми экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
17-берене. Кемеге менчиктин түрлөрү
Кыргыз Республикасынын кемелерине карата Кыргыз Республикасынын жарандык жана мүлктүк мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган алып коюулар менен менчиктин бардык түрлөрү колдонулат.
18-берене. Кемеге менчик укугу пайда болгон учур
1. Кемеге (кеменин бөлүгүнө) менчик укугу кеме Кеме реестринде катталган учурдан тартып пайда болот.
2. Курулуп жаткан кемеге менчик укугу ошол кеме Кемелер реестринин курулуп жаткан кемелер реестри бөлүмүндө катталган учурдан тартып пайда болот.
19-берене. Кеменин менчик ээси жана кеме ээси түшүнүктөрү
1. Ушул Кодексте кеменин менчик ээси деп менчик укугунун субъекти же ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын жарандык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кемеге менчик укугун жүзөгө ашырган жак түшүнүлөт.
2. Ушул Кодексте кеме ээси деп кеме Кеме реестринде катталган шартта ал кеменин менчик ээси болуп саналганына же аны башка мыйзамдуу негизде пайдалангандыгына карабастан, кемени өз атынан эксплуатациялоочу юридикалык же жеке жак түшүнүлөт.
20-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кемелеринин соттук иммунитети
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган, коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кемелер чет мамлекеттердин юрисдикцияларына каршы суверендүү иммунитетке ээ, эгерде бул кемелер мамлекеттик кызмат өтөө жана мамлекеттин милдеттерин аткаруу үчүн гана пайдаланылса, мындай кемелерге камак салынышы, кармалышы же өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын коммерциялык максаттарда пайдаланылуучу мамлекеттик кемелерине суверендүү иммунитет жайылтылбайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кемесинин катышуусунда ачык деңизде навигациялык окуялар болгон учурда тергөө жана соттук териштирүү боюнча өзгөчө юрисдикция Кыргыз Республикасынын сот органдарына жана деңиз администрациясына алардын ыйгарым укуктарына ылайык таандык болот.
21-берене. Кемеге менчик укугу жана башка реалдуу укуктар
1. Кемеге менчик укугу жана башка буюмдук укуктар, ошондой эле бул укуктардын пайда болушу, өзгөрүшү жана токтотулушу кеме анын туусу астында сүзгөн мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен аныкталат.
2. Эгерде кемени куруу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, курулуп жаткан кемеге укуктар кеме курууга кабыл алынган же курулуп жаткан мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен аныкталат.
22-берене. Кеменин менчик ээсинин укуктары
1. Менчик ээси өзүнүн кемесине карата мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай болбосун аракеттерди жасоого, анын ичинде кемеге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүгө, кемени башкарууга өткөрүп берүүгө, кемени сатууга же аны башка жол менен тескөөгө укуктуу.
2. Мамлекеттик менчикте турган кемени башка мамлекетке, чет өлкөлүк юридикалык же жеке жакка сатууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте уруксат берилет.
23-берене. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү
1. Кеменин менчик ээси кемени ишенимдүү башкаруу келишими боюнча аны ишенимдүү башкаруучуга беш жылдан ашпаган мөөнөткө менчик ээсинин кызыкчылыгында сый акыга кемени башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
Чарбалык карамакта же оперативдүү башкарууда турган кеме ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кемеге карата менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берилишине алып келбейт.
2. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кеме катталган Кеме реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3. Ишенимдүү башкаруучу болуп кемелерди башкаруу жана эксплуатациялоо жаатында компетенттүү болгон жеке ишкер же юридикалык жак болушу мүмкүн.
4. Кемени ишенимдүү башкаруу келишиминде мындай келишимдин тараптары, ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери, ошондой эле анын сый акысынын өлчөмү жана түрү көрсөтүлүүгө тийиш.
24-берене. Кемени идентификациялоо
1. Кеме менчик ээси тарабынан ыйгарылган аталышка ээ болууга тийиш.
2. Байланыш аппаратурасы менен жабдылган бардык кемелерге эл аралык чакыруу сигналы, ошондой эле техникалык жабдылгандыгынын деңгээлине жараша - спутниктик байланыш станциясынын идентификациялык номери жана/же кеме радиостанциясынын тандалма чакыруу сигналынын номери ыйгарылат.
3. Кемеге аталышын, чакыруу сигналын, спутниктик байланыш станциясынын идентификациялык номерин жана кеме радиостанциясынын тандалма чакыруу сигналынын номерин ыйгаруунун тартиби жана башка ченемдер экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик актылары менен белгиленет, ал эми документтерди берүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Кемени идентификациялоо боюнча бардык дайындар Кеме реестрине киргизилет.
25-берене. Сүзүүгө уруксат берүү
1. Сүзүүгө уруксат кеме болжолдонгон деңизде сүзүү районундагы деңизде сүзүүнүн коопсуздугунун, адам өмүрүн коргоонун талаптарын, экологиялык талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын канааттандыргандыгы, кеме экипажына диплом берилгендиги жана аттестациядан өткөндүгү, кеме ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле алардын негизинде кабыл алынган, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык Кеме реестринде мамлекеттик каттоонун бардык жол-жоболорунан өткөндүгү аныкталгандан кийин гана берилиши мүмкүн.
26-берене. Ички сүзүү кемелерине карата талаптар
1. Ушул Кодексте белгиленген, кемечиликтин коопсуздугун камсыз кылуу, кагылышууларды алдын алуу, деңизде адам өмүрүн коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптар, ошондой эле экипаж мүчөлөрүнө диплом берүү жана квалификация ыйгаруу жөнүндө ченемдер Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө эксплуатациялануучу ички сүзүү кемелерине бирдей өлчөмдө жайылтылат.
2. Ушул Кодексте белгиленген суу жолдоруна, порт курулмаларына, пристандарга, сүзүү эрежелерине, ошондой эле жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга карата талаптар ички сүзүү кемелерине карата колдонулат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жана Кыргыз Республикасында кемелерди мамлекеттик каттоо
27-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу Кеме реестринде катталган жана төмөнкүдөй кемелерге берилет:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган;
2) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын менчигинде турган;
3) чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын менчигинде турган;
4) бербоут-чартердин же лизинг жөнүндө келишимдин негизинде эксплуатациялануучу;
5) курулуп жаткан кемелерге.
28-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугунун пайда болушу
1. Башка мамлекетте сатып алынган же курулган кеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугуна Кеме реестрине тиешелүү жазуу киргизилген жана Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан бул укукту ырастоочу убактылуу күбөлүк берилген учурдан тартып ээ болот. Убактылуу күбөлүк туруктуу каттоо жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө жарактуу болот.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана деңизде сүзүү жаатындагы эл аралык келишимдерди бузуу үчүн жоопкерчиликти Кеме реестринде катталган кемелердин менчик ээлери (кеме ээлери) жана фрахттоочулар ушул Кодекстин жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартат.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун пайдаланган кеме мамлекеттин улуттуулугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасында кемелерди каттоо порту болуп Бишкек шаары саналат. Каттоо портунун "BISHKEK" деген аталышы каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлүүгө жана кеменин арткы бөлүгүндө кеменин аталышынын астына латын алфавитиндеги тамгалар менен жазылууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун ага укугу жок кемеде мыйзамсыз көтөрүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
29-берене. Кемелерди мамлекеттик каттоо
1. Ушул Кодекстин 4-беренесине ылайык каттоого тыюу салынган кемелерди кошпогондо, Кыргыз Республикасында деңиз кемелери Кеме реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
2. Ушул Кодекстин 7-беренесине ылайык аларды техникалык көзөмөлдөөнү таанылган классификациялык коомдор Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын координациялоосу менен жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер ушул Кодекстин 18-беренесинде көрсөтүлгөн Кеме реестринде катталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган же ал тарабынан эксплуатацияланган жана ал тарабынан мамлекеттик коммерциялык эмес максаттар үчүн гана пайдаланылган кемелер Кеме реестринде ушул Кодексте белгиленген эрежелерге ылайык катталат.
3. Кемелерди Кеме реестринде каттоо ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген коопсуздук талаптары жана стандарттары сакталган шартта кеменин менчик ээсинин жарандыгына (мамлекеттик таандыгына), ошондой эле капитандын жана экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгына карабастан жүзөгө ашырылат.
4. Кеме реестрин жүргүзүүнүн тартиби милдеттүү деңиз күбөлүктөрүнүн жана сертификаттарынын тизмеги менен Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
30-берене. Кемени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында убактылуу каттоо (бербоут-чартер)
1. Башка мамлекеттин реестринде катталган жана фрахттоочуга кемени экипажсыз ижаралоо келишими (бербоут-чартер) боюнча пайдаланууга жана ээлик кылууга берилген кеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу менен Кеме реестринде убактылуу катталышы мүмкүн.
2. Кемени убактылуу каттоого төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда уруксат берилет:
1) кемени фрахттоочу болуп Кыргыз Республикасынын юридикалык же жеке жагы же Кыргыз Республикасында расмий өкүлчүлүгү же филиалы бар, экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган чет өлкөлүк жак саналса;
2) кеменин менчик ээси жана күрөө кармоочулар (эгерде кеме күрөөдө болсо) тууну алмаштырууга жазуу жүзүндө макулдугун берсе;
3) кеменин негизги каттоо мамлекетинин компетенттүү органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астына убактылуу өтүүгө уруксат берсе жана ошол мамлекеттин туусу астында сүзүү укугунун бербоут-чартер мезгилинде токтотулуп тургандыгын тастыктаса.
3. Убактылуу каттоо бербоут-чартер келишиминин колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө, бирок кийин ушундай эле мөөнөткө узартуу укугу менен эки жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.
4. Убактылуу каттоо мезгилинин ичинде кемеге жана анын экипажына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат. Кемени оордотуучу күрөө (ипотека) жөнүндө бардык жазуулар негизги каттоо мамлекетинин реестринде сакталат жана Кеме реестрине которулбайт.
5. Убактылуу каттоодо Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында убактылуу сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктү берет. Бул күбөлүктө кемеге менчик укугу катталган чет өлкөлүк реестрдин аталышы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
6. Фрахттоочу бербоут-чартер келишиминдеги кандай болбосун өзгөрүүлөр же аны мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына дароо билдирүүгө милдеттүү.
31-берене. Каттоонун шарттары
1. Кеме бир гана Кеме реестринде катталууга тийиш.
2. Кеме реестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) кеменин иреттик каттоо номери, ИМО номери (IMO Number) жана мамлекеттик каттоо датасы;
2) кеменин аталышы (учурдагы жана мурдагы), кеме мурда катталган деңиз порту (жер);
3) кеме мамлекеттик катталган деңиз портунун (жердин) аталышы;
4) эгерде бар болсо, кеменин эл аралык чакыруу сигналы;
5) кеменин тиби жана багыты, анын сүзүү району;
6) классификациялык коомдун аталышы, кеменин коду, класс символу жана анын колдонуу мөөнөтү;
7) кеменин негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде сыйымдуулугу (жалпы жана таза), кеменин толук жүк көтөрүмдүүлүгү жана негизги өлчөмдөрү;
8) кеменин менчик ээсинин (ээлеринин) фамилиясы, өзүнүн аты, атасынын аты, жашаган жери жана жарандыгы же аталышы жана жайгашкан жери;
9) эгерде бир нече менчик ээлери болсо, ар бир менчик ээсинин жалпы үлүштүк менчиктеги үлүшү;
10) кемеге же кеменин бөлүгүнө менчик укугунун пайда болушунун негизи (сатып алуу-сатуу келишими, кемени куруу келишими жана башка негиздер);
11) эгерде кеме ээси кеменин менчик ээси болбосо, анын фамилиясы, өзүнүн аты, атасынын аты, жашаган жери же аталышы жана жайгашкан жери;
12) кеме ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген учурда анын фамилиясы, өзүнүн аты, атасынын аты, жашаган жери же аталышы жана жайгашкан жери;
13) кемени Кеме реестринен чыгаруунун негизи жана датасы.
Кемени экипажсыз ижаралоо келишиминин (бербоут-чартердин) же лизинг келишиминин негизинде эксплуатациялануучу чет өлкөлүк кемени, ошондой эле курулуп жаткан кемени же андагы үлүштү мамлекеттик каттоо үчүн ушул Кодекстин 29-беренесине ылайык бекитилген Кеме реестрин жүргүзүүнүн тартиби менен аныкталган тизмекке ылайык документтер берилет.
3. Ишкердик иштин субъекттерине же деңиз дооматтары боюнча жөнгө салынбаган милдеттенмелери бар же Эл аралык деңиз уюмунун (IMO) тобокелдик реестринде турган жеке жактарга таандык болгон жана алар тарабынан башкарылуучу кемелерди, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгаган учурлар боюнча белгиленген жана аткарылбаган милдеттенмелери бар кемелерди Кеме реестринде каттоого тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы Кеме реестринде катталган кемелерди алардын техникалык абалы, экипаждын социалдык шарттары жана эл аралык стандарттардын сакталышы бөлүгүндө контролдоону жүзөгө ашырат.
32-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүк
1. Кемени Кеме реестринде каттоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктү берүү менен ырасталат. Күбөлүк мөөнөтсүз же белгилүү бир мөөнөткө убактылуу берилет.
2. Мамлекеттик туунун астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы дайыма кеменин бортунда болууга тийиш.
33-берене. Кеме реестрлеринен чыгаруу
1. Кеме төмөнкүдөй учурларда Кеме реестринен чыгарылат, эгерде ал:
1) андан ары эксплуатациялоого жараксыз деп таанылса жана оңдоого мүмкүн болбосо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун жоготсо;
3) кыйраса же дайынсыз жоголсо;
4) эл аралык кемечилик үчүн жабык болгон эл аралык деңиз портторунун укуктук режимин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболорун, эл аралык резолюцияларды жана эл аралык чектөө чараларын бузууга жол берген.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын кемеси белгиленген тартипте Кеме реестринен чыгарылбаса, ал анын башка мамлекеттин Кеме реестринде катталгандыгы жөнүндө жазууну тааныбайт.
3. Чет мамлекеттин Кеме реестринде катталган кеме чет мамлекеттин кемелер реестринен чыгарылгандан кийин жана муну ырастоочу күбөлүк берилгенден кийин Кеме реестринде катталышы мүмкүн.
34-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун убактылуу жоготуу
Менчик ээси бербоут-чартердин негизинде Кыргыз Республикасынын кемесин башка мамлекеттин юридикалык же жеке жагына өткөрүп берген учурда бул кеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун төмөнкүдөй учурларда убактылуу жоготушу мүмкүн, эгерде:
1) башка мамлекеттин мыйзамдары тууну алмаштырууга тыюу салбаса;
2) менчик ээси кемени башка мамлекеттин туусу астына убактылуу которууга макул болсо;
3) кеменин катталган деңиз кеме ипотекаларынын күрөө кармоочулары аны башка мамлекеттин туусу астына убактылуу которууга макул болсо.
35-берене. Кеме реестрине киргизилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо
1. Кеме реестрине киргизилүүгө тийиш болгон маалыматтар өзгөргөн учурда кеменин менчик ээси же кемени бербоут-чартер боюнча фрахттоочу мындай өзгөрүүлөр келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кемени каттоону жүзөгө ашырган органга тастыктоочу документтерди тиркөө менен бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Кеме окуянын, реконструкциялоонун же башка олуттуу өзгөрүүнүн натыйжасында Кеме реестрине мурда киргизилген дайындарга дал келбей калган учурда ал кезексиз күбөлөндүрүүдөн өткөндөн жана жаңы классификациялык күбөлүк алгандан кийин ушул Кодекстин 29-31-беренелеринде белгиленген эрежелерге ылайык кайра катталууга тийиш.
36-берене. Кемени каттоо эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик
Кемени каттоодон баш тартуу, аны алдоо жолу менен каттоо же ушул Кодекстин 35 жана 40-беренелеринин талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
4-глава. Кеме документтери
37-берене. Негизги кеме документтери
1. Кеменин бортунда төмөнкүдөй негизги кеме документтери болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүк;
2) кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
3) кеменин сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (жүк ташуучу кеменин конструкция боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк);
4) жүргүнчүлөрдү ташуучу кеменин коопсуздугу жөнүндө күбөлүк (жүргүнчүлөрдү ташуучу кемелер үчүн);
5) жүк ташуучу кеменин жабдылышы боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
6) жүк ташуучу кеменин радио жабдуулары боюнча коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
7) классификациялык күбөлүк;
8) эл аралык өлчөө күбөлүгү (классификациялык коом тарабынан техникалык байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон кемелер үчүн);
9) кеменин жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк (суу үстүндөгү борттун эң төмөнкү бийиктиги жөнүндө);
10) кеме радиостанциясын эксплуатациялоого уруксат жана радиожурнал (кеме радиостанциясы бар болсо);
11) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн тизмеси (кеме ролу);
12) кемеде болгон жүргүнчүлөрдүн тизмеси;
13) кеме экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк;
14) кеме журналы;
15) машина журналы (механикалык кыймылдаткычы бар кемелер үчүн);
16) деңиздин булганышын алдын алуу боюнча операциялар журналы;
17) деңиздин мунайдан булганышын алдын алуу жөнүндө эл аралык күбөлүк;
18) деңиздин саркынды суулардан булганышын алдын алуу жөнүндө эл аралык күбөлүк;
19) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка кеме документтери.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кеме документтери кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук кеме документтерин жүргүзүүнүн, сактоонун жана верификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.
3. Кеме журналы ага акыркы жазуу киргизилген күндөн тартып беш жыл бою кемеде сакталат. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин кеме журналы кеме катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат. Бул орган кеме журналын кеминде 40 жыл сактоону камсыз кылат.
4. Кеме журналы анда камтылган маалыматты алууга мыйзамдуу укугу бар жактарга таанышуу жана көчүрмөлөрдү алуу үчүн берилет. Кеме сатылганда же ал Кеме реестринен чыгарылганда мындай укук менчик ээси алмашкан же кеме каттоодон чыгарылган учурга чейин журналга киргизилген жазууларга карата кызыкдар болгон жактарда сакталат.
5. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу кемелерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган бардык документтер кошумча түрдө болууга тийиш.
38-берене. Балык уулоочу кемелер үчүн документтер
Балык уулоочу кемелердин бортунда ушул Кодекстин 37-беренесинде саналып өткөн документтерден тышкары, балык уулоочу кеменин коопсуздугу жөнүндө эл аралык күбөлүк болууга тийиш. Ушул эреже төмөнкүлөр үчүн пайдаланылуучу кемелерге карата жайылтылбайт:
1) балыкты жана деңиздин башка биологиялык ресурстарын иштетүү жана ташуу;
2) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана окутуу;
3) спорт жана эс алуу.
39-берене. Кеме документтери боюнча өзгөчөлүктөр
1. Атайын мамлекеттик кызмат өтөгөн кемелер, ошондой эле спорттук кемелер үчүн эл аралык өлчөө күбөлүгүнүн болушу милдеттүү болуп саналбайт. Атайын мамлекеттик кызмат өтөгөн кеменин сыйымдуулугу тиешелүү ырастаманы берүү аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен аныкталышы мүмкүн.
2. Порттук жана жээк сууларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кемелерде, эгерде деңизде сүзүү коопсуздугун көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган тарабынан башкача каралбаса, машиналык жана санитардык журналдар жүргүзүлбөшү мүмкүн.
40-берене. Кеме документтерин берүү
1. Каттоо жөнүндө күбөлүк жана Кеме реестринде катталган кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет.
2. Сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк, жүргүнчү күбөлүгү, классификациялык күбөлүк, кеме экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк классификациялык коомдор тарабынан берилет жана ушул Кодекстин 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кеме реестринде каттоо үчүн таанылат.
3. Эл аралык конвенцияларда жана колдонмолордо белгиленген техникалык талаптарга ылайык келген кеме радио байланыш станцияларына уруксат телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилет.
4. Ушул Кодекстин 32-беренесинде жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кеме документтерин берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
41-берене. Кеме радио жабдуулары жана кеме радиостанциясына уруксат
1. Радио жабдуулары бар ар бир кеменин кеме радио байланыш станциясына уруксаты болууга милдеттүү.
2. Уруксат телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучу тарабынан кеме ээсинин арызынын негизинде берилет. Уруксатты берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында арыздарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кеме радиостанциясына уруксатты берүүдө кемеге төмөнкүдөй эл аралык идентификациялык дайындар ыйгарылат:
1) чакыруу сигналы (Call Sign);
2) деңиз көчмө кызматынын номери (MMSI);
3) эл аралык радио байланыштын регламентине ылайык башка коддор.
4. Кеме радиостанциясы жөнүндө маалыматтар эл аралык дайындар базасына киргизүү үчүн Эл аралык электр байланыш бирлигине (ITU) жөнөтүлөт.
5. Кемедеги деңиз радио байланыш станцияларына уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүнөн ашуусу мүмкүн эмес.
42-берене. Кеме документтеринин аныктыгы
Көчүрмөсү нотариалдык жактан ырасталууга, ал эми зарыл болгон учурларда - апостилдештирилүүгө тийиш болгон кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүктү кошпогондо, ушул Кодекстин 37-беренесинде көрсөтүлгөн документтер кемеде түп нускасында сакталууга тийиш.
43-берене. Кыргыз Республикасында каттоо үчүн чет өлкөлүк кемелердин документтерин таануу
1. Таанылган классификациялык коомдор тарабынан ушул Кодекстин 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык берилген сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, коопсуздук жөнүндө күбөлүктөр (конструкциясы жана жабдуулары боюнча), эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк жана кеме радиостанциясын эксплуатациялоого уруксат кемени Кеме реестрине каттоо үчүн негиз катары Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан кабыл алынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык Кеме реестринде мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлгөн кандай болбосун кемелер, кеменин деңизде сүзүү коопсуздугунун талаптарын канааттандырарына күмөн жаралган учурда тиешелүү документтеринин бар болушуна карабастан, техникалык көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кемелердей эле текшерүүгө алынышы мүмкүн.
5-глава. Кемени камакка алуу
44-берене. Камакка алууга ыйгарым укуктар
1. Ушул Кодексте кемени камакка алуу деп ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган деңиз талабын камсыз кылуу максатында деңиз портунда кемени кармоо же сүзүүсүн чектөө түшүнүлөт. Кемени камакка алуу күчүнө кирген сот актысын мажбурлап аткаруу чарасы болуп саналбайт.
2. Кемени камакка алууга деңиз талабы боюнча гана жол берилет.
3. Кыргыз Республикасында кемени камакка алуу жана аны камактан бошотуу Кыргыз Республикасынын сот органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
4. Деңиз линияларында, чет өлкөлүк деңиз портторунда кемени камакка алуу жана аны камактан бошотуу жээктеги мамлекеттин мыйзамдарына, анын ичинде сот органдарынын же деңиз портунун компетенттүү административдик органдарынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
45-берене. Деңиз талабы
1. Деңиз талабы деп кемеге менчик укугу же башка буюмдук укук менен байланышкан кандай болбосун талап, ошондой эле кемени эксплуатациялоодон келип чыгуучу башка талап, анын ичинде төмөнкүлөр таанылат:
1) кемени эксплуатациялоо мезгилинде мүлктүн жоголгондугунун же бузулгандыгынын натыйжасында зыян келтирүү;
2) кемени эксплуатациялоо менен түздөн-түз шартталган, деңизде же кургактыкта адамдардын каза болушу же ден соолугуна зыян келтирүү;
3) куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн сый акы же куткаруу жөнүндө келишим;
4) зыян келтирүү коркунучун четтетүү же четтетүүгө аракет кылуу, алдын алуу чараларын көрүү үчүн компенсация берүү жана башка суммаларды төлөө;
5) калдыкка айланган кемени же анын бортунда болгон жүктү кургактыкка көтөрүп чыгаруу, алып салуу же жок кылуу, ошондой эле мындан келип чыккан чыгашалар;
6) кемени пайдалануу же фрахттоо жөнүндө кандай болбосун келишим;
7) жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташуу жөнүндө кандай болбосун келишим;
8) ташуу учурунда же анын кесепетинен жүктүн, багаждын жоголгондугу же бузулгандыгы;
9) жалпы авария;
10) кемени лоцмандык коштоо;
11) кемени сүйрөө;
12) кемени эксплуатациялоо жана аны күтүү үчүн тамак-аш азыктарын, кеме материалдарын жана отундун камдыктарын, жабдууларды, контейнерлерди берүү;
13) кемени куруу, оңдоо, реконструкциялоо же кайра жабдуу;
14) кеме жүрүүчү суу жолдорунда төлөнүүчү порттук, каналдык, башка жыйымдар;
15) капитанга, экипаждын башка мүчөлөрүнө кеме бортунда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон эмгек акы, башка төлөмдөр, репатриациялоо боюнча чыгашалар жана аталган адамдардын атынан төлөнүүчү социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү;
16) дисбурсменттик чыгашалар (кеменин портто болуусу менен байланышкан чыгашалар, анын ичинде порттук жыйымдар, лоцмандардын, сүйрөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө, кемени токтотуу операцияларына акы төлөө, агенттик сый акы, кемеге портто же анын портко кирүүсүнө байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдар жана төлөмдөр);
17) кеменин менчик ээси же бербоут-чартер боюнча фрахттоочу тарабынан камсыздандыруу сый акысын, анын ичинде өз ара камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөө;
18) кеменин менчик ээси же бербоут-чартер боюнча фрахттоочу тарабынан кандай болбосун комиссиялык, брокердик же агенттик сый акы төлөө;
19) кемеге менчик укугу же ага ээлик кылуу укугу жөнүндө кандай болбосун талаш-тартыш;
20) кемени пайдалануу жана кирешени бөлүштүрүү боюнча анын эки же андан көп менчик ээлеринин ортосундагы кандай болбосун талаш-тартыш;
21) кеменин деңиз күрөөсү;
22) кемени сатып алуу-сатуу келишими менен шартталган кандай болбосун талаш-тартыш.
46-берене. Кемени камакка алуу үчүн негиздер
1. Деңиз талабы ага карата келип чыккан кеме төмөнкүдөй учурларда гана камакка алынышы мүмкүн, эгерде мындай талап:
1) ушул Кодекстин 283-беренесинде көрсөтүлгөн артыкчылыктуу талаптардын катарына кирсе;
2) кемеге катталган деңиз күрөөсү менен камсыздалган болсо;
3) кемеге менчик же ага ээлик кылуу укугу жөнүндө талаш-тартыш менен байланышкан болсо;
4) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарынын колдонулушуна туура келбесе, бирок:
- талап келип чыккан учурда кеме ага менчик укугунда таандык болгон жак бул талап боюнча жоопкерчилик тартат жана камак салынган учурда кеменин менчик ээси бойдон калат; же
- кемени бербоут-чартер боюнча фрахттоочу бул талап боюнча жоопкерчилик тартат жана камакка алуу менен байланышкан жол-жобо башталган учурда фрахттоочу бойдон калат же кеменин менчик ээси болуп калат.
2. Кандай болбосун башка кеме же кемелер, эгерде аларды камакка алуу менен байланышкан жол-жобо башталган учурда кеме же кемелер деңиз талабы боюнча жоопкерчилик тарткан жана талап келип чыккан учурда төмөнкүлөр болуп саналган жактын менчигинде турган болсо, камакка алынышы мүмкүн:
1) деңиз талабы келип чыккан кеменин менчик ээси болсо;
2) мындай кемени бербоут-чартер, тайм-чартер же рейстик чартер боюнча фрахттоочу болсо.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген эреже кемеге менчик укугу же ага ээлик кылуу укугу менен байланышкан талапка карата колдонулбайт.
47-берене. Кемени камактан бошотуу
1. Кеме алгылыктуу түрдө жетиштүү болгон камсыздоо берилген учурда соттун чечиминин негизинде камактан бошотулат.
2. Тараптардын макулдугу жок болгон учурда камсыздоонун түрү жана өлчөмү сот тарабынан белгиленет. Мында камсыздоонун өлчөмү кеменин наркынан ашпоого тийиш.
3. Камсыздоону берүүгө байланыштуу кемени камактан бошотуу жөнүндө кандай болбосун арыз жоопкерчиликти таануу, коргоо каражаттарынан же жоопкерчиликти чектөө укугунан баш тартуу дегенди билдирбейт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык камсыздоону берген жак кайсы убакта болбосун сотко камсыздоонун өлчөмүн азайтуу, түрүн өзгөртүү же камсыздоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
48-берене. Кийинки камакка алуу
1. Кеме ошол эле деңиз талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда (ал камактан бошотулган же ал үчүн камсыздоо берилген болсо да) кайра камакка алынышы мүмкүн, эгерде:
1) берилген камсыздоонун өлчөмү жетишсиз болсо (камсыздоонун жалпы өлчөмү кеменин наркынан ашпаган шартта);
2) камсыздоону берген жак өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарууга жөндөмсүз болсо;
3) кеме төмөнкүлөрдүн натыйжасында камактан бошотулган же талап боюнча берилген камсыздоо жокко чыгарылган болсо:
- талап койгон жактын арызы же макулдугу боюнча, буга негиздер болгон учурда;
- арыз ээси зарыл чараларды көрүү аркылуу кемени камактан бошотууга тоскоол боло албагандыктан.
2. Эгерде кеме камактан бошотулган болсо же аны камакка алууну болтурбоо үчүн камсыздоо берилген болсо, ошол эле деңиз талабынын негизинде камакка алынышы мүмкүн болгон кандай болбосун башка кеме (бир типтүү кеме) камакка алынууга тийиш, эгерде:
1) бул талап боюнча алынган камсыздоонун өлчөмү жетишсиз болсо;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулса.
3. Ушул берененин жоболору кеме мыйзамсыз камактан бошотулган учурда колдонулбайт.
49-берене. Камакка алынган кеменин менчик ээсинин же фрахттоочунун кызыкчылыктарын коргоо
1. Кемеге анын талабы боюнча камак салынган жак кеменин менчик ээсине же анын бербоут-чартер боюнча фрахттоочуга кемени негизсиз камакка алуунун же ашыкча камсыздоону берүү жөнүндө талаптын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Сот кемеге камак салуу жөнүндө же камактын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө талап койгон жакты кемени негизсиз камакка алуунун же ашыкча камсыздоону берүүнү талап кылуунун натыйжасында кандай болбосун чыгымдар келип чыккан учурга карата сот тарабынан аныкталган өлчөмдө жана шарттарда утурлама камсыздоо берүүгө милдеттендирүүгө укуктуу.
3. Тараптардын талаш-тартыштарды арбитражга берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуусу болгон учурда кемени негизсиз камакка алуу үчүн жоопкерчилик, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруунун өлчөмү жана түрү жөнүндө маселелер арбитраж тарабынан каралышы мүмкүн. Арбитраждын чечими акыркы болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
50-берене. Мамлекеттик кемелер
1. Ушул главанын (кемени камакка алуу) жоболору мамлекеттин менчигинде турган жана ал тарабынан коммерциялык максаттарда эксплуатациялануучу кемелерге карата колдонулат.
2. Мындай кемелерге ушул Кодексте каралган деңиз талаптарына карата соттук иммунитет жайылтылбайт.
51-берене. Деңиз арбитражы
1. Соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү үчүн Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө мыйзамдарга ылайык деңиз арбитражы түзүлүшү мүмкүн.
2. Деңиз арбитражын түзүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинетинин сунушунун негизинде кабыл алынат.
3. Деңиз арбитражынын ишинин тартиби, териштирүүсүнүн эрежелери жана арбитрлеринин статусу Кыргыз Республикасынын бейтарап соттор жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген анын регламенти менен аныкталат.
4. Деңиз укугу, соода үчүн деңизде сүзүү жана чектеш тармактар жаатында зарыл болгон атайын билими бар адамдар деңиз арбитражынын арбитрлери боло алат.
III БӨЛҮМ. КЕМЕ ЭКИПАЖЫ
6-глава. Кеме экипажы жөнүндө негизги жоболор
52-берене. Экипаждын курамы
1. Кеме экипажы командалык курамды жана кеме командасын камтыйт.
2. Командалык курамга капитан, анын жардамчылары, кеме механиктери, электромеханиктер, радиоадистер, кеме врачы кирет. Кеме ээси командалык курамга башка адистерди да киргизе алат.
3. Кеме командасы кеме экипажынын кеменин командалык курамына кирбеген мүчөлөрүнөн турат.
53-берене. Экипаждын минималдуу курамы
1. Ар бир кеменин бортунда мүчөлөрү тиешелүү квалификацияга ээ болгон жана курамы төмөнкүлөр үчүн жетиштүү санда болгон экипажы болууга тийиш:
1) сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу, деңиз чөйрөсүн коргоо;
2) кеменин бортунда жумуш убактысын сактоо талаптарын аткаруу;
3) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн ашыкча жумуш жүктөмүнө жол бербөө.
2. Кеменин деңизге чыгуусу үчүн кеме экипажынын минималдуу жол берилген курамы тибине, багытына жана сүзүү районуна жараша Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет жана экипаждын минималдуу коопсуз курамы жөнүндө күбөлүк түрүндө мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде таризделет.
3. Бортто экипаждын минималдуу коопсуз курамы жөнүндө күбөлүктүн болушу милдеттүү болуп саналат. Бул документ кеменин сүзүү коопсуздугуна кепилдик берген сандагы жана квалификациядагы персонал менен комплекттелгендигин тастыктайт.
54-берене. Экипаждын укуктук абалы
1. Кеме экипажынын мүчөлөрүнүн укуктук статусу жана кемени эксплуатациялоо менен байланышкан алардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Экипаж мүчөлөрү менен кеме ээсинин ортосундагы эмгек мамилелери, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк жаран менен келишимде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
55-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн квалификациясына карата талаптар
1. Кеме экипажынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлөөгө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилген же таанылган тиешелүү дипломдору жана квалификациялык күбөлүктөрү (сертификаттары) бар адамдарга жол берилет.
2. Экипаж мүчөлөрүн аттестациялоонун, квалификациялык документтерди берүүнүн тартиби, ошондой эле чет мамлекеттер тарабынан берилген дипломдорду таануунун шарттары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы берилген жана таанылган квалификациялык документтердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин, анын ичинде электрондук түрдө жүргүзүүнү камсыз кылат жана кызыкдар жактарга мындай документтердин аныктыгы жөнүндө маалымат берет.
4. Диплом (квалификациялык күбөлүк) соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда административдик тартипте алып коюлушу же жокко чыгарылышы, анын колдонулушу токтотулуп турушу мүмкүн.
56-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалына карата талаптар
Кемеде иштөөгө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык алардын кемеде иштөөгө жарактуулугун тастыктаган ден соолугунун абалы жөнүндө күбөлүгү бар адамдарга жол берилет.
57-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кеменин экипажынын мүчөлөрү болуп кандай болбосун мамлекеттин жарандары боло алат.
2. Кыргыз Республикасынын жараны гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттарда (мамлекеттик кызматтын) пайдаланылуучу кеменин капитаны боло алат.
3. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кемелеринде чет өлкөлүк жаранды капитан катары дайындоого жол берилет. Мындай дайындоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле мындай адамдардын квалификациясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аныкталат.
4. Экипаждын курамына кирген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык алардын квалификациясын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан таанылган кесиптик дипломдору жана күбөлүктөрү болууга тийиш.
58-берене. Кемедеги эмгек мамилелери
1. Кеме экипажынын мүчөлөрүн ишке кабыл алуунун жана бошотуунун тартиби, алардын укуктары жана милдеттери, кемедеги эмгек шарттары жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, анын ичинде ушул Кодекс, деңиз кемелеринде кызмат өтөө эрежелери, кемелерде кызмат өтөөнүн уставы, жамааттык жана жеке эмгек келишимдери (контракттар) менен аныкталат.
2. Деңиз кемелеринде кызмат өтөөнүн уставы жана балык уулоо кемелеринде кызмат өтөөнүн уставы Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан иштелип чыгат жана экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.
59-берене. Деңизчинин инсандык ырастамасы
Деңизчинин инсандык ырастамасын тариздөө, берүү жана колдонуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарын эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
60-берене. Кеме ээсинин милдеттери
1. Кеме ээси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кемедеги коопсуз эмгек шарттарын;
2) экипаж мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоону;
3) азык-түлүк жана ичүүчү суу менен камсыздоону;
4) кемеде куткаруу каражаттарынын болушун;
5) тиешелүү кызматтык, турак жай-тиричилик жана башка жайлардын болушун;
6) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кемени, жүктөрдү камсыздандырууну жана камсыздандыруунун башка түрлөрүн.
2. Кеме ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кеме экипажынын мүчөлөрү эмгектик милдеттерин аткарганда алардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууга;
2) кеме экипажынын мүчөлөрүнүн эмгек акысын жана аларга тиешелүү болгон башка суммаларды, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларды камсыздандырууга.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган камсыздоонун минималдуу ченемдери жана кеме ээсинин милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
61-берене. Экипаж мүчөлөрүн репатриациялоо
1. Кеме ээси экипаж мүчөлөрүн төмөнкүдөй учурларда өзүнүн эсебинен репатриациялоону камсыз кылууга милдеттүү:
1) эмгек келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) эмгек келишими кеме ээсинин демилгеси боюнча бузулганда;
3) кеме ээси кеменин банкрот болушунун, сатылышынын же кеме катталган мамлекеттин өзгөрүшүнүн натыйжасында кеменин экипаж мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же болбосо жамааттык же жеке эмгек келишиминде (контрактта) каралган өз милдеттерин аткара албай калган учурда;
4) кеменин экипаж мүчөсүнүн кемеден тышкары дарылоону талап кылган ооруга чалдыгуусу же жаракат алуусу;
5) кеме кыйраганда (кеме кырсыгында).
2. Экипаж мүчөсү жамааттык же жеке эмгек келишиминде (контрактта) көрсөтүлгөн портко, ал эми мындай көрсөтмө жок болсо - ал ишке кабыл алынган деңиз портуна репатриацияланат.
3. Кеме ээси экипаж мүчөсүн репатриациялоону уюштурууну жүзөгө ашырат жана ага эмгек акысын жана тийиштүү жөлөкпулдарды төлөө, жол киреси, жашоосу, тамактануусу, 30 килограммга чейинки багажын ташуу, деңизчини ташууга жарактуу абалга чейин дарылоо менен байланышкан чыгашаларды көтөрөт. Кеме ээси чыгашаларды жабуу үчүн жарактуу финансылык камсыздоого (камсыздандыруу полисине же банк кепилдигине) ээ болууга да милдеттүү.
4. Эгерде кеменин экипаж мүчөсүн репатриациялоого алып келген себептер кеменин экипаж мүчөсү эмгек милдеттерин аткарган учурда анын күнөөсү боюнча келип чыкса, кеме ээси эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдык ченемдик актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык жамааттык жана жеке эмгек келишиминде (контрактта) каралган учурларда жана тартипте репатриациялоого кеткен чыгашалардын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
62-берене. Экипаж мүчөлөрүнүн жеке мүлкү
1. Экипаж мүчөлөрү кемеде жеке пайдалануудагы мүлкүн ташууга укуктуу.
2. Деңиз окуясынын кесепетинен экипаж мүчөлөрүнүн жеке мүлкү кыйраган же бузулган учурда, кеме ээси келтирилген зыяндын ордун мындай түрдөгү жана сапаттагы буюмдардын колдонуудагы бааларынын негизинде толтурууга милдеттүү.
Кеме окуясына күнөөлүү болгон экипаж мүчөлөрүнүн жеке мүлкүнүн наркынын орду толтурулбайт.
7-глава. Кеме капитаны
63-берене. Капитандын милдеттери
1. Капитанга кемеге командачылык кылуу жана башкаруу, сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, деңиз чөйрөсүнүн булганышын алдын алуу, кемеде тартипти кармоо жана кемени, андагы адамдарды жана жүктү кандай болбосун мүмкүн болуучу зыяндардан коргоо жүктөлөт.
2. Кеменин муктаждыктары, жүк же сүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоодо, ошондой эле ага ишенип берилген мүлккө тиешелүү доолорду коюуда капитан өзүнүн кызматтык абалына байланыштуу, эгерде жеринде алардын башка өкүлдөрү жок болсо, кеме ээсинин жана жүк ээлеринин өкүлү болуп саналат.
3. Ташылуучу жүктүн же болбосо багаждын же почта жөнөтмөлөрүнүн зыянга учурагандыгына, бузулгандыгына же жоголгондугуна, адамдардын жаракат алышына алып келген деңиз окуясы болгон учурда, ошондой эле алардын кесепетинен кеме ээсине доо коюлушу мүмкүн болгон башка учурларда капитан окуяны эл аралык деңиз практикасында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте документтик тариздөөнү камсыз кылууга, ошондой эле зарыл болгон алдын ала териштирүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
64-берене. Кеме кыйроосунда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча милдеттер
1. Капитан, эгерде кемеге, экипажга жана жүргүнчүлөргө бул олуттуу тобокелдик жаратпаса, төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) деңизде табылган, өлүм коркунучунда турган кайсы болбосун адамга жардам көрсөтүүгө;
2) кырсык сигналдарын күнү-түнү кабыл алууну уюштурууга, кырсык сигналы алынган учурда коркунучта турган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн кемени окуя болгон жерге максималдуу ылдамдыкта багыттоого.
2. Капитан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
3. Капитандын кырсыктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча милдети бул адамдар табылган кеме кайсы мамлекеттин туусунун астында болгондугуна жана алар кандай жарандыкка ээ болушуна карабастан сакталат.
4. Кеме ээсинин деңизде адамдарды издөөнү жана куткарууну камсыз кылуу менен байланышкан милдеттерди бузуусу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
65-берене. Кемелер кагылышканда жардам берүү боюнча милдеттер
1. Кагылышкан кемелердин капитандарынын ар бири, эгерде аны жүргүнчүлөр, экипаж жана кеме үчүн олуттуу тобокелдиксиз жасоого мүмкүн болсо, башка кемеге, анын жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Кагылышкан кемелердин капитандары мүмкүн болушунча бири-бирине өзүнүн кемесинин аталышын, анын чакыруу сигналын жана идентификациялык номерин, ошондой эле жөнөтүү, таандык, бара турган портторду же кеме кире турган жакынкы портту билдирүүгө милдеттүү.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн капитан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жоопкерчиликти тартат.
4. Кеме ээси капитандын ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
66-берене. Кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгондогу милдеттер
Эгерде экипаж мүчөсү же жүргүнчү кеме деңизде жүргөндө көрсөтүүгө мүмкүн болбогон кечиктирилгис медициналык жардамга муктаж болсо, капитан кеме ээсине жана порттун администрациясына бул тууралуу кабарлоо менен кемени жакынкы портко алып келүүгө милдеттүү.
67-берене. Кемени басып алуу коркунучу болгон учурда капитандын милдеттери
Согуш коркунучу же каракчылык аракеттери болгон учурда капитан адамдарды куткаруу жана кемени, ошондой эле андагы документтерди, жүктү жана башка мүлктү басып алууга жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
68-берене. Капитандын ок атуучу куралды алып жүрүү укугу
1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык максаттарда колдонулбаган мамлекеттик кемелеринин капитандары Кыргыз Республикасынын курал жөнүндө мыйзамдарына ылайык жарандык куралды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында катталган соода үчүн деңизде сүзгөн кемелердин капитандары ок атуучу куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга укугу жок.
69-берене. Кеменин кыйроо коркунучу болгон учурда капитандын аракеттери
1. Эгерде капитандын пикири боюнча кемеге сөзсүз кыйроо коркунучу жаралса, жүргүнчүлөрдү сактап калууга багытталган бардык чаралар көрүлгөндөн кийин ал экипажга кемени таштап кетүүгө уруксат берет. Капитан кеме жана машина журналдарын, радио байланыш журналын, рейстин карталарын, документтерди, башка материалдык баалуулуктарды жана кассадагы накталай акчаларды куткаруу үчүн анын колунан келгендин баарын жасоо менен кемени акыркы болуп таштап кетет.
2. Кеме кыйраган учурда капитан ал жеткирилген жерге карабастан, экипажга карата ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин сактап калат.
70-берене. Кемеде тартипти сактоо
1. Капитандын өз ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктары кемедеги бардык адамдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Капитандын мыйзамдуу буйруктары аткарылбаган учурда ал кемеде тартипти камсыз кылууга багытталган зарыл чараларды көрүүгө укуктуу.
2. Капитан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана кемелерде кызмат өтөөнүн уставдарында каралган тартипте экипаждын мүчөлөрүнө карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүүнү да колдонууга укуктуу.
3. Капитан анын аракеттери кеменин, андагы адамдардын же мүлктүн коопсуздугуна коркунуч келтирген адамды кеме жакынкы портко келгенге чейин өзүнчө жайда обочолонтууга укуктуу, бул жөнүндө себебин, убактысын жана жагдайларын көрсөтүү менен кеме журналына жазууну киргизүүгө милдеттүү.
4. Ушул беренеге ылайык капитан тарабынан көрүлүүчү чаралар негиздүү жана кеменин, адамдардын жана мүлктүн коопсуздугуна коркунучтун деңгээлине өлчөмдөш болууга тийиш. Капитан кемедеги тартипти сактоо боюнча ал тарабынан көрүлгөн чаралардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн кемедеги кызмат өтөөнүн уставына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
71-берене. Экипаж мүчөлөрүн ишке кабыл алууда капитандын макулдугу
1. Кеме экипажынын бир дагы мүчөсүн капитандын макулдугусуз ишке алуу мүмкүн эмес.
2. Капитандын кеме ээси жиберген адамды экипаждын курамына кабыл алуудан баш тартуусу негиздүү болууга тийиш. Мындай баш тартуу жазуу жүзүндө таризделет жана кеме ээсине жана ишке кабыл алуудан баш тартылган адамга берилет.
72-берене. Кеменин бортунда кылмыш жасалган учурда капитандын ыйгарым укуктары
1. Сүзүп бараткан кемеде кылмыштын белгилерин камтыган жосун жасалган учурда капитан эл аралык укуктун ченемдерин, кемечиликтин эл аралык деңиз практикасын, ушул Кодексти, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын жана тиешелүү нускамаларды жетекчиликке алуу менен алдын ала тергөөчүнүн аракеттерин аткарат.
2. Капитан кылмыш түрүндө жазалануучу жосунду жасоого шектелип жаткан адамды жакынкы кирүү портундагы компетенттүү органдарга өткөрүп бергенге чейин кармоого же аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы башка кемеде Кыргыз Республикасына жиберүүгө укуктуу.
3. Кеме чет өлкөлүк портто болгон учурда анда кылмыш жасалган учурда капитан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.
73-берене. Кеме капитаны кеме ээсинин жана жүк ээсинин өкүлү катары
Кеме капитаны өзүнүн кызматтык абалынан улам кеменин, жүктүн же сүзүүнүн муктаждыктарына байланыштуу зарыл болгон бүтүмдөргө, ошондой эле кеме капитанына ишенип берилген мүлккө тиешелүү доолорго карата, эгерде кеме ээсинин же жүк ээсинин башка өкүлдөрү жок болсо, кеме ээсинин жана жүк ээсинин өкүлү деп таанылат.
74-берене. Баланын туулгандыгынын фактысын ырастоо
1. Эгерде рейс учурунда кемеде бала төрөлсө, капитан эки күбөнүн жана кеме врачынын катышуусунда акт түзүүгө жана кеме журналына тиешелүү жазууну киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына билдирүүгө милдеттүү.
2. Капитан тарабынан түзүлгөн акт баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн компетенттүү органга берилет.
75-берене. Керээзди жана каза болуу фактысын ырастоо
1. Адамдардын кемеде сүзүү мезгилинде жасалган керээздери кеме капитаны тарабынан ырасталат жана нотариалдык жактан ырасталгандарга теңештирилет.
2. Кемеде кимдир бирөө каза болгон учурда капитан төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каза болгондугу жөнүндө актыны эки күбөнүн жана алар бар болсо, врачтын же фельдшердин катышуусунда түзүүгө;
2) кеме журналына жазууну киргизүүгө;
3) актыга каза болгондун мүлкүнүн тизмесин тиркөөгө;
4) туугандарына же компетенттүү органдарга өткөрүп берилгенге чейин мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
3. Кеме капитаны маркумдун сөөгүн сактоо жана мекенине жөнөтүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Мындай мүмкүнчүлүк болбосо, ал сөөк коюуну кеме жакынкы деңиз портуна киргенде уюштурат.
4. Өзгөчө учурда, эгерде кеме узак убакыт бою ачык деңизде болууга тийиш болсо жана каза болгон адамдын сөөгүн сактоого мүмкүн болбосо, капитан бул жөнүндө акт түзүү жана кеме журналына тиешелүү жазууну киргизүү, сөөк деңизге берилген жердин географиялык координаттарын белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына милдеттүү түрдө билдирүү менен деңиз салтына ылайык сөөктү деңизге берүүгө укуктуу.
76-берене. Кеме капитанынын жоопкерчилиги
Ушул Кодексте көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кеме капитаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
77-берене. Мамлекеттин менчигинде турган кеменин капитанынын укуктары
1. Мамлекеттик менчикте турган жана коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кеменин капитаны кеме анын туусу астында деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттин толук иммунитетине ээ болот.
2. Мамлекеттик менчикте турган жана коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кеменин капитаны Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын, мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин ушул Кодекстин 3-беренесине ылайык колдонууга укуктуу.
IV БӨЛҮМ. ДЕҢИЗ ПОРТТОРУ ЖӨНҮНДӨ
8-глава. Деңиз портунун укуктук статусу жана функциялары
78-берене. Деңиз порту жана алардын классификациясы
1. Ушул Кодекстин максаттары үчүн деңиз порттору деп төмөнкүлөр таанылат:
1) чет өлкөлүк деңиз порттору - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында соода үчүн деңизде сүзгөн кемелер пайдаланылуучу, жээктеги мамлекеттердин порттору;
2) Кыргыз Республикасынын деңиз порттору (терминалдары) - Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын менчигинде же пайдалануусунда (ижарасында) турган чет өлкөлүк порттордогу инфратүзүм объекттери;
3) ички порттор жана пристандар - Кыргыз Республикасынын аймагындагы (Ысык-Көл акваториясындагы) ички сүзүү кемелерин тейлөөгө арналган объекттер.
2. Эгерде жүргөн мамлекеттин мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк деңиз портторунда турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелерде ушул Кодекстин ченемдери колдонулат. Кеме капитаны жүргөн мамлекеттин деңиз портунун эрежелерин жана мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3. Жээктеги чет өлкөлүк мамлекеттерде Кыргыз Республикасы сатып алган же ижарага алган деңиз портторунун (терминалдардын) укуктук статусу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамы менен жөнгө салынат.
4. Чет өлкөлүк кемелердин кирүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө деңиз портунун (терминалынын) ачылышы жөнүндө Министрлер Кабинети тарабынан расмий билдирүү белгиленген эл аралык тартипте жасалат.
5. Кыргыз Республикасынын ички портторунун, пристандарынын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу органы жана деңиз администрациясы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында жүргөн кемелер чет өлкөлүк порттордо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелери аркылуу Кыргыз Республикасынын коргоосунда жана колдоосунда болот.
79-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү деңиз терминалынын (портунун) капитаны
1. Чет мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын менчигинде же пайдалануусунда турган деңиз терминалдарында (портторунда) мамлекеттин функцияларын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы деңиз терминалынын (портунун) капитанын дайындайт.
2. Деңиз терминалынын (портунун) капитаны ушул Кодекстин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иштейт. Деңиз терминалынын (портунун) капитанынын иши жөнүндө жобо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3. Деңиз терминалынын (портунун) капитанынын негизги функцияларына жана ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелердин деңизде сүзүү коопсуздугунун талаптарын жана экологиялык ченемдерди сактоосун контролдоо жана көзөмөлдөө;
2) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде кеме документтерин текшерүү жана кемелердин терминалга келүүсүн жана алардын кетүүсүн тариздөө;
3) кемелердин швартталышы, навигациясы жана коопсуздугу маселелери боюнча чет өлкөлүк деңиз портунун администрациясы менен өз аракеттенүү;
4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелердин капитандарынын кызыкчылыктарын коргоо, жүргөн деңиз портунун бийликтери менен административдик жана укуктук маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү;
5) терминалдын (порттун) аймагында же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер менен болгон авариялык окуяларды иликтөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.
4. Деңиз терминалынын капитанынын коопсуздук жана ушул Кодекстин ченемдерин сактоо маселелери боюнча тескемелери терминалдын жоопкерчилик чөлкөмүндө турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы бардык кемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, деңиз терминалынын капитаны жээктеги мамлекеттин акваториясындагы навигациялык коопсуздук маселелеринде чет өлкөлүк порттун капитанын алмаштырбайт. Терминалдын капитанынын функциялары туу таандык болгон мамлекеттин стандарттарын сактоо бөлүгүндө ишке ашырылат жана жээктеги мамлекеттин эгемендүүлүгүн бузбайт.
80-берене. Кемелердин чет өлкөнүн деңиз портторунда болуусунун режими
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер чет өлкөлүк деңиз портторуна киргенде, токтоп турганда жана алардан чыкканда деңиз портунун мамлекетинин мыйзамдарын, анын ичинде навигациялык коопсуздук, милдеттүү лоцмандык коштоо, сүйрөө эрежелерин, ошондой эле санитардык, бажылык жана башка эрежелерди сактоого милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер эл аралык деңиз укугунун жалпы таанылган принциптерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин деңиз портторуна бирдей жетүү укугун жана ал жерлерде бирдей тейленүү шарттарын пайдаланат.
3. Кыргыз Республикасынын туусу астындагы кемелерге карата чет өлкөлүк порттордогу кандай болбосун чектөөлөр же басмырлоочу чаралар Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык дипломатиялык каналдар аркылуу даттанылышы мүмкүн.
9-глава. Лоцмандык кызмат жана кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматы
81-берене. Лоцмандык коштоо жана кемелердин кыймылын жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер милдеттүү лоцмандык коштоо райондорунда, деңиз портторуна кирүү жерлеринде жана алардын акваторияларында, ошондой эле эл аралык кысыктарда жана каналдарда сүзүүдө жээктеги мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык лоцмандардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга милдеттүү.
2. Лоцмандык коштоо милдеттүү болбогон райондордо, эгерде кеме капитаны кеменин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл деп эсептесе, лоцманды бортко алууга укуктуу.
3. Кеменин бортунда лоцмандын болушу капитанды кемени башкаруу жоопкерчилигинен бошотпойт.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кыймылды бөлүштүрүү жана кеменин кыймылын жөнгө салуу тутумунун эрежелерин сактоого милдеттүү.
82-берене. Капитандын лоцмандык коштоодогу милдеттери
1. Лоцманды бортко кабыл алууда кеме капитаны төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) анын кемеге коопсуз түшүүсүн жана чыгуусун камсыз кылууга;
2) коштоо учурунда лоцманга кеменин эсебинен бөлмө жана тамак-аш берүүгө;
3) лоцмандык квитанцияда камтылган, кеменин отурушу, узундугу жана башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө дайындарды лоцманга көрсөтүүгө.
2. Кеме капитаны лоцмандын аракеттеринин тууралыгынан күмөн санаган учурда, аны коштоодон четтетүүгө укуктуу. Милдеттүү лоцмандык коштоо райондорунда капитан мүмкүн болушунча башка лоцманды чакырууга тийиш.
3. Лоцманды кеме анын районунун чегинен тышкары алып кеткен учурда кеме ээси анын кайтуусу боюнча чыгашаларды жана кечигүүдөн келип чыккан чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.
4. Лоцмандын күнөөсүнөн келип чыккан деңиз кырсыгы үчүн жоопкерчилик анын портунда инцидент болгон мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.
83-берене. Кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматтары
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматтарынын жээктеги чөлкөмдөрүндө сүзүп жүргөндө алардын эрежелерин, ошондой эле кемелердин кыймылын бөлүү тутумдарынын эрежелерин сактоого жана операторлордун сууда сүзүүнүн коопсуздугу боюнча командаларын аткарууга милдеттүү.
2. Кеме капитаны жээк чөлкөмдөрүндө кемелердин кыймылын жөнгө салуу кызматынын буйруктарын аткаруусуна карабастан, кемени башкаруу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
3. Кеме ээси жана кеме капитаны пландаштырылган сүзүү районундагы лоцмандык коштоо жана радиолокациялык тейлөө чөлкөмдөрү жөнүндө актуалдуу навигациялык маалымат менен кемени өз алдынча камсыз кылууга милдеттүү.
10-глава. Деңиз агенттөөсү
84-берене. Деңиз агенттөөсү
1. Деңиз агенттөө келишими боюнча деңиз агенти сый акыга кеме ээсинин же башка ишеним берүүчүнүн атынан жана эсебинен портто же анын аймагынан тышкары юридикалык жана башка аракеттерди жасоого милдеттенет.
2. Деңиз агенти, эгерде келишимдин эки тарабы (кеме ээси жана фрахттоочу/жүк ээси) ага ыйгарым укук беришсе, алардын пайдасына иштей алат.
3. Кемелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүп жүргөн кеме ээлери эл аралык практикага жана ушул Кодекске ылайык дүйнөнүн кандай болбосун портторунда деңиз агенттеринин кызматтарын пайдаланууга укуктуу.
85-берене. Тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Деңиз агенти төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ак ниеттүүлүк менен жана ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгында гана иштөөгө;
2) кеменин кирүүсү жана чыгуусу боюнча формалдуулуктарды аткарууга, жүк документтерин тариздөөгө, кеме ээсинин тапшырмасы боюнча порт жыйымдарын төлөөгө;
3) ишеним берүүчүнүн макулдугусуз өзүнүн ыйгарым укуктарын субагентке өткөрүп бербөөгө.
2. Кеме ээси (ишеним берүүчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) порттун кызмат көрсөтүүлөрүнө жана кеменин портто болуусу менен байланышкан башка чыгашаларга акы төлөө үчүн агентти акча каражаттары (дисбурсменттик аванстар) менен өз убагында камсыз кылууга;
2) агентке негиздүү чыгашалардын ордун толтурууга жана сый акы төлөөгө;
3) агенттин өз ыйгарым укуктарынын чегинде жасаган аракеттеринин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартууга.
3. Эгерде ишеним берүүчү агенттин ыйгарым укуктарын чектесе, бирок бул тууралуу үчүнчү жактарга билдирбесе, агенттин ак ниеттүү үчүнчү жактар менен бүтүмдөрү ишеним берүүчү үчүн күчүндө калат.
11-глава. Чөгүп кеткен мүлк
86-берене. Колдонуу чөйрөсү жана чөгүп кеткен мүлктү аныктоо
1. Ушул главанын жоболору Кеме реестринде катталган чөгүп кеткен кеменин мүлкүн көтөрүп чыгарууда, алып салууда же жок кылууда колдонулат.
2. Чөгүп кеткен мүлк деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында кыйроого учураган кемелер, алардын сыныктары, жүктөрү жана чет мамлекеттин аймактык деңизинин чегиндеги же ачык деңиздеги башка объекттер түшүнүлөт.
3. Чөгүп кеткен кеменин кеме ээси аны көтөрүп чыгаруу, алып салуу же жок кылуу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу менен байланышкан кандай болбосун чыгашалар үчүн толук жоопкерчилик тартат.
4. Кемени Кыргыз Республикасынын кеме реестринде каттоого чөгүп кеткен мүлктү алып салуунун толук наркын жабуучу колдонуудагы камсыздандыруу полиси болгондо гана жол берилет.
87-берене. Чөгүп кеткен мүлктү көтөрүп чыгаруунун тартиби
1. Эгерде кеме чет мамлекеттин аймактык деңизинде же өзгөчө экономикалык чөлкөмүндө чөгүп кетсе, менчик ээси ошол мамлекеттин бийлигинин талаптарына жана 2007-жылдагы Чөккөн кемелерди алып салуу боюнча Найроби эл аралык конвенциясынын ченемдерине ылайык иш жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Ачык деңизде чөгүп кеткен мүлк деңизде сүзүүнүн коопсуздугуна же экологияга коркунуч жараткан учурда Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы анын ээсине аны алып салуу үчүн мөөнөт белгилөөгө укуктуу.
3. Эгерде менчик ээси мүлктү белгиленген мөөнөттө алып салбаса же анын ким экендиги аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы мүлктү менчик ээсинин эсебинен көтөрүп чыгарууну уюштурууга укуктуу. Көтөрүп чыгарууга кеткен чыгашалар кемени Кеме реестринде каттоодо таризделүүчү кеме ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун эсебинен жабылат (2007-жылдагы Найроби конвенциясына ылайык).
4. Ачык деңизде суудан кокусунан көтөрүп чыгарылган, Кыргыз Республикасынын туусу астында сүзүп жүргөн кемелерге таандык болгон мүлк көтөрүп чыгарууну жүзөгө ашырган жакка чыгашалардын орду толтурулган шартта менчик ээсине кайтарылууга тийиш.
5. Жетиштүү негиздер болгон айрым учурларда (экологияга коркунуч жаралганда, кеме жүрүшүнүн жолдору бөгөттөлгөндө) аймагында кеме чөгүп кеткен мамлекеттик көзөмөлдүн порт инспекциясы чөгүп кеткен мүлктү менчик ээсине өзүнүн каражаттары же өзү тандаган кемени көтөрүп чыгаруучу ишкананын каражаттары менен көтөрүп чыгарууну жүзөгө ашыруусунан баш тартууга укуктуу. Мындай учурларда чөгүп кеткен мүлктү анын ээсинин эсебинен көтөрүп чыгарууну порт инспекциясы уюштурат.
6. Эгерде чөгүп кеткен мүлктүн менчик ээси мындай мүлктү көтөрүп чыгаруу ниети жөнүндө билдирүү жасабаса же болбосо ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө жана ушул Кодекстин 86-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө аны көтөрүп чыгарууну жүзөгө ашырбаса, ал бул мүлккө менчик укугунан ажырайт.
V БӨЛҮМ. ДЕҢИЗ АРКЫЛУУ ТАШУУ
12-глава. Деңиз аркылуу ташуулардын жалпы жоболору
88-берене. Жүктөрдү деңиз аркылуу ташууну уюштуруу
1. Деңиз аркылуу ташуулардын укуктук режими ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет. Деңиз аркылуу ташуулар чөйрөсүндөгү мамилелер соода үчүн деңизде сүзүү эркиндиги, кемечиликтин коопсуздугу жана деңиз чөйрөсүн коргоо принциптерине негизденет.
2. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу кемелер тарабынан ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташуу келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында жүзөгө ашырылат.
3. Кеме ээлери, эгерде бул коопсуздук талаптарына жана кеменин классынын шарттарына карама-каршы келбесе, сүзүү райондорун, жүктөрдүн түрлөрүн жана ташууларды уюштуруунун түрлөрүн (линиялык же трамптык) тандоодо эркин.
4. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында Кеме реестринде катталган кеме ээлери үчүн Министрлер Кабинетинин чечими менен жеңилдиктер жана артыкчылыктар белгилениши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ташуунун ушул Кодексте каралгандан башка эрежелери белгиленген учурда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
89-берене. Ташууларга тыюу салуу жана чектөө
1. Мамлекеттин коопсуздугуна, адамдардын өмүрүнө коркунуч же эпидемиялардын жайылуу тобокелдиги жаралган же болбосо карантин киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы жүктөрдү белгилүү бир багыттарда ташууга кабыл алууну убактылуу чектөөгө же тыюу салууга укуктуу.
2. Кеме капитаны жана кеме ээси Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына бул жөнүндө билдирүү менен жээктеги мамлекеттердин портторду жабуу же кемечиликти чектөө тууралуу талаптарын дароо аткарууга милдеттүү.
90-берене. Эл аралык деңиз аркылуу ташуулар
1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында башка мамлекеттердин деңиз портторунун ортосунда жүктөрдү эл аралык деңиз аркылуу ташуулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер тарабынан да, чет өлкөлүк кемелер тарабынан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астындагы кемелер эл аралык укуктун ченемдерин жана кирүүчү деңиз портторунун эрежелерин сактоо менен чет мамлекеттердин портторунун ортосунда ташууларды (кросс-трейд) жүргүзүүгө укуктуу.
3. Эгерде конкреттүү юрисдикцияларда катталган деңиз линияларынын милдеттүү эрежелеринде башкача каралбаса, ташуунун шарттары, анын ичинде наркы (фрахт) жана мөөнөттөрү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
13-глава. Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишими
91-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим түшүнүгү жана түрлөрү
1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимге ылайык ташуучу каттам башталганга чейин жана анын башында кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүү үчүн тийиштүү кам көрүүгө, жөнөтүүчү берген же бере турган жүктү бара турган портко жеткирүүгө жана аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу болгон жакка (алуучуга) өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү же фрахттоочу жүктү ташуу үчүн шартталган акыны (фрахтты) төлөөгө милдеттенет.
2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим төмөнкүдөй түзүлүшү мүмкүн:
1) ташуу үчүн кемени бүтүндөй, анын бир бөлүгүн же кеменин белгилүү бир жайларын (чартер) берүү шарты менен;
2) кемени же анын бөлүгүн берүүсүз (коносаменттин же башка ташуу документинин негизинде ташуу).
3. Фрахттоочу болуп ташуучу менен кемени фрахттоо келишимин (чартер) түзгөн жак саналат.
4. Жөнөтүүчү болуп ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда аталган жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимди түзгөн жак, ошондой эле жүктү ташуучуга өз атынан тапшырган кандай болбосун башка жак саналат.
92-берене. Келишим түзүлгөндүгүнүн далили
Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделет. Мындай келишимдин бар болушу жана мазмуну чартер, коносамент же башка документтер менен тастыкталышы мүмкүн.
93-берене. Чартер менен коносаменттин катышы
1. Ташуучу менен ташуу жөнүндө келишимдин тараптарынын бири болбогон жүк алуучунун ортосундагы мамилелер коносамент менен аныкталат. Эгерде коносаментте аларга шилтеме камтылган болсо, чартердин шарттары жүк алуучу үчүн милдеттүү.
2. Жүк ташуучу менен фрахттоочунун ортосундагы мамилелерге карата, эгерде алар чартердин шарттарына карама-каршы келбесе, коносамент шарттары колдонулат.
94-берене. Чартердин мазмуну
1. Чартерде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) тараптардын аталышы;
2) фрахттын өлчөмү;
3) кеменин аталышы;
4) жүктүн теги жана түрү;
5) жүктөө жери;
6) жүктүн бара турган жери же кеменин жүрүү багыты;
7) сталия убактысы жана демередж.
Тараптардын макулдашуусу боюнча чартерге башка шарттар да, ошондой эле эскертүүлөр киргизилиши мүмкүн.
2. Чартерге жүк ташуучу жана фрахттоочу же алардын өкүлдөрү кол коюшат.
95-берене. Жүктү кабыл алууну тастыктоочу документтер
1. Жүктү ташууга кабыл алгандан кийин жөнөтүүчүнүн талабы боюнча ташуучу ага коносамент берет, ал жүктү кабыл алууну тастыктоочу документ болуп саналат.
2. Коносамент жөнөтүүчү кол койгон документтин негизинде түзүлөт, анда ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-8-пункттарында көрсөтүлгөн дайындар камтылууга тийиш.
3. Жөнөтүүчү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документте анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон бардык кесепеттер үчүн ташуучунун алдында жооп берет.
4. Жөнөтүүчү ташуучудан коносаменттин ордуна деңиз коштомо кагазын же ташуу үчүн жүктү алгандыгын тастыктоочу башка документти берүүнү талап кылууга укуктуу.
96-берене. Коносаменттин реквизиттери
1. Коносаментте төмөнкүдөй дайындар милдеттүү түрдө берилет:
1) кеменин аталышы, эгерде жүк белгилүү бир кемеде ташууга кабыл алынса;
2) ташуучунун аталышы жана анын жайгашкан жери;
3) жүктү кабыл алуу же жүктөө жери жана датасы;
4) жөнөтүүчүнүн аталышы жана анын жайгашкан жери;
5) жүктүн бара турган жери, ал эми чартер бар болгондо - кеменин бара турган жери же жүрүү багыты;
6) жүктү алуучунун аталышы (энчилүү коносамент) же коносамент "жөнөтүүчүнүн буйругу" боюнча же "алуучунун буйругу" боюнча (ордердик коносамент) берилгендиги жөнүндө көрсөтмө же коносамент көрсөтүүчүгө берилгендиги жөнүндө көрсөтмө (көрсөтүүчүгө коносамент);
7) жүктүн теги жана түрү, андагы болгон маркалар, орундардын же предметтердин саны, жүктүн массасы же анын башкача белгиленген саны, ал эми тиешелүү учурларда - жүктүн сырткы көрүнүшү, абалы жана өзгөчө касиеттери, таралоо жана таңгактоо жөнүндө дайындар (бул дайындардын бардыгы жөнөтүүчү тарабынан берилген түрдө көрсөтүлөт);
8) фрахттын жана ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон башка төлөмдөрдүн өлчөмү же фрахт чартердин же башка документтин шарттарына ылайык төлөнүүгө тийиш экендигине же фрахт толугу менен киргизилгендигине көрсөтмө;
9) коносаменттин чыгарылган күнү, убактысы жана жери;
10) коносаменттин нускаларынын (түп нускаларынын) саны;
11) ташуучунун же ишеним каттын негизинде анын атынан аракеттенген адамдын кол тамгасы.
2. Эгерде жүктү куюп, үйүп же төгүп ташууга кабыл алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган дайындар текшерилбесе, ташуучу коносаментке тиешелүү эскертүүнү киргизүүгө укуктуу. Ушундай эле эскертүү жүк ташуучу тарабынан жүктөрдүн башка түрлөрүн ташууда да жасалышы мүмкүн.
3. Тараптардын макулдашуусу боюнча коносаментке башка шарттар жана эскертүүлөр да киргизилиши мүмкүн.
97-берене. Коносамент нускаларынын саны
1. Жүктү жөнөтүүчүнүн каалоосу боюнча ташуучу ага коносаменттин бир нече нускаларын (түп нускаларын) түзүлгөн нускалардын санын алардын ар биринде көрсөтүү менен бере алат.
2. Жүк нускалардын бири боюнча берилгенден кийин коносаменттин калган нускалары күчүн жоготот.
98-берене. Коносаментти өткөрүп берүү
Коносамент төмөнкүдөй эрежелерди сактоо менен берилет:
1) энчилүү - карыздык талапты өткөрүп берүү үчүн белгиленген эрежелерге ылайык энчилүү өткөрүп берүү жазуулары боюнча же башка түрдө;
2) ордердик - энчилүү же бланктык өткөрүп берүү жазуулары боюнча;
3) көрсөтүүчүгө - тапшыруу аркылуу.
99-берене. Жүктү тескөө укугу
1. Жөнөтүүчү жүктү ал алуучуга берилгенге же мындай укук алуучуга же үчүнчү жакка өткөрүп берилгенге чейин мындай өткөрүп берүү жөнүндө ташуучуга билдирүү менен тескөөгө укуктуу.
2. Коносаменттин бардык нускалары көрсөтүлгөн же жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимден баш тартуу жөнүндө ушул Кодекстин жоболору тийиштүү камсыз кылынган жана сакталган шартта жөнөтүүчү жүктүн аны жөнөтүү жеринде кеме кеткенге чейин кайтарып берилишин, жүктүн аралык портто берилишин же жүктүн коносаментте көрсөтүлгөн жактан башка жакка берилишин талап кылууга укуктуу. Ушундай эле укук жүктү жөнөтүүчүгө берилген коносаменттин бардык көчүрмөлөрүнүн мыйзамдуу ээсине да таандык.
100-берене. Жүктү таралоо, таңгактоо жана маркалоо
1. Ташуу жана кайра жүктөө учурунда алардын толук сакталышын камсыз кылуу үчүн таралоону жана таңгактоону талап кылган жүктөр ташуу үчүн стандарттарга же техникалык шарттарга жооп берген бүтүн идиштерде жана таңгактарда берилиши керек. Аталган талаптар жөнөтүүчү тарабынан берилүүчү контейнерлерге да тиешелүү.
2. Жөнөтүүчү жүктү тийиштүү түрдө маркалоого жана ташуучуга ал жөнүндө зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Эгерде жүк өзгөчө мамилени талап кылса, жөнөтүүчү ташуучуну жүктүн касиеттери жана аны менен иштөө тартиби жөнүндө маалымдоого тийиш.
101-берене. Жүктүн документтери
Жөнөтүүчү жүктүн порт, бажы, санитардык жана башка административдик талаптарга ылайык бардык документтерин ташуучуга өз убагында берүүгө тийиш жана ал документтерди өз убагында бербегендигинен же туура эмес таризделгендигинен улам келтирилген чыгымдар үчүн ташуучунун алдында жооп берет.
102-берене. Кеменин деңизге сүзүүгө жарактуулугу
1. Ташуучу рейс башталганга чейин кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүүгө - анын сүзүүгө техникалык жактан жарактуулугун камсыз кылууга, зарыл болгон бардык нерселер менен тийиштүү түрдө жабдууга, экипажды комплекттөөгө, трюмдарды жана жүк ташылуучу башка жайларды жүктү талаптагыдай кабыл алууну, ташууну жана сакталышын камсыз кылуучу абалга келтирүүгө милдеттүү.
2. Ташуучу, эгерде ал талаптагыдай кам көргөн учурда табылышы мүмкүн болбогон жашыруун кемчиликтер менен шартталгандыгын далилдесе, кеменин деңизде сүзүүгө жараксыз абалы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3. Тараптардын ушул берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келген жүктү ташуу жөнүндө макулдашуусу жараксыз.
103-берене. Транспорт кемесин алмаштыруу
Эгерде жүк белгилүү бир кеме менен ташылууга тийиш болсо, жүктөө башталгандан кийин пайда болгон техникалык зарылдык боюнча кайра жүктөө учурларын кошпогондо, ал жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана башка кемеге жүктөлүшү мүмкүн.
104-берене. Жүктөө боюнча чыгашалар
Жөнөтүүчү же фрахттоочу жүктү өз эсебинен кеменин бортуна жайгаштырат. Жүктү кемеге жүктөө жана жайгаштыруу боюнча чыгашаларды ташуучу көтөрөт.
105-берене. Жүктү кемеге жайгаштыруу
1. Жүк капитандын кароосу боюнча кемеге жайгаштырылат, бирок палубада ташууга колдонуудагы эрежелер жана ченемдер жол берген жүктөрдү кошпогондо, жөнөтүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз палубага коюуга болбойт.
2. Жүк ташуучу кеменин бортунда жүктү туура жайгаштыруу, бекитүү жана бөлүү үчүн жоопкерчилик тартат. Ташуучунун жүктү жайгаштырууга, бекитүүгө жана бөлүүгө тиешелүү көрсөтмөлөрү жүк жумуштарын жүргүзгөн уюмдар жана адамдар үчүн милдеттүү.
106-берене. Кеме жүктөөгө даяр экендиги жөнүндө билдирүү
1. Эгерде жүк чартердин негизинде ташылса, ташуучу кемени келишимде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда фрахттоочу келишимден баш тартууга жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
2. Жүктү чартер боюнча ташууда ташуучу фрахттоочуга же жөнөтүүчүгө, эгерде ал фрахттоочу тарабынан келишимде көрсөтүлсө, кеме жүктөөгө даяр экендиги же белгилүү бир убакытта даяр боло тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү кеме жүктөө портунда же ошол порт үчүн кадимки күтүү жеринде болгондо гана берилиши мүмкүн.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган билдирүү берилүүчү күндү жана саатты тараптар макулдашуу боюнча, ал эми мындай макулдашуу жок болгон учурда - жүктөө портунда кабыл алынган тартипте аныкташат.
4. Эгерде кеме ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытка чейин жүктү кабыл алууга даяр эмес болсо, мындай билдирүү берилген жок деп эсептелет жана ташуучу фрахттоочуга ушуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
107-берене. Сталия убактысы
1. Сталия убактысы - ташуучу кемени фрахттоочуга берген жана аны жүктөө астында кармап турган жана ал тараптардын макулдашуусу менен аныкталуучу, ал эми мындай макулдашуу жок болгон учурда - жүктөө портунда кабыл алынган ченемдер менен аныкталуучу мөөнөт.
2. Сталия убактысы кеме жүктөөгө даяр экендиги жөнүндө билдирүү берилгенден кийинки күндөн баштап жумуш күндөрү, сааттары жана мүнөттөрү менен эсептелет. Сталия убактысына ташуучуга көз каранды себептер боюнча же болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн болбогон өзгөчө жагдайлардын, же жүктүн сакталышына коркунуч жараткан, же болбосо коопсуз жүктөөгө тоскоолдук кылган гидрометеорологиялык шарттардын натыйжасында жүктөө жүргүзүлбөгөн убакыт киргизилбейт. Фрахттоочуга көз каранды болгон жагдайларга байланыштуу жүктөө жүргүзүлбөгөн убакыт сталия убактысына кошулат.
3. Эгерде жүктөө сталия убактысы башталганга чейин башталса, анда иш жүзүндө ага жумшалган убакыт сталия убактысына кошуп эсептелет.
4. Тараптардын макулдашуусу боюнча фрахттоочуга сталия убактысы аяктаганга чейин жүктөөнү аяктагандыгы үчүн сый акы (диспач) белгилениши мүмкүн. Мындай макулдашуу жок болгон учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, диспачтын өлчөмү жөнөкөй кеме үчүн акынын жарымын түзөт.
108-берене. Контрсталия убактысы
1. Сталия убактысы аяктагандан кийин тараптар күтүү үчүн кошумча убакытты - контрсталия убактысын жана контрсталия убактысында кеменин токтоп турганы үчүн ташуучуга төлөнүүчү акынын өлчөмүн (демередж) белгилеши мүмкүн.
2. Контрсталия убактысы сталия убактысы аяктагандан баштап календардык күндөр, сааттар жана мүнөттөр менен эсептелет. Контрсталия убактысына жекшемби күндөрү жана расмий белгиленген майрам күндөрү, портто жумуш эмес деп жарыяланган убакыт, ошондой эле болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн болбогон, жүктүн сакталышына коркунуч жараткан же коопсуз жүктөөгө тоскоол болгон өзгөчө кырдаалдардан же гидрометеорологиялык шарттардан улам келип чыккан жүктөөдөгү тыныгууларга кеткен убакыт киргизилет. Ташуучуга көз каранды себептер боюнча жүктөө жүргүзүлбөгөн убакыт контрсталия убактысына кошулбайт.
3. Тараптардын макулдашуусу жок болгон учурда контрсталия убактысынын узактыгы жана демередждин өлчөмү тиешелүү портто белгиленген мөөнөттөргө жана ставкаларга ылайык аныкталат. Эгерде мындай ставкалар белгиленбесе, демередждин өлчөмү кемени жана экипажды күтүү боюнча чыгашалардын негизинде аныкталат.
109-берене. Контрсталия убактысы аяктагандан кийин ташуучунун кемени рейске жөнөтүү укугу
1. Ташуучу контрсталия убактысы аяктагандан кийин, бүтүндөй жүк ага көз каранды болбогон себептерден улам жүктөлбөсө да кемени сүзүүгө жиберүүгө укуктуу. Мында ташуучу толук фрахтты алуу укугун сактап калат.
2. Жүк ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилген учурда ташуучу, эгерде тараптар бул жөнүндө шартташкан болсо, жүктү кабыл алуу жана жайгаштыруу кемени белгиленген мөөнөттөн ашык кармашы мүмкүн болгон шарттарда да сталия жана контрсталия убактысы аяктаганга чейин жеткирилген жүктү кабыл алуудан баш тартууга укугу жок.
3. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилбесе, ташуучу сталия же контрсталия убактысы аяктаганга чейин аны кемени кечиктирүү менен гана талаптагыдай түрдө жана калган жүк үчүн зыян келтирбестен жүктөөгө мүмкүн болгон, кечиктирип берилген жүктү кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Мында жүк ташуучу толук фрахтты алуу укугун сактап калат.
110-берене. Бөтөн жүктү алып салуу
Эгерде кеменин бир бөлүгү же айрым кеме жайлары фрахтталган болсо жана фрахттоочу аларда бөтөн жүктү тапса, ал бул жүктү жөнөтүү портунда, эгерде кеме бүтүндөй фрахтталган болсо, кандай болбосун кирүү портунда алып салууну талап кыла алат. Эгерде бөтөн жүк кеменин бортунан өз убагында алып салынбаса, фрахттоочу фрахтты тиешелүү түрдө азайтууну, ошондой эле ага келтирилген чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
111-берене. Кооптуу жүктү алып салуу
1. Туура эмес же толук эмес аталышы менен берилген, кабыл алууда ташуучу тышкы текшерүү аркылуу анын кооптуу касиеттерин таба албаган оңой тутануучу, жарылуучу же өз табияты боюнча башкача кооптуу жүк жөнөтүүчүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурбастан ташуучу тарабынан жагдайларга жараша кайсы убакта болбосун кемеден түшүрүлүшү, жок кылынышы же зыянсыздандырылышы мүмкүн.
2. Жөнөтүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүктү ташууга байланыштуу келтирилген бардык чыгымдар үчүн жооп берет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүктү ташуу үчүн фрахт кайтарып берилбейт. Эгерде фрахт төлөнбөгөн болсо, ташуучу аны толук өндүрүп ала алат.
4. Эгерде өзүнүн табияты боюнча кооптуу жүк ташуучунун кабардар болушу менен жана макулдугу менен жүктөлгөн болсо жана ташуу мезгилинде кеме, башка жүк же кемедеги адамдар үчүн коркунуч жаратса, ташуучу жүктү ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте тескөөгө укуктуу. Мында ташуучу жалпы авария боюнча зыяндарды кошпогондо, жөнөтүүчүгө тарткан чыгымдарынын ордун толтурбайт жана бортунда кооптуу жүгү бар кеме иш жүзүндө басып өткөн аралыкка пропорционалдуу болгон өлчөмдөгү фрахтты алууга укуктуу.
112-берене. Фрахттоочунун талабы боюнча кемени жөнөтүү
Кемени бүтүндөй фрахттоодо фрахттоочунун талабы боюнча ташуучу жүк толугу менен жүктөлбөсө да кемени сүзүүгө жиберүүгө милдеттүү. Мындай учурда ташуучу келишимде белгиленген толук фрахтты алуу укугун сактап калат.
113-берене. Келишимден баш тартуу
1. Тараптардын ар бири келишимде көрсөтүлгөн учурларда жана тараптар белгилеген камсыздандыруу (форс-мажордук) учурларда кеме жөнөп кеткенге чейин жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимден экинчи тарапка бул менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурбастан баш тартууга укуктуу.
2. Кандайдыр бир окуя же форс-мажордук жагдайлардын бири болгон учурда тараптардын ар бири келишимден рейс учурунда да баш тарта алат. Бул учурда жөнөтүүчү же фрахттоочу жүк ташуучуга жүктү ташуу боюнча тарткан бардык чыгашаларын, анын ичинде түшүрүү боюнча чыгашаларды төлөп берет жана бортунда жүгү бар кеме иш жүзүндө басып өткөн аралыкка пропорционалдуу болгон өлчөмдө фрахтты төлөйт.
114-берене. Келишимдин колдонулушун тараптардын баш тартуусу жок токтотуу
1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу, эгерде кеме жүктөө жеринен чыгып кеткенге чейин тараптарга көз каранды болбогон төмөнкүдөй кырдаалдар пайда болсо, тараптардын баш тартуусу жок жана алардын бирин экинчи тарапка келишимдин аракетинин токтотулушу менен шартталган башка чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирбестен токтотулушу мүмкүн:
1) кеме кыйраса же басып алынса;
2) кеме сүзүүгө жараксыз деп табылса;
3) белгилүү бир жүк кыйроого учураса;
4) алып кирүүгө/алып чыгууга бийликтин тыюу салуусу киргизилсе же согуш аракеттери башталса;
5) тектик белгилери менен аныкталуучу жүк ал жүктөө үчүн тапшыргандан кийин кыйроого учураса, ал эми жөнөтүүчү кыйраган жүктүн ордуна башка жүктү тапшырууга үлгүрбөй калса.
2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча жана рейс учурунда да токтотулушу мүмкүн. Мындай учурда ташуучуга куткарылган жана тапшырылган жүктүн санын эске алуу менен ташуунун иш жүзүндөгү аралыгына пропорционалдуу өлчөмдө фрахт төлөнүүгө тийиш.
115-берене. Бара турган портко кирүү үчүн тоскоолдуктар
1. Эгерде тиешелүү бийликтердин тыюу салуусунун, табигый кубулуштардын же ташуучудан көз каранды болбогон башка себептердин натыйжасында кеме бара турган портко кире албаса, ташуучу бул жөнүндө жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга, же эгерде белгилүү болсо, жүктү тескөөгө укуктуу болгон жакка дароо билдирүүгө милдеттүү.
2. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилген болсо жана кеме бара турган портко кире албагандыгы жөнүндө билдирүү жиберилген учурдан тартып жетиштүү мөөнөттүн ичинде жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө ыйгарым укуктуу болгон жактын бул жүктү тескөө боюнча буйругу келбесе, кеме капитаны өз кароосу боюнча жүктү жакынкы порттордун биринде калтырууга же болбосо капитандын баамдоосу боюнча фрахттоочу же жүктү тескөөгө ыйгарым укуктуу болгон жак үчүн кайсынысы пайдалуураак экендигине жараша аны жөнөтүү портуна кайтарууга укуктуу.
3. Эгерде кеменин бир бөлүгү фрахтталган болсо, капитан бара турган портко жеткирүү мүмкүн болбогон жүктү жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактын тескемесине ылайык башка портко түшүрүүгө тийиш. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлгөн учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде мындай тескеме алынбаган учурда капитан бул жөнүндө жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жакка билдирүү менен жүктү жакынкы порттордун биринде өзүнүн кароосу боюнча калтырууга укуктуу. Кеме капитаны алынган тескемени аткаруу кеменин бортундагы башка жүктөрдүн ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда ушундай эле жол менен иштөөгө укуктуу.
4. Ташуучу жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактын тескемесин жетиштүү мөөнөттүн ичинде күтүү менен байланышкан чыгашалардын, жүк боюнча чыгашалардын, ошондой эле жүктү ташуунун иш жүзүндөгү алыстыгына пропорционалдуу өлчөмдөгү фрахтты алууга укуктуу.
116-берене. Жүктү ташуунун мөөнөтү жана маршруту
1. Ташуучу жүктү келишимдин тараптары белгилеген маршрут боюнча белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү. Эгерде ташуунун мөөнөтү жана маршруту белгиленбесе, ал жүктү кадимки маршрут менен жалпы кабыл алынган мөөнөттө ташыйт.
2. Деңизде адамдарды, кемелерди жана жүктөрдү куткаруу максатында жасалган, кеменин белгиленген жолдон кандай болбосун четтөөсү, ошондой эле маршруттан башка негиздүү четтөө, эгерде ал ташуучунун туура эмес аракеттеринен улам келип чыкпаса, жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин шарттарын бузуу деп эсептелбейт.
117-берене. Жүктү түшүрүү
1. Жүктү бара турган портто түшүрүүдө ушул Кодекстин 107 жана 108-беренелеринде белгиленген жүктөөдөгүдөй эле эрежелер колдонулат.
2. Жүктү түшүрүү жана аны кеменин бортуна бойлой жайгаштыруу боюнча чыгашаларды ташуучу көтөрөт.
118-берене. Жүктү берүү
1. Жүк бара турган портто берилет:
1) энчилүү коносамент боюнча - коносаментте көрсөтүлгөн алуучуга же карыз талабын өткөрүп берүү үчүн белгиленген эрежелерди сактоо менен коносамент энчилүү өткөрүп берүү жазуусу боюнча же болбосо башка таризде өткөрүлүп берилген башка жакка;
2) ордердик коносамент боюнча - коносамент кимисинин буйругу боюнча (жөнөтүүчүнүн же алуучунун буйругу боюнча) түзүлгөндүгүнө жараша жөнөтүүчүгө же алуучуга, ал эми коносаментте өткөрүп берүү жазуулары бар болсо - өткөрүп берүү жазууларынын үзгүлтүксүз катарынын акыркысында көрсөтүлгөн жакка же акыркы бланктык жазуусу бар коносаментти көрсөткөн жакка;
3) коносамент боюнча көрсөтүүчүгө - коносаментти көрсөтүүчүгө.
2. Эгерде деңиз коштомо кагазы же башка ушул сыяктуу документ берилген болсо, ташуучу жүктү бул документте көрсөтүлгөн алуучуга гана, же болбосо жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучуга документтин түп нускасын милдеттүү түрдө көрсөтүүсүз бере алат.
119-берене. Жүктү берүүдөгү төлөмдөр. Жүктү кармап калуу укугу
1. Алуучу ага жүк берилген учурда ташуучуга жүктү ташуу менен байланышкан чыгашалардын ордун толтурууга, түшүрүү портунда кеменин токтоп туруусу үчүн акы төлөөгө жана эгерде бул жүк анын негизинде ташылган коносаментте же башка документте каралса, жүктөө портунда кеменин токтоп туруусу үчүн фрахт жана акы төлөөгө, ал эми жалпы авария болгон учурда - авариялык төгүмдү төлөөгө же тиешелүү камсыздоону берүүгө милдеттүү.
2. Ташуучу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөр төлөнгөнгө чейин жүктү бербей коё алат. Ал жүк алуучуга таандык эмес кампага өткөрүп берилген учурда да кампанын ээсине мындай укук жөнүндө билдирүү шартында жүктү кармап калуу укугун сактайт.
3. Жүк алуучуга берилгенден кийин ташуучу алуучу тарабынан төлөнбөгөн төлөмдөрдү жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан талап кылуу укугунан ажырайт. Ташуучу өзүнө көз каранды болбогон себептерден улам жүктү кармап калуу укугун ишке ашыра албаган учурлар буга кирбейт.
120-берене. Жүктү күрөөгө коюу укугу
1. Ушул Кодекстин 119-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды аткарууну камсыз кылуу үчүн ташуучу ташылган жүктү күрөөгө коюуга укуктуу.
2. Жүктү күрөөгө коюу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) жүк алуучуга берилгенде;
2) ташуучунун күрөө менен камсыз кылынган талаптары канааттандырылганда;
3) ташуучу башка талаптагыдай камсыз кылууну алганда.
3. Ташуучу мыйзамдарда каралган тартипте күрөөгө коюлган жүктү бул жөнүндө жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга жана алуучуга алдын ала билдирүү менен сатууга укуктуу. Мындай учурда ташуучунун ушул Кодекстин 119-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашаларынын орду соттук чыгымдар жана жүктү сактоо жана сатуу боюнча чыгашалар төлөнгөндөн кийин жүктү сатуудан түшкөн суммадан толтурулат.
4. Эгерде жүктү сатуудан түшкөн сумма ташуучунун ушул Кодекстин 119-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн жетишсиз болсо, ташуучу жетпеген сумманы жүктү жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан өндүрүп алууга укуктуу.
121-берене. Жүктү кароо жана санын текшерүү
Жүк берилгенге чейин аны алуучу жана ташуучу жүктү кароону же санын текшерүүнү талап кылууга укуктуу. Ушуга байланыштуу чыгашаларды кароону же текшерүүнү талап кылган жак көтөрөт.
122-берене. Жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу же бузулгандыгы жөнүндө билдирүү
1. Эгерде коносамент боюнча ташылган жүктү кабыл алууда алуучу ташуучуга жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу же бузулгандыгы аныкталгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, эгерде башкасы далилденбесе, жүк коносаменттин шарттарына ылайык алынды деп эсептелет.
2. Эгерде жүк аны кабыл алууда алуучу тарабынан ташуучу менен бирге каралса же текшерилсе, алуучу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн билдирүүнү жасабашы мүмкүн.
3. Эгерде жүктүн жоголгондугун, кем чыгуусун же бузулгандыгын кабыл алуунун кадимки ыкмасында табуу мүмкүн болбосо, алуучу тарабынан жүк кабыл алынгандан кийин үч календардык күндүн ичинде ташуучуга тиешелүү арыз берилиши мүмкүн.
4. Жүктү кабыл алууга карата ушул беренеге карама-каршы келген макулдашуу жараксыз деп эсептелет.
123-берене. Талап кылынбаган жүктү сактоого берүү
1. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилбесе жана бара турган портто алуучу жүктү талап кылбаса, аны тескебесе же андан баш тартса, ташуучу бул жөнүндө жөнөтүүчүгө билдирүү менен жүктү кампага же жүктүн сакталышын камсыз кылуучу башка ишенимдүү жерге сактоого тапшырууга укуктуу.
2. Жүктү ташуу үчүн кемени бүтүндөй берүүдө кеме капитаны жүктү түшүрүүнү жана сактоого берүүнү, эгерде бул убакыттын ичинде жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактан башка буйрук түшпөсө, сталия жана контрсталия убактысы аяктагандан кийин гана жүргүзөт. Жүктү сактоого тапшырууга кеткен убакыт кеменин токтоп туруусу катары каралат.
3. Эгерде кеме портко келген күндөн тартып эки айдын ичинде сактоого тапшырылган жүк талап кылынбаса жана жөнөтүүчү же фрахттоочу, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жак ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы төлөбөсө, ташуучу жүктү сатууга укуктуу. Талап кылынбаган тез бузулуучу жүк белгиленген мөөнөткө чейин да сатылышы мүмкүн.
4. Портто жүктөрдү алуучулар кабыл алганга чейин аларды сактоонун мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле алуучулар талап кылбаган жүктөрдү сатуунун тартиби порт таандык болгон мамлекеттин эрежелери жана мыйзамдары менен аныкталат.
124-берене. Талап кылынбаган жана сактоого тапшырылган жүктү сатуу
1. Ушул Кодекстин 123-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүктү сатуудан түшкөн сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы алып салгандан кийин жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга берүү үчүн ташуучунун эсебине чегерилет. Эгерде жүктү сатуудан алынган сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү жана жүктү сактоо жана сатуу боюнча чыгашаларды жабуу үчүн жетишсиз болуп калса, ташуучу жетпеген сумманы жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан өндүрүп алууга укуктуу.
2. Эгерде жүк сатылган күндөн тартып алты айдын ичинде бир дагы юридикалык же жеке жак сатуудан түшкөн тиешелүү суммага өз укуктарын билдирбесе, бул сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү алып салгандан кийин таандык болгон мамлекеттин портунун администрациясынын тескөөсүнө өткөрүп берилет.
125-берене. Жүктү ташууда төлөмдөрдү төлөө
Ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон бардык төлөмдөр жүктү жөнөтүүчү же фрахттоочу тарабынан төгүлөт. Жүктү жөнөтүүчү же фрахттоочу менен ташуучунун ортосундагы макулдашууда каралган учурларда, бул макулдашуу коносаментке киргизилген шартта төлөм жүктү алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
126-берене. Фрахттын өлчөмү
1. Фрахттын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен белгиленет, ал эми мындай макулдашуу жок болгон учурда жүктү жүктөө жеринде жана убагында колдонулуучу ставкаларга жараша эсептелет.
2. Кемеге иш жүзүндө жүктөлгөн жүктү ташуу үчүн акы келишимде каралган жүктү ташуу үчүн акыдан аз болгон учурда келишимде белгиленген фрахт төгүлөт.
127-берене. Фрахттын төлөнүшүн камсыз кылуу
1. Эгерде кемеге жүктөлгөн жүктүн наркы фрахттын өлчөмүн жана ташуучунун жүк боюнча башка чыгымдарын жаппаса, ал эми жөнөтүүчү же фрахттоочу фрахтты толугу менен төлөбөсө жана кошумча камсыздоону бербесе, ташуучу кеме жөнөтүлгөнгө чейин келишимден баш тартууга жана сүйлөшүлгөн фрахттын жарымынын төлөнүшүн, эгерде ал орун алган болсо, токтоп туруу үчүн акы төлөнүшүн, ошондой эле жүк боюнча келтирилген башка чыгашалардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Мындай учурларда түшүрүү жүктү жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун эсебинен жүргүзүлөт.
2. Рейс учурунда жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимден баш тарткан жөнөтүүчү же фрахттоочу жүктү келишимде аныкталган бара турган портто же кеме зарылдыктан улам кирген портто гана берүүнү талап кылууга укуктуу.
128-берене. Жүк жоголгон учурда фрахтты төлөө
1. Ташууда жүк жоголгон учурда фрахт алынбайт, ал эми алдын ала төлөнгөн фрахт кайтарылып берилет.
2. Эгерде жүк жоголуп, бирок кийин табылса, ташуучу жүк ташуучу кеме жүк менен басып өткөн аралыкка пропорционалдуу өлчөмдө фрахтты алууга укуктуу. Мындай учурларда фрахтты эсептөөдө төмөнкүлөр эске алынат:
1) кеме жүк менен басып өткөн жолдун бөлүгүнүн жана келишимде шартталган жолдун узундугунун катышы;
2) басып өткөн аралыкка байланыштуу чыгашалардын, убакыт жана эмгек сарптоолордун, ошондой эле коркунучтардын жана адатта жолдун калган бөлүгүндө боло турган чыгашалардын, сарптоолордун жана коркунучтардын катышы.
3. Жүк табигый касиеттеринен же жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга көз каранды болгон жагдайлардан улам жок болгондо же бузулганда фрахт толугу менен алынат.
129-берене. Жүктү жөнөтүүчүнүн жана фрахттоочунун жоопкерчилиги
1. Жүктү жөнөтүүчү жана фрахттоочу ташуучуга алардын күнөөсү боюнча же алардын аракеттери үчүн алар жооп берген жактардын күнөөсү боюнча келтирилген чыгымдын ордун толтурууга милдеттүү.
2. Жүк ташуу жөнүндө келишимдин тараптарынын бири болуп саналбаган жөнөтүүчү анын күнөөсү боюнча ташуучу тарткан чыгымдар үчүн жооп берет.
130-берене. Ташуучунун жоопкерчилиги, жоопкерчиликтен бошотуунун негиздери жана чектөө чектери
1. Ташуучу жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу, бузулгандыгы үчүн, ошондой эле жүк ташууга кабыл алынган учурдан тартып аны берген учурга чейин аны жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Ташуучу ташууга кабыл алынган жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу, бузулгандыгы үчүн, аны жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн, эгерде алар төмөнкүлөрдүн кесепетинен болгондугун далилдей алса, жоопкерчилик тартпайт:
1) болжолдоого жана алдын алынууга мүмкүн болбогон өзгөчө жагдайлардын;
2) анын күнөөсү менен болбогон кооптуулуктардын жана деңиздеги же башка кеме жүрүүчү суулардагы кокустуктардын;
3) анын күнөөсү менен болбогон өрттүн;
4) деңизде адамдарды, кемелерди жана жүктөрдү куткаруу боюнча чаралардын;
5) анын күнөөсү жок болгондо тиешелүү бийликтин аракеттеринин же тескемелеринин (кармоо, камакка алуу, карантин жана башкалар);
6) согуш аракеттеринин, террористтик акттардын, элдик толкундоолордун;
7) жүктү жөнөтүүчүнүн же алуучунун шалаакылыгынын же кемчиликтеринин;
8) кеменин жашырылган кемчиликтеринин;
9) жүктүн жашырылган кемчиликтеринин, анын табигый касиеттеринин же табигый азаюусунун;
10) таранын жана жүктүн таңгагынын жашырылган кемчиликтеринин;
11) жүктү жетишсиз же так эмес маркалоонун;
12) айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу боюнча аракеттердин;
13) ташуучу, анын кызматкерлери же агенттери күнөөлүү болбогон башка жагдайлардын.
3. Ташуучу бара турган портко төмөнкүдөй келген жүктүн кем чыгуусу үчүн жооп бербейт:
1) жүк салуучу оң абалдагы жайларда, лихтерлерде, жөнөтүүчүнүн бузулбаган пломбалары басылган контейнерлерде;
2) жолдо ачуунун изи болбогон, бүтүн жана оң абалдагы тарада;
3) алуучу жүктүн кем чыгуусуна ташуучу күнөөлүү экендигин далилдеген учурларды кошпогондо, жөнөтүүчүнүн же алуучунун өкүлүнүн коштоосунда.
4. Ташуучунун жоопкерчилигинин чектери:
1) эгерде жүктүн наркы жарыяланбаса жана коносаментке киргизилбесе, ташуучунун жоопкерчилиги, кайсы сумма жогору болгондугуна жараша, жоголгон же бузулган жүктүн брутто массасынын бир килограммы үчүн 2 эсептик бирдикти түзөт;
2) жүктү жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жибергендигинен улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик ташуу келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон фрахттын өлчөмү менен чектелет;
3) ташуучунун (бузулгандыгы жана мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн) жалпы жоопкерчилигинин ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык тиешелүү жүк толугу менен жоголгондо белгилениши мүмкүн болгон чектен ашуусу мүмкүн эмес;
4) эгерде жүктөр контейнерге, поддонго же ушул сыяктуу транспорттук шайманга салынса, анда жоопкерчиликти эсептөө үчүн орундардын саны болуп коносаментте көрсөтүлгөн орундардын саны эсептелет. Эгерде коносаментте мындай сан көрсөтүлбөсө, бүтүндөй контейнер (шайман) анын ичиндегилердин бардыгы менен жөнөтүүнүн бир бирдиги болуп эсептелет;
5) ташуучу, эгерде зыян же мөөнөтүн өткөрүп жиберүү зыяндын келип чыгышы мүмкүн экендигин түшүнүү менен анын өзүнүн атайылап жасалган аракеттеринин же аракетсиздигинин же болбосо одоно этиятсыздыгынын натыйжасында болгондугу далилденсе, жоопкерчиликти чектөө укугунан ажырайт;
6) ушул берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунун жоболору, эгерде зыяндын келип чыгышы мүмкүн экендигин түшүнүү менен зыян алардын күнөөсү боюнча ушул сыяктуу атайылап жасалган аракеттердин же одоно этиятсыздыктын натыйжасында келип чыккандыгы далилденсе, ташуучунун кызматкерлерине же агенттерине карата да колдонулат.
131-берене. Навигациялык ката
Ташуучу, эгерде алар кемени айдоо же кемени башкаруу процессинде кеме капитанынын, экипаж мүчөлөрүнүн же лоцмандын жасаган аракеттеринен же кемчиликтеринен улам болгондугун далилдей алса, жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу, бузулгандыгы, аны жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.
132-берене. Жүктүн жоголгондугунан, кем чыгуусунан, бузулгандыгынан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу
1. Жүктүн жоголгондугунун, кем чыгуусунун, бузулгандыгынын натыйжасында келтирилген зыян үчүн ташуучу ушул Кодексте жана (же) жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминде белгиленген чектерде жоопкерчилик тартат.
2. Ташуучу, эгерде ал жоголгон же кем чыккан жүктүн наркына кирбесе, өзү алган фрахтты да кайтарып берет.
133-берене. Контейнердин же башка транспорттук шаймандын жоголгондугу, бузулгандыгы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги
Жөнөтүүчүнүн же фрахттоочунун контейнеринин же башка транспорттук шайманынын жоголгондугу, бузулгандыгы үчүн ташуучу төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:
1) контейнердин же башка транспорттук шаймандын жоголгондугу үчүн - жоголгон учурга карата эскирүүсүн эске алуу менен анын иш жүзүндөгү наркынын өлчөмүндө;
2) контейнердин же башка транспорттук шаймандын бузулгандыгы үчүн - эгерде оңдоо ташуучу тарабынан өз алдынча же аны алуучуга тапшырган учурга чейин анын эсебинен аткарылбаса, аны бара турган портто оңдоонун наркынын өлчөмүндө.
134-берене. Ташуучуну жоопкерчиликтен бошотуу же анын жоопкерчилигин чектөө жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы
1. Эгерде жүктү ташуу коносаменттин негизинде жүзөгө ашырылса, ушул Кодекстин 130-беренесинин 4-бөлүгүндө каралгандан айырмаланган шарттарда ташуучуну жоопкерчиликтен бошотуу же аны чектөө жөнүндө кандай болбосун макулдашуу жараксыз деп табылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун колдонулушу төмөнкүлөр жөнүндө түзүлгөн макулдашууларга карата жайылтылбайт:
1) ташуучунун жүк кабыл алынган учурдан тартып кемеге жүктөлгөнгө чейин жана жүк түшүрүлгөндөн кийин аны тапшырганга чейинки жоопкерчилиги жөнүндө;
2) жүктөрдү жана тирүү жаныбарларды палубада ташуу тууралуу;
3) жүктүн түрү, теги жана абалы же болбосо ташуу аткарылууга тийиш болгон жагдайлар, мөөнөттөр жана шарттар жүктөрдү өзгөчө шарттарда ташуу атайын макулдашууну түзүүнү актаса, эгерде мында коносамент берилбесе жана ташуу шарттары товардык тескөөчү болуп саналбаган жана ага көрсөтмө камтылган документке киргизилсе, жүктөрдү өзгөчө шарттарда ташуу жөнүндө.
14-глава. Круиз жөнүндө келишим
135-берене. Круиз жөнүндө келишим түшүнүгү
Круиз жөнүндө келишимге ылайык бир тарап (круизди уюштуруучу) белгилүү бир программа боюнча жамааттык деңиз саякатын уюштурууга жана катышуучуга тиешелүү кызматтарды (деңиз аркылуу ташууну, тамактанууну, тиричилик жактан тейлөөнү, экскурсияларды өткөрүүнү жана башка кызматтарды) көрсөтүүгө, ал эми экинчи тарап (круиздин катышуучусу) - кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген акыны төлөөгө милдеттенет. Круиздин катышуучусу саякаттын бүткүл мезгилине кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш.
136-берене. Колдонуу чөйрөсү жана шарттардын жараксыздыгы
1. Ушул главанын жоболору круизди уюштуруучу менен катышуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2. Тараптардын круиздин катышуучусунун укуктарын чектеген же уюштуруучуну өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтен бошоткон кандай болбосун макулдашуусу жараксыз деп таанылат.
137-берене. Келишим түзүлгөндүгүнүн далили
Круиз жөнүндө келишим түзүлгөндүгүнүн далили болуп круизди уюштуруучу тарабынан берилген энчилүү жолдомо (ваучер) саналат. Жолдомодо круиздин катышуучусун камсыздандыруунун шарттары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
138-берене. Кеменин деңизде сүзүүгө жарактуулугу жана коопсуздук
Круизди уюштуруучу ушул Кодекстин 102-беренесине ылайык саякат башталганга чейин кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүүгө, ошондой эле жүргүнчүлөр чөлкөмдөрүнүн коопсуздугун, куткаруучу каражаттардын жана круиздин катышуучуларын тейлөө үчүн квалификациялуу персоналдын болушун камсыз кылууга милдеттүү.
139-берене. Катышуучунун же уюштуруучунун келишимден баш тартуусу
1. Круиздин катышуучусу төлөмдү келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайтарып алуу менен круиз башталганга чейин кайсы убакта болбосун келишимден баш тартууга укуктуу.
2. Круизди уюштуруучу рейске тоскоол болгон өзгөчө жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда келишимден баш тартууга укуктуу. Бул учурда төгүлгөн бардык төлөм катышуучуга кайтарып берилет.
3. Эгерде круиз саякат башталгандан кийин форс-мажордон улам үзгүлтүккө учураса, уюштуруучу саякаттын өтпөй калган бөлүгү үчүн төлөмдү кайтарып берет жана катышуучуну жөнөтүү портуна өз эсебинен жеткирет.
140-берене. Өмүргө, ден соолукка жана багажга зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик
1. Круизди уюштуруучу, эгерде зыян ал алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардан (форс-мажор) улам келип чыккандыгын далилдей албаса, круиздин катышуучусунун өлүмү же ден соолугуна зыян келтирилиши, ошондой эле анын жүгүнүн жоголгондугу же бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Круизди уюштуруучунун жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле анын багажына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде (анын ичинде 1974-жылдагы Жүргүнчүлөрдү жана алардын багажын деңиз аркылуу ташуу жөнүндө Афина конвенциясынын жана ага карата протоколдордун жоболорунда) белгиленген чектер менен чектелет.
3. Эл аралык келишим жок болгон учурда багаж үчүн жоопкерчиликтин өлчөмү круиздик келишим менен белгиленет жана багаждын массасынын килограммы үчүн эки эсептик бирдиктен кем белгилениши мүмкүн эмес.
141-берене. Регресстик талаптар
Иш жүзүндөгү ташуучунун (кеме ээсинин) же башка кызмат көрсөтүүчүнүн күнөөсү боюнча катышуучуга келтирилген зыяндын ордун толтурган круизди уюштуруучу аталган жактарга регресстик талаптарды коюуга укуктуу.
VI БӨЛҮМ. КЕМЕНИ ФРАХТТОО
15-глава. Кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишим
142-берене. Негизги түшүнүктөр
1. Кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишимге ылайык, кеме ээси шарттуу төлөм (ижара акысы/фрахт) үчүн кемени фрахттоочуга жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу же соода үчүн деңизде сүзүүнүн башка максатында белгилүү бир мөөнөткө берүүгө милдеттенет.
2. Тайм-чартердин шарттары боюнча кеме ээси кемени фрахттоочуга деңизде сүзүүгө жарактуу абалда, талаптагыдай жабдылган жана комплекттелген экипаж менен пайдаланууга берет. Кеме ээси кемени техникалык башкарууну контролдоону өзүнө калтырат.
3. Бербоут-чартердин шарттары боюнча кеме ээси кемени фрахттоочуга жабдылбаган жана экипажсыз пайдаланууга жана толук ээлик кылууга өткөрүп берет. Фрахттоочу кемени коммерциялык да, техникалык да башкарууну жүзөгө ашырат.
143-берене. Колдонуу чөйрөсү жана органдарга билдирүү
1. Ушул главанын жоболору, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, кеме ээси менен фрахттоочунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2. Бербоут-чартер келишиминин тараптары Кеме реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн келишимди түзүү, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына милдеттүү түрдө билдирет.
3. Тайм-чартер жана субфрахттоо келишимдери жөнүндө билдирүү статистикалык эсепке алуу жана коопсуздукка мониторинг жүргүзүү максатында деңиз администрациясынын талабы боюнча билдирүү тартибинде жүзөгө ашырылат.
144-берене. Келишимдин таризи
Кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Келишимдин болушу жана мазмуну тараптар кол койгон документ менен тастыкталат. Бербоут-чартер келишимдеринин көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясынын архивинде алардын колдонулушунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде сакталат.
145-берене. Келишимдин реквизиттери
Кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) тараптардын аталыштары;
2) кеменин аталышы, анын туусу жана техникалык параметрлери;
3) сүзүү району (чөлкөмү);
4) фрахттоонун максаты;
5) ижара акысынын (фрахттын) өлчөмү жана төлөө тартиби;
6) келишимдин колдонуу мөөнөтү;
7) кемени кабыл алуу жана кайтарып берүү жери жана шарттары.
146-берене. Субфрахттоо
1. Фрахттоочу негизги келишимде берилген укуктардын чегинде өзүнүн атынан үчүнчү жак менен субфрахттоо келишимин түзүүгө укуктуу. Бул аны кеме ээсинин алдындагы милдеттеринен бошотпойт.
2. Бербоут-чартер шарттарында субфрахттоо учурунда Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына билдирүү милдеттүү болуп саналат.
147-берене. Кеменин деңизде сүзүүгө жарактуулугу
1. Кеме ээси кемени фрахттоо максаттарына жарактуу абалда өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2. Тайм-чартерде бүткүл мөөнөттүн ичинде кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалда кармоо милдети кеме ээсине жүктөлөт.
3. Бербоут-чартерде кеме өткөрүп берилгенге чейин пайда болгон жашырылган кемчиликтерди жоюуну кошпогондо, деңизде сүзүүгө жарактуулукту сактоо милдети фрахттоочуга жүктөлөт.
148-берене. Фрахтталган кемени эксплуатациялоонун шарттары
1. Фрахттоочу кемени эксплуатациялоону кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишимде аныкталган максаттарга, кеменин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана шарттарына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.
2. Тайм-чартерде кеме ээси кемени камсыздандыруу, экипажга эмгек акысын төлөө жана кемени техникалык жактан оң абалда кармоо боюнча чыгашаларды тартат. Фрахттоочу отунду (бункер), порттук жыйымдарды жана кемени коммерциялык жумуш менен байланышкан башка чыгашаларды төлөйт.
3. Бербоут-чартерде экипажды күтүү, камсыздандыруу, техникалык тейлөө жана жабдуу боюнча бардык чыгашаларды фрахттоочу тартат.
4. Кеме табигый эскирүүсүн эске алуу менен, кабыл алынган абалында жана Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына милдеттүү түрдө билдирүү менен кеме ээсине кайтарылышы керек.
149-берене. Фрахттоочунун жүктөрдү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдерди түзүү укугу
Эгерде кеме жүктөрдү ташуу үчүн фрахтталган болсо, фрахттоочу жүктөрдү ташуу жөнүндө келишимдерди өзүнүн атынан түзүүгө, чартерлерге кол коюуга, коносаменттерди жана башка ташуу документтерин берүүгө укуктуу жана мындай документтерден келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.
150-берене. Кеменин экипажынын баш ийүүсү
1. Тайм-чартерде капитан жана экипаж кеме ээсинин кызматкери болуп кала берет. Капитан кеме айдоо жана коопсуздук маселелеринде кеме ээсине, ал эми кемени коммерциялык пайдалануу маселелеринде фрахттоочуга баш иет.
2. Бербоут-чартерде фрахттоочу кеменин экипажын жаңы адамдар менен комплекттейт же келишимдин шарттарына ылайык мурдагы экипажды же болбосо анын бир бөлүгүн кызматка алат. Мында капитан жана экипаж фрахттоочунун кызматкерлери болуп эсептелет жана ага бардык жагынан баш иет.
151-берене. Фрахттоочунун жоопкерчилиги
Фрахттоочу, эгерде чыгымдар анын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгын далилдей албаса, кеменин куткарылгандыгы, бузулгандыгы же кыйрагандыгы менен байланышкан чыгымдар үчүн жооп берет.
152-берене. Фрахтты төлөө
1. Фрахттоочу кеме ээсине фрахтты кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө төлөйт.
2. Кеме фрахттоочунун күнөөсү боюнча мындай абалга келген учурларды кошпогондо, фрахттоочу кеме деңизде сүзүүгө жараксыз абалынын натыйжасында эксплуатациялоого жараксыз болгон убакыт үчүн фрахтты төлөөдөн жана кемени күтүү боюнча чыгашаларды төлөөдөн бошотулат.
3. Фрахтты төлөө 14 календардык күндөн ашык кечиктирилгенде кеме ээси кемени фрахттоочуга эскертүүсүз алып коюуга жана мындай кечиктирүүгө байланыштуу тарткан чыгымдарды андан өндүрүп алууга укуктуу.
153-берене. Кеме кыйраган учурда фрахтты төлөө
Кеме кыйраган учурда фрахт аны кыйроо күнүнө чейин эксплуатациялоо үчүн төлөнүүгө тийиш. Эгерде бул күндү аныктоо мүмкүн болбосо, фрахт ал тууралуу акыркы кабар алынган күнгө чейин төлөнөт.
154-берене. Деңизде куткаруу үчүн сый акы
1. Тайм-чартер шарттарында фрахтталган кемеге келишимдин колдонуу мезгилинде деңизде куткаруу үчүн төлөнүүчү сый акы куткаруу учурунда сарпталган чыгашалардын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон суммаларды жана кеме экипажына төлөнүүгө тийиш болгон үлүштү алып салып, кеме ээси менен фрахттоочунун ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
2. Бербоут-чартер шарттарында фрахтталган кемеге келишимдин колдонулуу мезгилинде деңизде куткаруу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сый акы кеме экипажына төлөнүүгө тийиш болгон үлүштү алып салуу менен фрахттоочуга таандык болот.
16-глава. Кеме лизинги келишими
155-берене. Кеме лизинги келишими түшүнүгү
1. Кеме лизинги келишимине ылайык кеменин менчик ээси (лизинг берүүчү) фрахттоочуга (лизинг алуучуга) экипажы жок кемени соода үчүн деңизде сүзүү максатында пайдалануу үчүн макулдашылган акыга (лизинг акысына) белгилүү бир мезгилдин ичинде берүүгө милдеттенет, ал аяктагандан кийин лизинг алуучу кеменин келишимде шартталган наркы менен лизинг акысынын ортосундагы айырманы төлөп, кемени менчикке сатып алат же сатып алууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таандыктыгында турган кеменин лизинг келишими ушул Кодекстин 27-беренесинин жоболорун сактоо менен гана түзүлүшү мүмкүн.
156-берене. Келишим түзүлгөндүгүнүн далили
Кеме лизинги келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Келишимдин болушу жана мазмуну жазуу жүзүндөгү далилдер менен тастыкталат. Келишимди түзүүдө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына (Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга) билдирүүнүн белгиленген жол-жоболору сакталууга тийиш.
157-берене. Келишимдин реквизиттери
Кеме лизинги келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) тараптардын аталыштары;
2) келишимдин максаты;
3) кеменин аталышы;
4) кеменин курулган жылы, классы, жүк көтөрүмдүүлүгү жана жүк сыйымдуулугу, кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу, ылдамдыгы, күйүүчү майдын чыгымы;
5) кемеге менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсүнүн шарттары (анын ичинде мөөнөттөрү жана сатып алуу наркы);
6) лизинг акысынын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү;
7) кемени лизинг алуучуга өткөрүп берүү жери жана убактысы;
8) башка маалыматтар.
158-берене. Кеменин деңизде сүзүүгө жарактуулугу
1. Лизинг берүүчү кемени лизинг алуучуга лизинг келишиминде каралган максаттарда пайдалануу үчүн жарактуу абалда өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2. Лизинг берүүчү кемени лизинг алуучуга өткөрүп берүү учурунда билдирилбеген анын кандай болбосун кемчиликтери үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Кеменин бузулуулары жана жашырылган кемчиликтери боюнча дооматтар лизинг алуучу тарабынан кеме ага берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.
159-берене. Лизинг алуучунун кемени эксплуатациялоосу
1. Лизинг алуучу кемени оң абалда кармоого жана аны күтүү жана оңдоо менен байланышкан чыгашаларды тартууга милдеттүү.
2. Кеменин кокустан кыйроо же кокустан бузулуу тобокелдиги лизинг алуучуга кеме ага өткөрүп берүү менен биз эле учурда өтөт.
160-берене. Лизинг акысы
1. Лизинг акысы лизингге алуучу тарабынан мезгилдүү төлөмдөр менен төгүлөт.
2. Лизингге алуучу ушул Кодекстин 158-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кеме анын күнөөсү жок ал тарабынан пайдаланылбаган убакыт үчүн лизинг акысын төгүүдөн бошотулбайт.
3. Эгерде кемени камсыздандыруу жөнүндө келишимдин шарттары боюнча ага камсыздандырып ордун толтуруу төлөнсө, кеме кыйраган же аны андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган бузулуу болгон учурда лизинг алуучу кеме лизинги келишимине ылайык бардык төлөмдөрдү төгүүгө милдеттүү.
161-берене. Келишимден баш тартуу
1. Лизинг алуучу төмөнкүдөй учурларда кеме лизинги келишиминен баш тартууга жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу, эгерде:
1) лизинг берүүчү кемени келишимде шартталган мөөнөттө ага өткөрүп бербесе;
2) кеменин ушул Кодекстин 158-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кемчиликтеринен улам аны келишимге ылайык пайдаланууга мүмкүн болбосо.
2. Лизинг алуучу келишимден баш тарткан учурда кемени ал тарабынан пайдаланууга мүмкүн болбогон мезгилдин ичинде төгүлгөн лизинг акысы ага кайтарып берилет.
3. Эгерде лизинг алуучу төлөө мөөнөтү келгенден кийин 45 календардык күндүн ичинде лизинг акысын төкпөсө, лизинг берүүчү кемени кайтарып берүүнү жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылуу менен лизинг келишиминен баш тартууга укуктуу.
162-берене. Кемени лизинг берүүчүгө кайтарып берүү
1. Кемени лизинг берүүчүгө кайтарып берүүдө ал кеме пайдаланылган мезгил үчүн төлөнүүгө тийиш болгон лизинг акысынын бөлүгүн алууга укуктуу. Кеменин келишим менен шартталган наркын төлөөнүн эсебине төгүлгөн төгүмдөр лизинг алуучуга кайтарып берилүүгө тийиш.
2. Лизинг алуучу лизинг берүүчүгө кемени кадимки эскирүүсүн эске алуу менен, ал аны алган абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Кеменин техникалык абалы начарлаган учурда лизинг алуучу лизинг берүүчүгө бул менен келтирилген чыгымдардын ордун толтурат.
3. Кемедеги лизинг алуучу тарабынан жасалган жакшыртуулар, эгерде алар ажыратылса, эгерде лизинг берүүчү алардын наркынын ордун толтурууга макул болбосо, аларды ал алып коюшу мүмкүн.
VII БӨЛҮМ. ДЕҢИЗДЕ СҮЙРӨӨ
17-глава. Деңизде сүйрөөнүн негизги жоболору
163-берене. Деңизде сүйрөө жөнүндө келишим түшүнүгү
1. Деңизде сүйрөө жөнүндө келишим боюнча, бир кеменин ээси сый акы үчүн башка кемени же башка сүзүүчү объектти белгилүү аралыкка (порттор аралык сүйрөө) же порттун акваториясында маневр жасоо үчүн, анын ичинде объектти портко киргизүү же аны порттон чыгаруу (порттук сүйрөө) үчүн сүйрөөгө милдеттенет.
2. Деңизде сүйрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделет. Кеме реестринде катталган кеме ээлери порттор аралык сүйрөөнү, анын ичинде порттук сүйрөөнү да жүзөгө ашыра алат.
3. Кеме реестрлеринде катталган кемелер соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырууда кирүү портунун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген сүйрөө эрежелерин сактоого милдеттүү. Кеме ээлери сүйрөө милдеттүү болбогон райондордо деңизде сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сүйрөгүч кемелерди тартуу зарылдыгын өз алдынча аныктоого укуктуу.
4. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, ушул главада белгиленген эрежелер колдонулат. Бирок деңизде сүйрөө келишиминдеги күнөөсүн эске албастан зыян үчүн жоопкерчиликти бир гана тарапка жүктөгөн шарттар, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жараксыз болуп саналат.
164-берене. Кемелердин деңизде сүзүүгө жарактуулугу
1. Деңизде сүйрөө жөнүндө келишимдин тараптарынын ар бири келишимде каралган жумуштарды аткаруу үчүн өз кемесин (башка сүзүүчү түзүлүштү) күн мурунтан жарактуу абалга келтирүүгө милдеттүү.
2. Сүйрөгүчтөрдүн жана сүйрөлүүчү кемелердин (башка сүзүүчү түзүлүштөрдүн) ээлери алардын жашырылган кемчиликтери үчүн жоопкерчилик тартпайт.
165-берене. Сүйрөгүчтүн ээсинин жоопкерчилиги
1. Деңизде сүйрөө жөнүндө келишимге ылайык, сүйрөгүчтүн ээсинин жоопкерчилиги кеме (башка сүзүүчү түзүлүш) сүйрөөнүн баштапкы пунктунда сүйрөгүчкө кабыл алынган учурдан тартып башталат жана сүйрөлүүчү кеме (башка сүзүүчү түзүлүш) сүйрөөнүн акыркы пунктуна якорго коюлганда же швартталганда аяктайт.
2. Сүйрөө операциясын сүйрөгүчтүн капитаны башкарган учурда сүйрөлүүчү кемеге (башка сүзүүчү түзүлүш) же анын бортунда болгон адамдарга жана мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти, эгерде зыян келтирүүдө анын күнөөсү жок экендигин далилдей албаса, тараптардын башка макулдашуусу жок болгон учурда сүйрөгүчтүн ээси тартат.
166-берене. Сүйрөлүүчү кеменин ээсинин жоопкерчилиги
Сүйрөө операциясын сүйрөлүүчү кеменин (башка сүзүүчү түзүлүш) капитаны жетектеген учурда сүйрөгүчкө же анын бортунда болгон адамдарга жана мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти, эгерде зыян келтирүүдө анын күнөөсү жок экендигин далилдей албаса, тараптардын башка макулдашуусу жок болгон учурда сүйрөлүүчү кеменин (башка сүзүүчү түзүлүш) ээси тартат.
167-берене. Аварияга кабылган кемеге жардам
Сүйрөлүүчү кемеде (башка сүзүүчү түзүлүш) сүйрөгүчтөн көз каранды болбогон себептер боюнча авария болгон учурда, анын капитаны сүйрөлүүчү кемеге (башка сүзүүчү түзүлүшкө) куткаруу каражаттарын берүүгө жана жабыркаган кеме (башка сүзүүчү түзүлүш) ага муктаж болуп турган учурда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө милдеттүү. Мында эгерде капитандын аракеттери деңизде куткаруу жөнүндө ченемдерге ылайык сый акы алуу укугун берген куткаруу операциясынын белгилерине туура келбесе, мындай жардам көрсөтүүгө байланыштуу тартылган чыгашалардын орду толтурулууга тийиш.
18-глава. Порттук сүйрөө
168-берене. Порттук сүйрөө жөнүндө келишим түшүнүгү
1. Порттук сүйрөө жөнүндө келишимге ылайык сүйрөгүчтүн ээси сый акы үчүн кемени (башка сүзүүчү түзүлүштү) портко киргизүүнү же порттон чыгарууну жүзөгө ашырат, порттун акваториясында алардын зарыл маневрларды, швартовкалоону жана башка операцияларды аткаруусун камсыз кылат.
2. Порттук сүйрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделет. Сүйрөөгө өтүнмөнү тараптардын өз эркин билдирүүсүн жазууну камсыз кылган электрондук же башка байланыш каражаттары менен тастыктоо жолу менен келишимди түзүүгө жол берилет.
3. Кемелери Кеме реестринде катталган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган бардык кеме ээлери сүйрөө жөнүндө келишимдерди түзүүгө жана порт администрациясынын портко кирүү, токтоп туруу жана чыгуу коопсуздугун камсыз кылуучу башка талаптарын аткарууга милдеттүү.
169-берене. Порттук сүйрөөнү башкаруу
Порттук сүйрөөнү сүйрөлүүчү кеменин (башка сүзүүчү түзүлүштүн) капитаны башкарат, ошону менен бирге, эгерде бул жазуу жүзүндөгү макулдашууда каралган болсо, сүйрөө операциясын жетектөө боюнча милдеттер сүйрөгүчтүн капитанына да жүктөлүшү мүмкүн.
170-берене. Милдеттүү порттук сүйрөө
Сүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында порттун администрациясы порттун акваториясына кемелердин кирүүсү, чыгуусу жана жүрүүсү, алардын маневрларды, шварттоону жана башка операцияларды аткаруусу үчүн сүйрөгүчтөрдүн милдеттүү пайдаланылышын белгилөөгө, ошондой эле сүйрөөнүн шарттарын аныктоого укуктуу. Кеме реестринде катталган кемелердин капитандары аталган талаптарды сактоого милдеттүү.
19-глава. Порттор аралык сүйрөө
171-берене. Порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишим түшүнүгү
1. Порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишим боюнча бир кеменин (сүйрөгүчтүн) ээси сый акы үчүн башка кемени же сүзүүчү курулманы бир деңиз портунан башка портко (анын ичинде ар кандай мамлекеттердин портторуна) сүйрөп жеткирүүгө милдеттенет.
2. Кемелери Кеме реестринде катталган кеме ээлери порттор аралык сүйрөөнү тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга жана тиешелүү келишимдерди түзүүгө укуктуу. Мында алар деңизде сүзүүнүн коопсуздук эрежелерин, ошондой эле кирүү мамлекеттеринин порттук администрацияларынын талаптарын сактоого милдеттүү.
172-берене. Келишимдин таризи жана реквизиттери
1. Порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделет.
2. Порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) жөнөтүү порту;
2) бара турган порт;
3) сүйрөөнүн узактыгы;
4) тараптардын укуктары жана милдеттери;
5) келишимди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
6) сүйрөлүүчү объекттердин сүйрөөнүн коопсуздугуна таасир этүүгө жөндөмдүү болгон өзгөчөлүктөрү;
7) тараптар келишимге киргизүүнү зарыл деп эсептеген башка маалыматтар.
173-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн кемелер тарабынан жүзөгө ашырылуучу сүйрөө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн кемелер тарабынан аткарылуучу сүйрөө ушул Кодекстин ченемдери менен, ал эми сүзүү жана коопсуздук эрежелери бөлүгүндө - жээктеги мамлекеттин мыйзамдары жана турган порттун эрежелери менен жөнгө салынат.
174-берене. Порттор аралык жана деңизде сүйрөөнү башкаруу
1. Порттор аралык жана деңизде сүйрөөнү башкаруу сүйрөгүчтүн капитанына жүктөлөт, бирок ал деңизде жана порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, сүйрөлүүчү кемеде (башка сүзүүчү курулмада) кызмат өтөөнүн ички уюштурулушу боюнча буйрук берүүгө укугу жок.
2. Сүйрөө операциясында бир нече сүйрөгүчтөр колдонулганда, операцияга катышкан кемелердин капитандарынын ортосундагы укуктук мамилелер порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишим менен аныкталат.
175-берене. Келишимден баш тартуу
1. Сүйрөө объекти сүйрөө операциясына келишим менен шартталган мөөнөттө даяр эмес болгон учурда жөнөтүү портуна келген сүйрөгүчтүн ээси келишимден баш тартууга жана тарткан чыгашаларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде сүйрөгүч жөнөтүү портуна сүйрөөгө даяр болбогон, деңизде сүзүүгө жараксыз абалда келсе, сүйрөлүүгө тийиш болгон кеменин (башка сүзүүчү курулманын) ээси келишимден баш тартууга жана тарткан бардык чыгашаларды сүйрөгүчтүн ээсине жүктөөгө укуктуу.
VIII БӨЛҮМ. ДЕҢИЗ КАМСЫЗДАНДЫРУУСУ
20-глава. Деңиз камсыздандыруу келишими
176-берене. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүү
1. Деңиз камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу шартталган акы (камсыздандыруу сый акысы) үчүн деңиз камсыздандыруу келишиминде каралган, камсыздандыруу объекти дуушар болгон коркунучтардан же кокустуктардан келип чыккан камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандырылуучуга же анын пайдасына мындай келишим түзүлгөн башка жакка (пайда табуучуга) келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенет.
2. Деңиз объектине жараша деңиз камсыздандыруу келишими камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучулар, же болбосо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган эл аралык камсыздандыруу клубдары менен гана түзүлөт.
3. Кемелери Кеме реестринде катталган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган бардык кеме ээлери деңиз камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттүү. Деңиз камсыздандыруу келишиминин жоктугу же деңиз камсыздандыруу келишиминин мөөнөтүнүн өтүп кетиши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун автоматтык түрдө токтотот, ал эми 30 күн өткөндөн кийин Кеме реестринен чыгарылат. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы жоопкерчиликти камсыздандыруунун колдонуудагы сертификаттарынын ачык электрондук реестрин жүргүзөт.
177-берене. Колдонулуучу жөнгө салуу
Деңиз камсыздандыруу келишимине карата колдонулуучу камсыздандыруу шарттары ушул главанын жоболорун жана камсыздандыруучуну камсыздандыруу эрежелерин эске алуу менен кеме сүзгөн райондогу лицензияланган камсыздандыруучу тарабынан белгиленет.
178-берене. Келишим түзүлгөндүгүнүн далилдери
Деңиз камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Мындай келишимдин болушу жана мазмуну документтер менен гана тастыкталышы мүмкүн.
179-берене. Деңиз камсыздандыруусунун объекти
1. Деңиз камсыздандыруусунун объекти болуп соода үчүн деңизде сүзүү менен байланышкан кандай болбосун мүлктүк кызыкчылык болушу мүмкүн:
1) кеме, анын ичинде курулуп жаткан кеме;
2) жүк, фрахт, жол кире жана багаж;
3) кемени пайдалангандыгы үчүн акы;
4) ташылган жүктөн күтүлгөн пайда;
5) кеме, жүк же фрахт менен камсыз кылынган деңиз талаптары;
6) капитанга жана кеме экипажынын башка мүчөлөрүнө эмгек акы жана башка төлөмдөр, анын ичинде репатриациялоого чыгашалар;
7) кеме ээсинин жана ташуучунун жарандык жоопкерчилиги, ошондой эле камсыздандыруучу өзүнө алган тобокелдик (кайра камсыздандырууда).
2. Камсыздандыруу объекти деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.
180-берене. Камсыздандыруу тобокелдиги жөнүндө маалымат
1. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу өзүнө алган милдеттенмелеринин негизинде билүүгө тийиш болгон тобокелдиктин даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жагдайлар жөнүндө камсыздандыруучуга бардык маалыматты, ошондой эле камсыздандыруучу сураган башка маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу бул милдеттен жалпыга белгилүү болгон маалыматтарга, ошондой эле камсыздандыруучуга белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон маалыматтарга карата гана бошотулат.
2. Эгерде камсыздандырылуучу зарыл маалыматтарды билдирбесе же туура эмес дайындарды берсе, камсыздандыруучу келишимден баш тартууга укуктуу.
3. Эгерде тобокелдиктин даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жана камсыздандырылуучу билдирбеген жагдайлар кийин жок болуп кетсе, камсыздандыруучу деңиз камсыздандыруу келишимин аткаруудан баш тартууга укуксуз.
4. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу сураган маалыматтар жөнүндө суроолорго камсыздандырылуучунун жооптору жок болсо, камсыздандыруучу мындай маалыматтар ага билдирилбегендигинин негизинде кийин деңиз камсыздандыруу келишимин аткаруудан баш тарта албайт.
181-берене. Камсыздандыруу полиси жана камсыздандыруу сый акысы
1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга деңиз камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгүн тастыктаган документти (камсыздандыруу полисин, камсыздандыруу сертификатын же башка камсыздандыруу документин) берет, ошондой эле камсыздандырылуучуга камсыздандыруу шарттарын тапшырат.
2. Камсыздандыруу полиси камсыздандыруу келишиминин бар болушун тастыктайт.
3. Камсыздандырылуучу деңиз камсыздандыруу келишиминде шартталган мөөнөттө камсыздандыруучуга камсыздандыруу сый акысын төлөөгө милдеттүү.
4. Деңиз камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый акысы төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет.
182-берене. Пайда алуучунун пайдасына келишим түзүү
1. Деңиз камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу тарабынан өзүнүн пайдасына же келишимде көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн пайда табуучунун пайдасына түзүлүшү мүмкүн.
2. Деңиз камсыздандыруу келишими пайда алуучунун пайдасына түзүлгөн учурда камсыздандырылуучу бул келишим боюнча бардык милдеттерди алат. Ушундай эле милдеттерди, эгерде ал келишим түзүүгө макулдугун берсе, аны түзүүгө тапшырма берсе же камсыздандырууга кийин макулдугун билдирсе, пайда алуучу да алат.
3. Пайда алуучунун пайдасына камсыздандырууда камсыздандырылуучу деңиз камсыздандыруу келишиминде берилген бардык укуктардан пайда алуучунун ишеним катысыз пайдаланат.
183-берене. Полисти камсыздандыруучуга көрсөтүү
Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө камсыздандыруучу камсыздандыруу полисин же камсыздандыруучу тарабынан берилген башка камсыздандыруу документин берүүнү талап кылууга укуктуу.
184-берене. Камсыздандыруу суммасы
1. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу тиешелүү кызыкчылыкты ал камсыздандырган сумманы (камсыздандыруу суммасын) жарыялоого милдеттүү.
2. Кемени, жүктү же башка мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу суммасы деңиз камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурдагы алардын чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркынан) ашпоого тийиш. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандырылуучу аны атайылап адаштыргандыгын далилдебесе, тараптар деңиз камсыздандыруу келишиминде аныкталган мүлктүн камсыздандыруу наркын талаша албайт.
3. Эгерде жарыяланган камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу объектинин иш жүзүндөгү наркынан төмөн болсо, камсыздандыруучу чыгымдар үчүн камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата катышына пропорционалдуу жоопкерчилик тартат.
4. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан ашса, мындай келишим камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркынан ашкан бөлүгүнө карата жараксыз болуп саналат.
185-берене. Көптөгөн камсыздандыруу
1. Бир эле мүлккө карата бир нече деңиз камсыздандыруу келишимдери түзүлүп, алардын жалпы суммасы анын реалдуу наркынан ашкан учурда камсыздандыруунун ордун толтуруу деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Кыргыз Республикасынын камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коммерциялык эмес кемелерине карата колдонулат, мында камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун макулдугу келишимде чагылдырылууга тийиш.
2. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу бир эле мүлккө карата түзүлгөн башка камсыздандыруу келишимдери бар экендиги жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
186-берене. Мүлктү тутумдуу камсыздандыруу
1. Камсыздандырылуучу ташыган товардын же жүктүн партияларын бирдей шарттарда тутумдуу камсыздандыруу ташылуучу же жөнөтүлүүчү товардын же жүктүн ар бир партиясы үчүн камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу полистерин (камсыздандыруу сертификаттарын же башка камсыздандыруу документтерин) берүү менен башкы деңиз камсыздандыруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Башкы деңиз камсыздандыруу келишиминин мазмуну менен товардын же жүктүн ар бир партиясы үчүн берилген камсыздандыруу полисинин (камсыздандыруу сертификатын же башка камсыздандыруу документин) мазмунунун ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда, камсыздандыруу полиси артыкчылыкка ээ болот.
187-берене. Башкы камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучунун милдеттери
1. Камсыздандырылуучу башкы камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жүктүн ар бир партиясын жөнөтүүдө камсыздандыруучуга бардык зарыл болгон маалыматтарды аларды алуусуна жараша, анын ичинде жүк ташылып жаткан кеменин аталышын жана маршрутун, камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн дароо билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу тиешелүү маалыматтарды ал жүк бара турган жерине бузулбаган абалда жеткирилгенден кийин алса дагы бул милдеттен бошотулбайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камсыздандырылуучу тарабынан билдирилбеген же өз убагында билдирилбеген учурда камсыздандыруучу тийиштүү жүктү ташууда камсыздандырылуучу тарткан зыяндын ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу. Мында камсыздандырылуучу зарыл маалыматтарды билдирбегендиги же өз убагында билдирбегендиги үчүн аны күнөөлүү деп табуу мүмкүн эместигин далилдеген учурлардан тышкары, камсыздандыруучунун камсыздандыруу сый акысына болгон укугу сакталат.
3. Эгерде камсыздандырылуучу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды өз убагында атайылап билдирбесе же бербесе, же жүктүн түрүн жана тегин же болбосо камсыздандыруу суммасын атайылап туура эмес белгилесе, камсыздандыруучу башкы камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруудан баш тартууга укуктуу. Мында камсыздандырылуучу деңиз камсыздандыруу келишиминин шарттарын толук көлөмдө аткарган учурда ал алышы мүмкүн болгон камсыздандыруу сый акысына болгон укугу камсыздандыруучуда сакталат.
188-берене. Камсыздандырылган жүктү ээликтен ажыратуу
1. Камсыздандырылган жүк ээликтен ажыратылган учурда деңиз камсыздандыруу келишими күчүндө калат, мында камсыздандырылуучунун андан келип чыгуучу бардык укуктары жана милдеттери жүктү сатып алуучуга өтөт.
2. Эгерде камсыздандырылган жүк ээликтен ажыратылганга чейин камсыздандыруу сый акысы төлөнбөгөн болсо, аны төлөө милдетин камсыздандыруучу да, жүктү сатып алуучу да алат. Мында сый акыны төлөө талабы камсыздандыруу полисинин же сый акы төлөнбөгөндүгү көрсөтүлбөгөн башка камсыздандыруу документинин кармоочусуна карата юридикалык күчкө ээ эмес.
189-берене. Камсыздандырылган кемени ээликтен ажыратуу
Камсыздандырылган кеме ээликтен ажыратылган учурда деңиз камсыздандыруу келишиминин колдонулушу ээликтен ажыратылган учурдан тартып токтотулат. Кеме рейс учурунда ээликтен ажыратылган учурда келишим рейс аяктаганга чейин күчүндө болот, бирок камсыздандырылуучунун бардык укуктары жана милдеттери кемени сатып алуучуга өтөт.
190-берене. Келишим түзүлгөнгө чейин камсыздандыруу тобокелдигин жокко чыгаруу же чыгымдардын келип чыгышы
1. Деңиз камсыздандыруу келишими, эгерде аны түзүү учурунда камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын келип чыгуу тобокелдиги өтүп кетсе же бул чыгымдар буга чейин эле келтирилген болсо да күчүндө калат. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда камсыздандыруу окуясынын болуу мүмкүнчүлүгү болбостугун билсе же билүүгө тийиш болсо, же болбосо камсыздандыруучу мурда келип чыккан жана камсыздандырылуучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдар жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, бул жагдайлар ага белгилүү болбогон тарап үчүн келишимди аткаруу милдеттүү эмес.
2. Камсыздандыруу сый акысы камсыздандыруучуга деңиз камсыздандыруу келишимин аткаруу ал үчүн милдеттүү болбогон учурда да төлөнүүгө тийиш.
191-берене. Камсыздандырылуучунун атайылап жасалган аракети менен шартталган чыгымдар
1. Этиятсыздык, атайылап жасалган аракет, кеменин деңизде сүзүүгө жараксыздыгы, жүктөрдүн табигый касиеттери, фрахтты камсыздандыруу жана башка себептер менен шартталган башка чыгымдар деңиз камсыздандыруу келишимдерине ылайык же деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коммерциялык эмес кемелерине Кыргыз Республикасынын камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө мыйзамдары колдонулат, мында тараптардын (камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун) макулдугу келишимде чагылдырылууга тийиш.
192-берене. Ядролук зыян
Эгерде ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, камсыздандыруучу зыян үчүн жооп бербейт.
193-берене. Согуштук жана башка аракеттер менен шартталган чыгымдар
Камсыздандыруучу кандай болбосун согуш куралынан, согуш аракеттеринен жана алардын кесепеттеринен, каракчылык аракеттерден, элдик толкундоолордон, иш таштоолордон, ошондой эле тиешелүү бийликтердин талабы боюнча кемени же анын жүгүн конфискациялоодон, реквизициялоодон, камакка алуудан, жок кылуудан келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
194-берене. Камсыздандыруу тобокелдигинин деңгээлинин өзгөрүшү жөнүндө билдирүү
1. Камсыздандырылуучу бул ага белгилүү болуп калгандан кийин камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектинде же ага карата болгон кандай болбосун олуттуу өзгөрүү жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү (эксплуатациялоо районунун өзгөрүшү, рейдде же ачык деңизде борттон бортко кайра жүктөө, ташуу ыкмасынын же жүк түшүрүү портунун өзгөрүшү, кеменин белгиленген же кадимки жолунан четтөөсү, кыштоого токтоосу жана башка өзгөрүүлөр).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктин деңгээлин жогорулатуучу өзгөртүүлөр (адамдарды, кемелерди же жүктөрдү куткаруудан келип чыккан учурларды кошпогондо) камсыздандыруучуга мындай өзгөртүүлөр болгон учурдан тартып келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга, кошумча камсыздандыруу сый акысын төлөөнү талап кылууга же деңиз камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотууга укук берет.
3. Эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга тобокелдик деңгээлинин олуттуу өзгөрүшү жөнүндө кабарлабаса, камсыздандыруу келишимин колдонуу мындай өзгөрүү болгон учурдан тартып токтотулат. Мында камсыздандыруучу келишимди колдонулушун жаңы шарттарда улантууга жазуу жүзүндө макул болууга укуктуу.
195-берене. Чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу
1. Камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда камсыздандырылуучу же пайда алуучу чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу максатында өзүнө жеткиликтүү болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга дароо кабарлоо жана эгерде мындай көрсөтмөлөр берилсе, анын көрсөтмөлөрүн аткаруу зарыл.
2. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучу же пайда алуучу аларды алдын алуу же азайтуу үчүн чараларды атайылап же одоно этиятсыздык менен көрбөгөндүгүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
3. Камсыздандырылуучу же пайда алуучу тарабынан чыгымдарды алдын алуу же азайтуу максатында жүргүзүлгөн чыгашалар бул чаралар оң натыйжага алып келбеген учурда да камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан төмөн болгон учурларда мындай чыгашалардын орду камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына болгон катышына пропорционалдуу толтурулат.
196-берене. Жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдү төлөө
Камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун талабы боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасынын чегинде жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдү төлөөгө милдеттүү.
197-берене. Жалпы авария учурунда камсыздандыруучунун кызыкчылыктарын коргоо
Камсыздандыруу шарттары менен жабылуучу, жалпы авария боюнча диспашаны түзүүдө камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү.
198-берене. Камсыздандыруучуну келишим боюнча милдеттенмелерден бошотуу
1. Камсыздандыруу окуясы болгондон кийин камсыздандыруучу толук камсыздандыруу суммасын төлөп, деңиз камсыздандыруу келишими боюнча башка милдеттенмелерден өзүн бошотууга укуктуу. Бул укуктан пайдалануу ниети жөнүндө билдирүүнү ал камсыздандырылуучуга же пайда алуучуга жети күндүк мөөнөттө жиберет. Камсыздандырылуучу же пайда алуучу аталган билдирүүнү алганга чейин чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу максатында гана жүргүзгөн чыгашалардын ордун камсыздандыруучу толтурат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурда камсыздандыруу суммасын төлөөдө камсыздандыруучу камсыздандырылган мүлккө карата укукка ээ болбойт.
199-берене. Камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун чыгашаларынын ордун толтуруу
1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга же пайда алуучуга төмөнкүдөй максаттарда тарткан чыгашаларынын ордун толтурууга милдеттүү:
1) камсыздандыруучу жооптуу болгон чыгымдарды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу;
2) камсыздандыруучунун ушул Кодекстин 195-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык берген көрсөтмөлөрүн аткаруу;
3) камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын бар экендигин белгилөө жана алардын өлчөмүн аныктоо;
4) диспашаны түзүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашалардын орду камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата катышына пропорционалдуу толтурулат.
200-берене. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу суммасынан тышкары жоопкерчилиги
1. Камсыздандыруучу ушул Кодекстин 199-беренесинде көрсөтүлгөн чыгашалар, ошондой эле жалпы авария боюнча төгүмдөр камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасы менен бирге камсыздандыруу суммасынан ашып кеткен учурларда да мындай чыгашалардын жана төгүмдөрдүн ордун толтурат.
2. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу мындай чыгымдардын жалпы суммасы камсыздандыруу суммасынан ашып кетсе да, ырааттуу келген бир нече камсыздандыруу окуяларынын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
201-берене. Кеменин дайынсыз жоголуусу
1. Эгерде узактыгы конкреттүү жагдайларга жараша болгон жетиштүү мөөнөттүн ичинде кеме жөнүндө эч кандай маалыматтар келип түшпөсө, ал дайынсыз жоголду эсептелет. Кемени дайынсыз жоголду деп таануу үчүн зарыл болгон мөөнөт кеме жөнүндө акыркы кабар алынган күндөн тартып бир айдан кем эмес жана үч айдан ашык болушу мүмкүн эмес, ал эми согуш аракеттеринин шарттарында мындай мөөнөт алты айдан кем болушу мүмкүн эмес.
2. Кеме дайынсыз жоголгон учурда камсыздандыруучу толук камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.
3. Кемени белгилүү бир мезгилге деңиз камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучу, эгерде кеме жөнүндө акыркы кабар келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алынган болсо жана эгерде камсыздандыруучу кеменин бул мөөнөт аяктагандан кийин дайынсыз жоголгондугун далилдеп бербесе, кеменин дайынсыз жоголгондугу үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Кеменин дайынсыз жоголгондугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн негиз болуп ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн ичинде кемеден маалыматтар келип түшпөгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле кеме бара турган пунктка же маршруттун башка белгиленген чекитине келбегендигинин тастыкталышы саналат. Күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет жана камсыздандыруучуга талап коюу үчүн негиз болуп саналат.
202-берене. Абандон
1. Камсыздандырылуучу же пайда алуучу камсыздандыруучуга абандон - камсыздандырылган мүлккө болгон өз укуктарынан баш тартуу жана төмөнкүдөй учурларда толук камсыздандыруу суммасын алуу тууралуу билдириши мүмкүн:
1) кеме дайынсыз жоголгондо;
2) камсыздандырылган кемени калыбына келтирүүнүн же оңдоонун экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы (конструктивдүү толук кыйроосу);
3) камсыздандырылган жүктүн бузулууларын четтетүүнүн же аны бара турган жерине жеткирүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы;
4) мындай коркунучтан камсыздандырылган кеме жана/же жүк басып алынганда, эгерде басып алуу эки айдан ашык созулса;
5) кеме жана/же жүк иш жүзүндө толук кыйраганда.
203-берене. Абандон учурунда камсыздандырылган мүлккө укуктун камсыздандыруучуга өтүүсү
1. Ушул Кодекстин 202-беренесинде каралган учурларда камсыздандыруучуга төмөнкүдөй укуктар өтөт:
1) бардык камсыздандырылган мүлккө укуктар - мүлктү толук наркында камсыздандырууда;
2) камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата катышына пропорционалдуу камсыздандырылган мүлктүн үлүшүнө болгон укуктар - мүлктү толук эмес наркында камсыздандырууда.
204-берене. Абандон жөнүндө билдирүү
1. Абандон жөнүндө билдирүү камсыздандыруучуга ушул Кодекстин 201 жана 202-беренелеринде каралган мөөнөттөр аяктаган же жагдайлар болгон күндөн тартып бир айдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Алты айлык мөөнөт аяктагандан кийин камсыздандырылуучу же пайда алуучу абандонго болгон укугунан ажыратылат, бирок чыгымдардын ордун толтурууну жалпы негизде талап кыла алат.
3. Абандон жөнүндө билдирүү камсыздандырылуучу же пайда алуучу тарабынан шарттуу түрдө жасалат жана кайра кайтарып алынышы мүмкүн эмес.
205-берене. Абандонду жокко чыгаруу
Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) абандонго байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтурууну алгандан кийин кеме кыйрабагандыгы же басып алынган кеме жана (же) жүк бошотулгандыгы аныкталса, камсыздандыруучу камсыздандырылуучудан (пайда алуучудан) мүлктү өзүнө калтыруусун талап кылууга укуктуу. Бул учурда камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу окуясынын натыйжасында келтирилген, реалдуу зыянга туура келген бөлүгүн алып салуу менен алган камсыздандыруунун ордун толтурууну кайтарып берүүгө милдеттүү.
206-берене. Суброгация
1. Камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөгөн камсыздандыруучуга төлөнгөн сумманын чегинде камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун зыян келтирүү үчүн жооптуу болгон жакка карата талап коюу укугу өтөт. Бул укук камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруунун ордун толтурууну алган жак үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде камсыздандырылуучу же пайда алуучу зыян келтирүү үчүн жооптуу болгон жакка талап коюу укугунан баш тартса же бул укукту жүзөгө ашыруу анын күнөөсү боюнча мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотулат.
207-берене. Далилдерди камсыздандыруучуга берүү
Ушул Кодекстин 202, 203 жана 206-беренелеринде каралган учурларда камсыздандырылуучу же пайда алуучу камсыздандыруучуга документтерди жана буюм далилдерин берүүгө, ошондой эле ага камсыздандыруучунун ага өткөн укуктарды жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.
208-берене. Келтирилген зыян үчүн жооптуу болгон жактан ордун толтурууну алуу
Эгерде камсыздандырылуучу же пайда алуучу келтирилген зыян үчүн жооптуу болгон жактан ордун толтурууну алса, камсыздандыруучу деңиз камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча төлөнүүгө тийиш болгон сумма менен камсыздандырылуучу же пайда алуучу аталган жактан алган сумманын ортосундагы айырманы гана төлөйт.
21-глава. Өз ара камсыздандыруу
209-берене. Өз ара камсыздандыруу коомдору
1. Кеме ээлери жана камсыздандыруучулар өздөрүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруу максатында улуттук өз ара камсыздандыруу коомдорун түзө алат жана (же) эл аралык өз ара камсыздандыруу коомдоруна (өз ара камсыздандыруу клубдарына) кире алат.
2. Кемелери кеме реестрлеринде катталган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган кеме ээлери Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына эл аралык өз ара камсыздандыруу коомуна киргендиги жөнүндө мындай кирүүнү жана камсыздандыруу жабуусунун бар экендигин тастыктаган документти көрсөтүү менен билдирүүгө милдеттүү.
210-берене. Коомдордун компетенциясы
1. Өз ара камсыздандыруу коомдору камсыздандыруу ишин жүргүзөт, ошондой эле соода үчүн деңизде сүзүү практикасына тиешелүү болгон укуктук, техникалык жана коммерциялык маселелер боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт.
2. Улуттук өз ара камсыздандыруу коомдорун түзүүнүн тартиби, түзүмү жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү устав менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
211-берене. Өз ара камсыздандыруу коомдорунун кепилдиктери
Таанылган эл аралык өз ара камсыздандыруу коомдорунун жазуу жүзүндөгү милдеттенмелери, эгерде соттун чечими менен башкача белгиленбесе, кемеден камакты алып салуу же анын камалышын болтурбоо үчүн талаптагыдай финансылык камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынат.
IX БӨЛҮМ. ДЕҢИЗДЕГИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР
22-глава. Жалпы авария
212-берене. Жалпы авария түшүнүгү
1. Жалпы авария деп жалпы деңиз иш-чарасына катышкан мүлктү - кемени, фрахтты жана кеме менен ташылып жаткан жүктү коркунучтан сактоо максатында жалпы коопсуздук үчүн атайылап жана негиздүү түрдө жасалган өзгөчө чыгашалардан жана курмандыктардан улам тартылган чыгымдар таанылат.
2. Жалпы авария деп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттердин түздөн-түз кесепети болгон чыгымдар гана таанылат.
3. Жалпы авария кеменин, жүктүн жана фрахттын ортосунда жалпы деңиз иш-чарасы аяктаган учурдагы жана жердеги алардын ушул Кодекстин 223 жана 231-беренелеринде белгиленген эрежелерге ылайык аныкталуучу наркына жараша бөлүштүрүлөт.
4. Жалпы деңиз иш-чарасы алардын бардыгы куткаруу операциясына эмес, коммерциялык ишке катышкан шартта бир же бир нече кеме башка кемени же кемелерди сүйрөгөн же түрткөн учурларда да орун алат.
Ушул главада белгиленген эрежелер кемелерди жана алардын жүктөрүн (бар болсо) жалпы коркунучтан сактоо боюнча чаралар көрүлгөн учурларда колдонулат.
Эгерде башка кемеден же кемелерден жөнөкөй ажыратуунун натыйжасында кеме коопсуз абалда болсо, ал башка кеме же кемелер менен чогуу жалпы коркунучка кабылбайт. Ажыратуунун өзү жалпы авария актын билдирген учурда жалпы деңиз иш-чарасы уланууда деп эсептелет.
213-берене. Жалпы аварияда укуктарды колдонуу
1. Жалпы авариядан келип чыккан укуктук мамилелер, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жалпы авария үчүн негиз болгон окуядан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында кеме анын портунда рейсин аяктаган мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Эгерде жалпы авариядан кызыкчылыктары козголгон бардык жактар бир мамлекеттин резиденттери (жарандары же юридикалык жактары) болсо, ошол мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.
3. Тараптардын макулдашуусунда бул каралган учурларда, ошондой эле авариянын түрүн аныктоодо, жалпы авариялык чыгымдардын өлчөмдөрүн аныктоодо жана аларды бөлүштүрүүдө колдонулууга тийиш болгон мыйзам толук эмес болгон учурларда жалпы авария жөнүндө Йорк-Антверпен эрежелери жана соода үчүн деңизде сүзүүнүн башка эл аралык салттары колдонулат.
4. Өзгөчө чыгашаларды же курмандыктарды алып келүүчү кырдаал жалпы деңиз иш-чарасынын катышуучуларынын биринин же үчүнчү жактын күнөөсү боюнча келип чыккан учурда дагы жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде чыгымдын ордун толтуруу укугу сакталат. Мындай бөлүштүрүү башка катышуучуларды күнөөлүү жактан чыгымдарды өндүрүп алуу укугунан ажыратпайт.
214-берене. 215-223-беренелерди колдонуу чөйрөсү
Ушул Кодекстин 215-223-беренелеринде белгиленген эрежелерди кошпогондо, ушул главада белгиленген эрежелер тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбеген учурларда колдонулат.
215-берене. Жалпы авария катары таанылган чыгымдар
Ушул Кодекстин 212-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ылайык жалпы авария деп төмөнкүлөр таанылат:
1) жүктү же кеме жабдууларын борттон ыргытуудан, ошондой эле жалпы куткаруу үчүн чараларды көрүүдө кеменин же жүктүн бузулгандыгынан келип чыккан, анын ичинде жүктү ыргытуу үчүн ачылган люктар же бул үчүн кесилген башка тешиктер аркылуу трюмдарга суунун киришинен улам келип чыккан чыгымдар;
2) өрттү өчүрүүдө кемеге же жүккө келтирилген чыгымдар, анын ичинде күйүп жаткан кемени ушул максатта суу каптатуу менен шартталган чыгымдар;
3) кемени атайылап тайыз жерге отургузуудан жана мындай кемени тайыз жерден чыгаруудан келип чыккан чыгымдар;
4) кемени тайыз жерден чыгарууда кыймылдаткычтардын, от казандардын, башка жабдуулардын бузулгандыгынан улам келип чыккан чыгымдар;
5) лихтерлерди жалдоо, жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин тайыз жерге отуруп калган кемеден лихтерлерге жүктөө, лихтерлерден тайыз жерден чыгарылган кемеге кайра жүктөө менен байланышкан чыгымдар;
6) бул операцияларды жасоо боюнча чыгашалар жалпы аварияга кирген учурларда жүктүн, күйүүчү майдын же жабдуу предметтеринин аларды кемеде жылдыруу, түшүрүү, кайра жүктөө жана жайгаштыруу, ошондой эле сактоо учурунда бузулгандыгы же жоголгондугу себеп болгон чыгымдар;
7) куткаруу келишимдин негизинде же ансыз жүзөгө ашырылгандыгына карабастан, куткаруу операцияларын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар;
8) жүктү жоготуунун орду жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде толтурулган учурларда мындай жоготуудан келип чыккан фрахттын жоголушу, мында фрахттан жүк ташуучу тарабынан аны алуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон, бирок атайылап жоготууга байланыштуу жүргүзүлбөгөн чыгашалар чыгарып салынат.
216-берене. Жалпы аварияга тиешелүү чыгашалар
Жалпы аварияга төмөнкүлөр кирет:
1) кемени баш калкалоочу жайга мажбурлап киргизүүгө же жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кырсыктан же болбосо башка өзгөчө кырдаалдан улам анын жөнөтүү портуна кайтып келүүсүнө байланыштуу келип чыккан чыгашалар;
2) кеменин баштапкы жүк менен же жүктүн бир бөлүгү менен коопсуз жерден же кеме кайтып келүүгө мажбур болгон жөнөтүү портунан чыгышына байланышкан чыгашалар;
3) жөнөтүү портунда, кирүү портунда же баш калкалоочу жайда жалпы коопсуздукту камсыз кылуу же кырсыктан же болбосо башка өзгөчө кырдаалдардан улам кеменин бузулуусун жоюу мүмкүнчүлүгүн алуу максатында жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин жылдыруу же түшүрүү боюнча чыгашалар, эгерде оңдоо рейсти коопсуз улантуу үчүн зарыл болсо;
4) ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларда жылдырылган же түшүрүлгөн жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин кайра жайгаштыруу же жүктөө боюнча чыгашалар, ошондой эле сактоо жана камсыздандыруу боюнча бардык чыгашалар. Эгерде кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылса же рейсти улантпаса, сактоо боюнча чыгашалар кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылган күнгө чейин же рейстен баш тарткан күнгө чейин, же эгерде кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылган же бул күнгө чейин рейстен баш тарткан болсо, жүктү түшүрүү аяктаган күнгө чейин жалпы аварияга кирет;
5) ушул берененин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайларда кеменин баш калкалоочу жайга кирүүсүнүн же жөнөтүү портуна кайтып келүүсүнүн натыйжасында рейстин узартылышына байланыштуу тартылган, кеме экипажынын эмгек акысы жана күтүү, күйүүчү май жана жабдуу предметтери боюнча чыгашалар. Эгерде кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылса же рейсти улантпаса, мындай чыгашалар кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылган күнгө чейин же рейстен баш тартылган күнгө чейин, же эгерде кеме сүзүүгө жараксыз деп таанылган же бул күнгө чейин рейстен баш тарткан болсо, жүктү түшүрүү аяктаган күнгө чейин жалпы аварияга кирет;
6) кеме кырсыктан же башка өзгөчө кырдаалдан улам же болбосо рейсти коопсуз улантуу үчүн бузулууларды оңдоо талап кылынган жагдайлар менен шартталган бузулууларды оңдоо үчүн жалпы коопсуздуктун кызыкчылыгында кечиктирилгенде экипаждын эмгек акысы жана күтүү боюнча чыгашалар. Кеме кечиктирилген мезгилде күйүүчү майга, жабдууларга кеткен чыгашалардын жана порттук чыгашалардын орду жалпы аварияга кирбеген оңдоо менен байланышкан чыгашаларды кошпогондо, жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде толтурулат;
7) ушул берененин 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн, биринчи баш калкалоочу жайда оңдоо жүргүзүүнүн мүмкүн эместигинен улам кемени бир баш калкалоочу жайдан экинчисине которуу зарылчылыгынан келип чыккан чыгашалар, ошондой эле мындай которууга кеткен чыгашалар, анын ичинде кемени убактылуу оңдоого жана сүйрөөгө кеткен чыгашалар;
8) жөнөтүү портунда, кирүү портунда же жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн баш калкалоочу жайда жүргүзүлгөн кемени убактылуу оңдоонун наркы, ошондой эле жалпы аварияга кирген бузулууларды убактылуу жоюунун наркы. Рейсти аяктоо үчүн гана зарыл болгон кокусунан келип чыккан бузулууларды убактылуу жоюунун наркынын орду, эгерде бул бузулуулар жоюлбаса, жалпы аварияга киргизилиши мүмкүн болгон болтурулбаган чыгашалардын чегинде гана толтурулат;
9) жалпы аварияга киргизилиши мүмкүн болгон башка чыгашалардын ордуна жүргүзүлгөн бардык өзгөчө чыгашалар. Өзгөчө чыгашалардын орду жалпы аварияда кызыкчылыктары козголгон жактардын кимдир бирөөсү мындай алмаштыруунун натыйжасында алган үнөмдөөгө карабастан, болтурулбаган чыгашалардын чегинде гана толтурулат.
217-берене. Жалпы аварияны бөлүштүрүү
Жалпы авария ушул Кодекстин 212-беренесинде белгиленген тартипте жана атайылап жоготууга же өзгөчө чыгашаларга алып келген коркунуч кемеге, жүккө же фрахтка карата мүлктүк кызыкчылыгы болгон жактын күнөөсү боюнча келип чыккан учурда бөлүштүрүлөт. Мындай бөлүштүрүү кызыкчылыктары жалпы авария менен козголгон башка жактарды тарткан чыгымдарын жооптуу болгон жактан өндүрүп алуу укугунан, ошого тете жооптуу жакты мүмкүн болгон коргоо каражаттарынан ажыратпайт.
218-берене. Жарыяланбаган же туура эмес жарыяланган жүк
1. Кеме ээсине же анын агенттерине билдирбестен кемеге жүктөлгөн жүктөрдүн бузулгандыгынан же жок кылынгандыгынан, ошондой эле ташуу үчүн атайылап туура эмес аталышта берилген жүктөрдүн бузулгандыгынан же жок кылынгандыгынан улам тарткан чыгымдар ушул Кодекстин 212-беренесинде белгиленген тартипте бөлүштүрүлбөйт. Эгерде бул жүктөр куткарылган болсо, алардын ээлери жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн жалпы негизде төгүмдөрдү төгүүгө милдеттүү.
2. Ташуу үчүн берүүдө жарыяланган наркы алардын иш жүзүндөгү наркынан төмөн болгон жүктөрдүн ээлери жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдү жүктөрдүн иш жүзүндөгү наркына ылайык төгүшөт, бирок чыгымдардын ордун толтурууну жүктөрдүн жарыяланган наркына ылайык алышат.
219-берене. Кеменин бузулуусунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу
1. Кеменин, анын машиналарынын, от казандарынын же башка жабдууларынын бузулуусунан улам келип чыккан жана жалпы авария боюнча орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) кеменин бөлүктөрүн оңдоодо же алмаштырууда - оңдоонун же алмаштыруунун иш жүзүндөгү наркы менен;
2) калган учурларда - кемеге бузулуусунун кесепетинен анын наркы азайган жана оңдоонун бааланган наркынан ашпоого тийиш болгон сумма менен.
2. Кеме иш жүзүндө же толугу менен конструктивдүү түрдө кыйраган учурда, жалпы авария боюнча орду толтурулууга тийиш сумма кеменин бузулбаган абалындагы бааланган наркынан жалпы аварияга тиешелүү болбогон бузулууларды оңдоонун бааланган наркын андан алып салуу менен кемени сатуудан түшкөн таза пайда катары аныкталышы мүмкүн болгон кеменин бузулган абалындагы бааланган наркынын ортосундагы айырманы түзөт.
220-берене. Атайылап бузулган же жоголгон жүктүн наркын аныктоо
1. Жүктү атайылап бузуунун же жоготуунун кесепетинен тартылган жана жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде орду толтурулуучу чыгымдардын өлчөмү алуучу тарабынан берилген эсеп боюнча аныкталуучу, жүктүн түшүрүү учурундагы наркына ылайык, ал эми эсеп жок болгон учурда - жүктүн жүктөө учурундагы наркына ылайык белгиленет. Жүктүн түшүрүү учурундагы наркы камсыздандырууга жана фрахт жүк ээсинин тобокелинде болбосо, фрахтка кеткен чыгашаларды камтыйт.
2. Атайылап бузулган жүктү сатууда орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын өлчөмү ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленген, жүктүн бузулбаган абалындагы наркы менен аны сатуудан түшкөн таза пайданын ортосундагы айырма менен аныкталат.
221-берене. Жалпы авария боюнча орду толтурулуучу кошумча чыгашалар
1. Жалпы авария боюнча орду толтурулуучу чыгашалардын суммасына (экипаждын эмгек акысына жана аны күтүүгө, күйүүчү майга, рейс учурунда алмаштырылбаган шайманга жана жабдуу предметтерине кеткен чыгашалардан тышкары) эки пайыз кошуп эсептелет, ал дагы жалпы авария боюнча чыгашаларга кирет.
2. Жалпы авария боюнча чыгашаларга кемени күрөөгө коюу, жүктөрдү сатуу же кредитти камсыздандыруу жолу менен мындай чыгашаларга зарыл болгон каражаттарды алуу максатында жүргүзүлгөн сарптоолор кирет.
222-берене. Жалпы авария боюнча орду толтурулуучу суммаларга пайыздарды кошуп эсептөө
Жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде орду толтурулуучу чыгашалардын суммасына жана башка суммаларга чыгашалар жүзөгө ашырылган учурдан тартып диспаша түзүлгөнгө чейин жылдык жети пайыз кошуп эсептелет. Эгерде жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде диспаша түзүлгөнгө чейин кандайдыр бир төлөмдөр жүргүзүлгөн болсо, төлөнгөн суммага пайыздар алар төлөнгөн күнгө чейин кошуп эсептелет.
223-берене. Мүлктүн контрибуциялык наркын аныктоо
1. Мүлктүн (кеменин, жүктүн жана фрахттын) жалпы наркын билдирген, жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде орду толтурулуучу чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн өлчөмү ага өлчөмдөш белгиленүүчү контрибуциялык нарк ушул берененин жоболоруна ылайык рейс аяктаган учурдагы бул мүлктүн иш жүзүндөгү таза наркынын негизинде аныкталат. Иш жүзүндөгү наркка, эгерде бул сумма ага киргизилбесе, атайылап жоготулган мүлк үчүн жалпы авария боюнча төлөнүүчү сумма кошулат. Мүлктүн контрибуциялык наркын аныктоодо жалпы аварияга тиешелүү болгон чыгашаларды кошпогондо, жалпы авария актынан кийин бул мүлккө карата жүргүзүлгөн бардык кошумча чыгашалар эске алынбайт.
2. Жүктүн контрибуциялык наркы алуучуга берилген эсептин негизинде белгиленүүчү, анын түшүрүү учурундагы наркы менен, ал эми эсеп жок болгон учурда - жүктүн жүктөө учурундагы наркынын негизинде аныкталат. Жүктүн наркы камсыздандырууга жана эгерде фрахт жүк ээсинин тобокелдигинде болбосо, жүктү түшүрүүгө чейин же түшүрүү учурунда анын жок болуусунун же бузулуусунун кесепетинен улам келтирилген чыгымдардын суммасын алып салуу менен фрахтка кеткен чыгашаларды камтыйт. Жүк бара турган жерине жакын жерде сатылган учурда анын контрибуциялык наркы ага жалпы авария боюнча орду толтурулуучу сумманы кошуу менен сатуудан түшкөн таза пайданын суммасы менен аныкталат.
3. Кеменин контрибуциялык наркы кеме жалпы авария акты учурунда тайм-чартер же бербоут-чартер шарттарында фрахттоо объекти болгон жагдайларды эске албастан аныкталат.
4. Мүлктүн контрибуциялык наркын аныктоодо кеме ээсинин тобокелдигинде болгон фрахттан кеме жана жүк жалпы аварияга алып келген жагдайларда жок кылынганда төлөнбөй турган жана жалпы аварияга киргизилбей турган, фрахтты алуу максатында жүргүзүлгөн чыгашалар (анын ичинде кеме экипажынын эмгек акысы) алып салынат.
5. Жүргүнчүлөрдүн коносамент берилбеген багажы жана жеке мүлкү мүлктүн контрибуциялык наркын жана жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоодо эске алынбайт.
224-берене. Диспаша. Диспашерлер
Кызыкдар жактардын арызы боюнча диспашерлер - деңиз укугу жаатында билими жана тажрыйбасы бар адистер жалпы авариянын болушун белгилейт жана диспашаны түзүшөт.
225-берене. Диспаша алардын негизинде түзүлүүчү далилдер жана материалдар
1. Жалпы аварияны бөлүштүрүүнү талап кылган тарап билдирилген чыгымдар же чыгашалар жалпы авария деп таанылууга тийиш экендигин далилдөөгө милдеттүү.
2. Диспаша алардын негизинде түзүлүүчү бардык документтер кызыкдар жактардын таанышуусу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Алардын талабы боюнча диспашер акыга мындай документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн аларга берүүгө милдеттүү.
226-берене. Диспашаны түзүү үчүн жыйым
Диспашаны түзүү үчүн жыйым алынат, ал диспашага киргизилет жана жалпы авариядан улам кызыкчылыктары козголгон бардык кызыкдар жактардын ортосунда алар тарткан жоготууларга пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
227-берене. Диспашаны оңдоо жана талашуу
1. Диспашалар реестринде катталгандан кийин диспашада табылган каталар диспашер тарабынан өз демилгеси боюнча же жалпы авария алардын ортосунда бөлүштүрүлгөн жактардын арызы боюнча, диспашага толуктоону - анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган аддендумду түзүү аркылуу оңдолушу мүмкүн.
2. Диспаша же ага карата аддендум алынган күндөн тартып алты айдын ичинде кызыкдар жактар диспашаны диспашердин жайгашкан жери боюнча же бул тууралуу диспашерге кабарлоо жана ага доо арызынын көчүрмөсүн жөнөтүү менен келишимде белгиленген соттук караштуулук эрежелерине ылайык сотто талаша алат.
3. Диспашер мыйзамдарда каралган учурларда сотто диспаша жөнүндө талаш-тартышты кароого катышууга жана иштин маңызы боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
228-берене. Диспашанын аткарылышы
1. Эгерде диспаша ушул Кодекстин 227-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө талашылбаса же болбосо талашылса, бирок сот тарабынан күчүндө калтырылса, ал боюнча өндүрүп алуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Сот тарабынан өзгөртүлгөн диспаша боюнча өндүрүп алуу да ушул Кодексте белгиленген тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
229-берене. Эл аралык укуктук ченемдерди колдонуу
1. Зарыл болгон учурда диспашер авариянын түрүн аныктоодо, жалпы авариянын өлчөмдөрүн эсептөөдө жана диспашаны түзүүдө соода үчүн деңизде сүзүү жаатындагы эл аралык укуктук ченемдерди жетекчиликке алышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коммерциялык эмес кемелерине карата диспашер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышы мүмкүн.
23-глава. Жеке авария
230-берене. Жеке авария түшүнүгү
Ушул Кодекстин 212, 215 жана 216-беренелерине ылайык жалпы авариянын белгисине кирбеген, ошондой эле 231-беренесинде көрсөтүлгөн чыгымдар жана чыгашалар жеке авария деп таанылат. Бул чыгымдарды жана чыгашаларды аларды тарткан же алардын келтирилиши үчүн жооп берген жак тартат.
231-берене. Жалпы авария деп таанылбаган чыгымдар жана чыгашалар
Ушул Кодекстин 212-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер болгон учурда да жалпы авария деп төмөнкүлөр таанылбайт:
1) өзүнөн өзү күйүп кеткен, борттон ыргытылган жүктүн жана соода үчүн деңизде сүзүү эрежелерин жана салттарын бузуу менен кемеде ташылган жүктүн наркы;
2) кемедеги өрттү өчүрүүдө түтүндүн же ысып кетүүнүн таасири менен шартталган чыгымдар;
3) деңиз коркунучунан улам кеменин бузулган бөлүктөрүн кесүүдөн жана аларды жоготуудан келтирилген чыгымдар;
4) жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин жөнөтүү портунда, кирүү портунда же баш калкалоочу жайда жылдыруу же түшүрүү боюнча чыгашалар, эгерде кеменин бузулгандыгы жөнөтүү портунда же кирүү портунда табылган болсо, рейс учурунда кырсык болбогон же бузулуу менен байланышкан башка өзгөчө кырдаал келип чыкпаган шартта, ошондой эле эгерде мындай чыгашалар рейс учурунда жылып кеткен жүктү кайра жайгаштыруу максатында гана жасалган болсо жана мындай кайра жайгаштыруу жалпы коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам келип чыкпаган болсо;
5) сууда сүзүп жүргөн кеменин кыймылдаткычтарынын, от казандарынын, башка жабдууларынын иштөөсүн күчөтүүдөн келип чыккан чыгымдар;
6) кеменин бузулгандыгын жоюу учурунда тартылган, кеменин экипажынын эмгек акысына, күтүүгө, күйүүчү майга жана жабдуу предметтерине чыгашалар, эгерде оңдоо рейсти коопсуз улантуу үчүн жасалган болсо дагы, кеменин бузулгандыгы жөнөтүү портунда же кирүү портунда табылган учурларда, рейс учурунда кырсык же бузулууга байланыштуу башка өзгөчө кырдаал болбогон шартта;
7) рейстин узактыгынын (кеменин токтоп турушунан, баалардын өзгөрүшүнөн жана башка жагдайлардан улам келип чыккан) созулушу менен байланышкан кандай болбосун чыгымдар жана чыгашалар.
24-глава. Кемелердин кагылышуусунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу
232-берене. Кемелердин кагылышуусу түшүнүгү
Ушул главада кемелердин кагылышуусу деп түздөн-түз кагылышуу да, бир кеме башка кеменин же анын бортунда болгон жүктүн, башка мүлктүн бузулушуна же маневрди аткарууда же болбосо кемечиликтин эрежелерин сактабагандыгынын кесепетинен кемелердин кагылышуусу болбогон учурда да кемеде болгон адамдарга зыян келтирүүгө себеп болгон учурлар да түшүнүлөт.
233-берене. Кемелер кагылышкан учурда укукту колдонуу
1. Ички же аймактык сууларда кемелердин кагылышуусунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга байланыштуу мамилелер кагылышуу анын чектеринде болгон мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Эгерде кемелердин кагылышуусу ачык деңизде болсо жана талаш-тартыш Кыргыз Республикасында каралса, ушул Кодекстин 234-239-беренелери колдонулат. Мында ачык деңизде чет өлкөлүк жарандардын же чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен кемелердин кагылышуусунда соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон укукту колдонуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, башка мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы тааныган соода үчүн деңизде сүзүү салттарына ылайык аныкталат.
3. Эгерде кагылышкан кемелер бир мамлекеттин туусу астында сүзсө, кагылышуу болгон жерге карабастан ошол мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.
234-берене. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү
1. Ушул главанын жоболору деңиз кемелери деңиз же башка сууларда кагылышкан, ошондой эле деңиз кемелери менен ички сүзүү кемелери кагылышкан учурларда колдонулат.
2. Ушул главанын жоболору тараптардын келишимдерде каралган жоопкерчилигине, ошондой эле ушул Кодекске ылайык бул жоопкерчиликти чектөө укугуна таасир этпейт.
3. Кемелер кагылышкан учурда жардам көрсөтүү ушул Кодекстин 65-беренесинин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
235-берене. Тараптардын күнөөсү жок болгон учурда кагылышуунун кесепеттери
Эгерде кемелердин кагылышуусу кокусунан же болжолдоого жана болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдардан улам болсо, ошондой эле кагылышуунун себептерин аныктоо мүмкүн болбосо, чыгымдарды жабыр тарткан тарап тартат. Бул жобо кемелер же алардын бири кагылышуу учурунда якордо турган же башка жол менен бекитилген учурларда да колдонулат.
236-берене. Бир тараптын күнөөсү боюнча кагылышуу
Эгерде кагылышуу кемелердин биринин күнөөсү боюнча келип чыкса, чыгымдардын орду кагылышуу үчүн күнөөлүү тарап тарабынан толтурулат.
237-берене. Эки же андан көп тараптын күнөөсү боюнча кагылышуу
1. Эгерде кагылышуу эки же андан көп кеменин күнөөсү боюнча болсо, тараптардын ар биринин жоопкерчилиги анын күнөөсүнүн даражасына жараша аныкталат. Эгерде тараптардын ар биринин күнөөсүнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбосо, чыгымдар үчүн жоопкерчилик тараптардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.
2. Кагылышууга күнөөлүү болгон кемелердин ээлери үчүнчү жактардын алдында адамдардын каза болушу же ден соолугуна зыян келтирүү менен байланышкан чыгымдар үчүн биргелешип жоопкерчилик тартат, мында талап кылынгандан ашыкча сумманы төлөгөн кеме ээси башка кеме ээлерине регресстик талап коюуга укуктуу.
238-берене. Лоцмандын күнөөсү боюнча кемелердин кагылышуусу
Ушул Кодекстин 236 жана 237-беренелеринде белгиленген жоопкерчилик деңиз кемелеринин кагылышуусу лоцмандык коштоо милдеттүү болгон күндө да, лоцмандын же лоцман-оператордун күнөөсү боюнча болгон учурда да колдонулат.
239-берене. Кемелер кагылышкан учурда күнөөсүздүк презумпциясы
Кагылышууга катышкан тараптардын бири да анын күнөөсү далилденмейинче күнөөлүү деп эсептелбейт.
25-глава. Булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу
240-берене. Булгануудан улам келтирилген зыян түшүнүгү
Ушул Кодексте булгануудан улам келтирилген зыян деп айлана-чөйрөнү булгоочу чийки мунайдын, мунай өнүмдөрүнүн, адамдын ден соолугуна, деңиз флорасы жана фаунасына кооптуу болгон башка заттардын кемеден агып чыгуусунан же төгүлүүсүнөн келип чыккан зыян түшүнүлөт. Бул зыянга булганууга алып келиши мүмкүн болгон же алып келген окуядан кийин кандай болбосун жак тарабынан зыянды алдын алуу же өлчөмүн азайтуу максатында көрүлгөн рационалдуу чаралардын наркы жана мындай чаралар менен шартталган чыгымдар да кирет.
241-берене. Кеменин менчик ээсинин булгануу үчүн жоопкерчилиги жана жоопкерчиликтен бошотулушу
1. Кеменин менчик ээси ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, булгануудан, анын ичинде кеменин бортунда жайгашкан бункердик күйүүчү май менен булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Кеменин менчик ээси, эгерде булгануудан улам келтирилген зыян төмөнкүлөрдүн кесепетинен улам келтирилгендигин далилдесе, ал үчүн жооп бербейт:
1) алдын ала болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдардан;
2) согуш аракеттеринен же элдик толкундоолордон;
3) үчүнчү жактардын зыян келтирүү ниетиндеги аракеттеринен же аракетсиздигинен;
4) отту, башка навигациялык каражаттарды күтүү үчүн жооп берген жактардын шалаакылыгы же башка укукка жат аракеттери менен шартталган бул каражаттардын бузулушу.
242-берене. Жабырлануучунун атайылап жасалган аракетинен же этиятсыздыгынан улам булгануу
Эгерде кеменин менчик ээси булгануудан зыян толугу менен же жарым-жартылай жабыр тарткан жак тарабынан атайылап же этиятсыздыгы боюнча келтирилгендигин далилдесе, кеменин менчик ээси мындай жактын алдында жоопкерчиликтен толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
243-берене. Бир нече кемелер тарабынан булгануу
Булгануудан улам зыян келтирген бир нече кемелердин менчик ээлери, эгерде ар биринин жоопкерчилигинин даражасын аныктоого мүмкүн болбосо, биргелешкен жоопкерчиликти тартышат.
244-берене. Жоопкерчиликти чектөө
1. Бир жолку инциденттин натыйжасында булгануудан улам келтирилген зыян үчүн кеменин менчик ээсинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген сумма менен чектелиши мүмкүн.
2. Конкреттүү талапка карата мындай эл аралык келишимдер жок болгон учурда жоопкерчиликтин чеги зыян анын деңиз акваториясында келтирилген мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат, бирок ушул Кодекстин 277-беренесинде белгиленген лимиттерден жогору болушу мүмкүн эмес.
245-берене. Жоопкерчиликти чектөө фонду
1. Булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти чектөө максатында, ушул Кодекстин 244-беренесине ылайык кеменин менчик ээси зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюлган сотто акча каражатын (депозитти) которуу же сот тарабынан алгылыктуу жана жетиштүү деп табылган башка камсыздоону берүү жолу менен өзүнүн жоопкерчилигинин чегине барабар суммада чектөө фондун түзүүгө тийиш.
2. Эгерде жоопкерчиликти чектөө фонду бөлүштүрүлгөнгө чейин кеменин менчик ээси же камсыздандыруучу булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурса, ал төлөнгөн сумманын чегинде ушул главага ылайык ордун толтурууну алган жакка таандык болушу мүмкүн болгон укуктарга ээ болот.
3. Атайылап жасалган чыгашалар жана жоготуулар, алар максатка ылайыктуу болгондуктан жана булгануудан зыян келтирүүнү болтурбоо же мындай зыяндын өлчөмүн азайтуу максатында кеменин менчик ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө жүргүзүлгөндүктөн, ага башка кредиторлор ээ болгондой эле жоопкерчиликти чектөө фондуна карата укуктарды берет.
4. Ушул беренеде белгиленген эрежелер 2000 тоннадан ашык мунайзатты, анын ичинде бункердик отун катары колдонулуучу мунайды жүк катары куюп ташыган, деңиз портуна кирген же андан чыккан же болбосо аймактык деңиздеги жээк курулмасына келген же мындай жээк курулмасынан кеткен кемелерге карата да колдонулат.
5. Бункердик отундун сапатына, курамына жана экологиялык коопсуздугуна карата талаптар ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталат.
6. Кеменин менчик ээсинин милдеттенмелери кеменин менчик ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү же кеме ээси, анын ичинде кемени бербоут-чартер боюнча фрахттоочу тарабынан аткарылышы мүмкүн.
246-берене. Доо коюу
1. Булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо кеменин менчик ээсине ушул главанын жоболоруна ылайык гана коюлушу мүмкүн.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн жоболору сакталган шартта ушул главанын негизинде же башка негиздерде булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо төмөнкүлөргө коюлушу мүмкүн эмес:
1) кеменин менчик ээсинин кызматкерлерине, анын ичинде экипаж мүчөлөрүнө, агенттерине;
2) лоцманга, экипаждын мүчөсү болбостон кемеде жумуш аткарган кандай болбосун башка адамга;
3) фрахттоочуга, анын ичинде бербоут-чартер боюнча фрахттоочуга;
4) кеменин менчик ээсинин макулдугу менен же компетенттүү органдардын көрсөтмөсү боюнча куткаруу операциясын аткарган кандай болбосун адамга;
5) алдын алуу чараларын көргөн кандай болбосун адамга;
6) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн жактардын кызматкерлерине жана агенттерине, эгерде зыян алардын атайылап же одоно этиятсыздык менен жасаган аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасы болбосо.
3. Ушул берененин жоболору кеменин менчик ээсинин үчүнчү жактарга регресстик доо коюусуна тоскоолдук кылбайт.
247-берене. Жоопкерчиликти камсыздоо
1. Жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты же болбосо мунай өнүмдөрүн куюп ташыган кеменин менчик ээси ушул Кодекстин 244-беренесине ылайык анын жоопкерчилигинин чегине барабар суммага булгануудан улам келтирилген зыян үчүн өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууга же башка жол менен (банктык же болбосо башка кепилдик алуу менен) камсыздоого тийиш.
2. Мунайзат же мунай өнүмдөрү менен булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо түздөн-түз кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин камсыздандыруучуга же кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин камсыздоону берген башка жакка коюлушу мүмкүн.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо боюнча жоопкердин талабы боюнча кеменин менчик ээси кошо жоопкер катары ишке катышууга тартылууга тийиш.
248-берене. Жоопкерчиликти камсыздоо жөнүндө күбөлүк
1. Жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты же мунай өнүмдөрүн куюп ташыган кеменин бортунда ушул Кодекстин 247-беренесине ылайык кеменин менчик ээсинин мунайзат же мунай өнүмдөрү менен булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилиги камсыздалгандыгын ырастоочу күбөлүк болууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күбөлүктү берүүнүн жана текшерүүнүн тартиби экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген күбөлүктөрдү таануу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
3. Күбөлүккө ээ болуу боюнча милдетти аткарбоо жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты куюп ташыган кандай болбосун кеменин портко кирүүсүн же андан чыгуусун, же болбосо аймактык деңиздеги жээк курулмасына келүүсүн, ошондой эле жүктөө-түшүрүү операцияларын жүргүзүүсүн чектөөгө алып келет.
249-берене. Кодекстин булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти белгилөөдө колдонулуучу башка жоболору
Булгануудан улам келтирилген зыян үчүн ушул главада каралган жоопкерчиликти белгилөөдө ушул Кодекстин 275, 277 жана 278-беренелери, 279-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү жана 280-282-беренелери да колдонулат.
26-глава. Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздоо
250-берене. Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо
1. Жалпы сыйымдуулугу 300 бирдик жана андан ашык болгон кеменин менчик ээси чөгүп кеткен кемени алып салуу үчүн өзүнүн жоопкерчилигин жабуу үчүн 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясынын талаптарына ылайык мындай жоопкерчиликти камсыздандырууга же башка финансылык камсыздоону берүүгө тийиш.
2. Чөгүп кеткен кемени алып салууга кеткен чыгашалардын ордун толтуруу жөнүндө кандай болбосун талап кеменин менчик ээсинин жоопкерчилигин түздөн-түз камсыздандыруучуга же финансылык камсыздоону берүүчү башка жакка коюлушу мүмкүн.
251-берене. Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк
1. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына ылайык жоопкерчиликти камсыздандыруунун же башка финансылык камсыздоонун болуусун ырастоочу, чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк ар бир кемеге Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аталган Конвенциянын талаптары аткарылган учурда берилет.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү берүүнүн жана текшерүүнүн шарттары, тартиби Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы же экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген эрежелер менен аныкталат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астындагы кемелерди мамлекеттик контролдоонун жана техникалык көзөмөлдөөнүн алкагында жүргүзүлөт.
4. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына катышкан башка мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген күбөлүктөр Кыргыз Республикасында берилген күбөлүктөр менен бирдей таанылат.
27-глава. Кемелерди жана башка мүлктү куткаруу
252-берене. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү
1. Ушул главада белгиленген эрежелер коркунучта турган деңиз кемелерин куткарууга, ошондой эле куткаруу боюнча жардам кайсы сууларда көрсөтүлгөндүгүнө карабастан ички сүзүү кемелерин, кандай болбосун сүзүүчү жана сүйрөлүүчү объекттерди деңиз кемелери менен куткарууга карата колдонулат.
2. Ушул главанын максаттары үчүн:
1) кеме жүрүүчү сууларда же кандай болбосун башка сууларда коркунучта турган кандай болбосун кемеге же башка мүлккө жардам көрсөтүү үчүн көрүлгөн кандай болбосун аракет же кандай болбосун иш куткаруу операциясы болуп саналат;
2) мүлк болуп жээкке туруктуу жана атайылап бекитилбеген мүлк, ошондой эле тобокелдиктеги фрахт саналат;
3) айлана-чөйрөгө зыян болуп булгануудан, өрттөн, жарылуудан же башка ушул сыяктуу ири инциденттерден адамдын ден соолугуна же деңиз флорасына жана фаунасына же жээктеги суулардагы, ички суулардагы же болбосо ага чектеш райондордогу ресурстарга келтирилген олуттуу реалдуу зыян саналат.
3. Ушул главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коммерциялык эмес кемелерине да колдонулат.
4. Эгерде мындай платформалар жана орнотмолор деңиздин түбүндөгү минералдык ресурстарды издөө, иштетүү же эксплуатациялоо боюнча жумуштар жүргүзүлүп жаткан жерлерде жайгашса, ушул главанын жоболору бекитилген же сүзүүчү платформаларды, жээктеги бургулоо орнотмолорун куткарууга карата колдонулбайт.
5. Ушул главанын жоболорунун бири да мамлекеттин макулдугусуз мамлекеттин менчигинде турган жана куткаруу операцияларын жүргүзүүдө эл аралык укуктун принциптерине ылайык суверендүү иммунитетке ээ болгон коммерциялык эмес жүктөрдү алып коюу, камакка алуу же кармоо үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.
253-берене. Куткаруучунун, кеме ээсинин жана кеме капитанынын милдеттери
1. Коркунучта турган кеменин ээсине же коркунучта турган башка мүлктүн ээсине карата куткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) куткаруу операцияларын тийиштүү камкордук менен жүргүзүүгө;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган милдеттерди аткарууда айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу жөнүндө тийиштүү камкордук көрүүгө;
3) жагдайлар негиздүү талап кылган учурда башка куткаруучуларга жардам сурап кайрылууга;
4) коркунучта турган кеменин капитаны же анын ээси же болбосо коркунучта турган башка мүлктүн ээси муну негиздүү талап кылган учурда, мындай талап жөндүү болгон жана бул баштапкы куткаруучунун сый акысынын өлчөмүнө таасирин тийгизбеген шартта, башка куткаруучулардын катышуусуна макулдук берүүгө.
2. Коркунучта турган кеменин капитаны жана анын ээси же коркунучта турган башка мүлктүн ээси куткаруучуга карата төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) куткаруу операцияларынын жүрүшүндө аны менен толук кызматташууга;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган милдеттерди аткарууда айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу жөнүндө тийиштүү камкордук көрүүгө;
3) эгерде куткаруучу муну негиздүү талап кылса, коопсуз жерге жеткирилгенден кийин кемени же башка мүлктү кабыл алууга.
254-берене. Куткарууда укукту колдонуу
1. Эгерде куткарган жана куткарылган кеме бир мамлекеттин туусу астында сүзсө, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, куткаруу зарылдыгын жараткан окуя болгон жерге карабастан ошол мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.
2. Куткаруу үчүн сый акыны куткарган кеменин ээси менен экипаждын ортосунда, ошондой эле экипаж мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүдө бул кеме анын туусу астында сүзүп жүргөн мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.
255-берене. Куткаруу үчүн сый акыга укук
1. Кемени, анын бортундагы жүктөрдү, почта жөнөтмөлөрүн, башка мүлктү куткаруу боюнча, ошондой эле фрахтты жана жүргүнчүлөрдү, багажды же болбосо башка мүлктү ташуу үчүн акыны сактоо боюнча оң натыйжа берген аракеттер айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу боюнча аракеттер сыяктуу эле сый акы алууга укук берет. Эгерде куткаруу аракеттери оң натыйжа бербесе жана материалдык пайда алып келбесе, сый акыга укук жоголот.
2. Адамдарды куткаруу үчүн сый акы төлөнбөйт.
3. Адамдарды куткарууга катышкан жана бир эле учурда башка кызматтарды көрсөткөн жактар кемени же башка мүлктү куткаргандыгы үчүн же болбосо айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сый акыны алууга укуктуу.
4. Эгерде куткаруу боюнча кызматтарды көрсөткөн кеме куткарылган кеменин ээсине таандык болгон учурда да сый акы төлөнөт.
5. Куткаруу үчүн сый акы акчалай сумма, кызмат көрсөтүүлөр же мүлк түрүндө берилет.
256-берене. Куткаруу жөнүндө келишимдер
Кеме капитаны куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн куткаруу жөнүндө келишимдерди кеме ээсинин атынан түзүүгө укуктуу. Кеме капитаны же кеме ээси мындай келишимдерди кеменин бортундагы мүлктүн ээсинин атынан түзүүгө укуктуу.
257-берене. Куткарууга тыюу салуу
Эгерде кемени же анын бортунда болбогон жана буга чейин да болбогон башка мүлктү куткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр кеменин ээсинин же капитанынын же болбосо көрсөтүлгөн мүлктүн ээсинин тыюу салуусуна карабастан көрсөтүлсө, куткаруу үчүн сый акы төлөнбөйт.
258-берене. Сый акынын өлчөмү
1. Куткаруу үчүн сый акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми ал жок болгон учурда - куткаруу иштери аяктагандан кийин сот тарабынан аныкталат. Коркунуч убагында жана анын таасири астында түзүлгөн куткаруу жөнүндө кандай болбосун макулдашуу тараптардын биринин талабы боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы же эгерде сот макулдашуунун шарттарын адилетсиз деп тааныса, ал тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
2. Эгерде куткаруунун зарылчылыгы куткаруучулардын күнөөсүнөн улам келип чыкса же алар башка укукка каршы аракеттерди жасаса, куткаруу үчүн сый акынын өлчөмү азайтылышы мүмкүн же сый акы берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
259-берене. Сый акынын өлчөмүн белгилөөдө колдонулуучу критерийлер
1. Куткаруу үчүн сый акынын өлчөмү төмөнкүлөрдү эске алуу менен белгиленет:
1) куткарылган кеменин жана башка мүлктүн наркын;
2) коркунучтун мүнөзүн жана даражасын;
3) адамдарды, кемени, башка мүлктү куткаруу, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу боюнча куткаруучулардын чеберчилигин жана күч-аракеттерин;
4) куткаруучулар жетишкен ийгиликтин даражасын;
5) куткаруучулар короткон убакытты, алар тарткан чыгашаларды жана чыгымдарды;
6) кызмат көрсөтүүдөгү ыкчамдыкты;
7) куткаруучулар дуушар болгон жоопкерчилик тобокелдигин, куткаруучулар же алардын жабдуулары дуушар болгон башка тобокелдиктерди;
8) куткаруу операцияларын жүргүзүүгө арналган кемелердин, ошондой эле жабдуулардын болушун жана алардын колдонулушун;
9) даярдыктын даражасын, куткаруу жабдууларын пайдалануунун натыйжалуулугун жана анын наркын.
2. Белгиленген сый акы алардын кызыкчылыктары куткарылган кеме жана башка мүлк менен байланышкан бардык жактар тарабынан ошол мүлктүн наркына пропорционалдуу түрдө төлөнөт. Эгерде сый акы аталган жактардын бири тарабынан төлөнсө, ошол жак башка кызыкдар жактарга карата регресстик доо коюуга укуктуу.
260-берене. Сый акынын максималдуу өлчөмү
1. Куткаруу үчүн сый акынын өлчөмү, анын ичинде орду толтурулуучу соттук чыгашалар куткарылган кеменин жана башка мүлктүн наркынан ашпоого тийиш.
2. Куткаруу үчүн сый акыны төлөө ал алынган валютада жүргүзүлөт.
261-берене. Сый акыны бөлүштүрүү
1. Куткаруу операциясына катышкан жактардын ортосунда сый акыны бөлүштүрүү кызыкдар тараптардын макулдашуусуна ылайык, ал эми ал жок болгон учурда - ушул Кодекстин 259-беренесинде каралган критерийлердин негизинде сот тарабынан жүргүзүлөт.
2. Сый акыны кеме ээсинин, экипаждын мүчөлөрүнүн жана куткаруу операциясына катышкан башка жактардын ортосунда бөлүштүрүү алардын ар биринин куткаруу боюнча конкреттүү аракеттерге кошкон салымын эске алуу менен кызыкдар тараптардын макулдашуусунун негизинде, ал эми ал жок болгон учурда - соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
3. Эгерде куткаруу операциясы мындай операцияларды кесиптик иш катары жүргүзгөн кемелер тарабынан жүргүзүлсө, ушул берененин 2-бөлүгү колдонулбайт. Мында куткаруу зарылдыгына алып келген окуяга байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө катышкан куткаруучулар кемени же башка мүлктү куткаруу же айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды алдын алуу же азайтуу үчүн куткаруучуларга ыйгарылган суммадагы адилеттүү үлүшүн алууга укуктуу.
262-берене. Атайын компенсация
Эгерде өзү же анын жүгү айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон кемени куткарууга катышкан жак сый акыны албаса, ал кеме ээсинен тарткан чыгашаларына барабар атайын компенсацияны алууга укуктуу, ал бул чыгашалардын 30 пайызынан ашпаган өлчөмгө көбөйтүлүшү мүмкүн. Эгерде сот ушул Кодекстин 259-беренесинде белгиленген критерийлерди эске алуу менен мындай компенсацияны көбөйтүүнү адилеттүү жана максатка ылайыктуу деп эсептесе, мындай көбөйтүү куткаруучу тарткан чыгашалардын 100 пайызынан ашпоого тийиш.
263-берене. Камсыздоону берүү боюнча милдеттенмелер
1. Куткарууга катышкан жактын өтүнүчү боюнча, сый акыны же атайын компенсацияны төлөөгө жооптуу болгон жак куткаруучунун талабын, анын ичинде соттук чыгашаларды талаптагыдай камсыз кылат.
2. Куткарылган кеменин ээси жүктөрдүн ээлеринин жүктөр берилгенге чейин куткаруучунун аларга карата талаптарын, анын ичинде соттук чыгашаларды жетиштүү камсыз кылуусун кепилдөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийиш.
3. Куткаруучунун макулдугусуз куткарылган кеме жана башка мүлк куткаруу операциясы аяктагандан кийин куткаруучунун кемеге жана мүлккө карата талабы талаптагыдай камсыздалганга чейин жеткирилген деңиз портунан же жерден көчүрүлүшү мүмкүн эмес.
264-берене. Коомдук бийлик тарабынан контролдонуучу куткаруу операциялары
1. Эгерде куткаруу операциялары коомдук бийлик тарабынан же алардын контролунун астында жүргүзүлсө, мындай операцияларды жүзөгө ашыруучу куткаруучулар ушул главада каралган укуктарды жана коргонуу каражаттарын пайдалана алат.
2. Куткаруу операцияларын жүзөгө ашырууга милдеттүү болгон коомдук бийликтер, эгерде куткаруу операцияларын жүзөгө ашыруу алар тарабынан өздөрүнүн кадимки милдеттерин аткаруу болуп саналбаса, ушул главада каралган укуктарды жана коргонуу каражаттарын пайдалана алат.
28-глава. Деңиз протести
265-берене. Деңиз протестин тариздөө
1. Эгерде кеме сүзүп баратканда же токтоп турганда кеме ээсине мүлктүк талаптарды коюуга негиз болушу мүмкүн болгон деңиз окуясы болсо, кеме капитаны кеме ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында белгиленген тартипте деңиз протестин тариздөөгө тийиш.
2. Деңиз протестинде окуянын жагдайлары жана анын келип чыгышынын себептери, анын ичинде келтирилген зыян жана аны алдын алуу же өлчөмүн азайтуу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат баяндалууга тийиш.
266-берене. Протест билдирүү
Деңиз протести төмөнкүдөй билдирилет:
1) чет өлкөлүк портто - жүргөн мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте чет мамлекеттин нотариусуна же башка компетенттүү кызмат адамына же болбосо мындай мүмкүнчүлүк болгон учурда Кыргыз Республикасынын консулуна;
2) деңиз протестин берүү жөнүндө билдирүү милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына, кеме мүчө болгон классификациялык коомго, ошондой эле алар менен келишим болгон учурда деңизде сүзүү боюнча улуттук эксперттерге (сюрвейерлерге) жиберилет.
267-берене. Протест билдирүүнүн мөөнөтү
Деңиз протести төмөнкүдөй билдирилет:
1) эгерде деңиз окуясы портто болсо, ал болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
2) эгерде деңиз окуясы сүзүп бара жаткан учурда болсо, кеме же анын капитаны деңиз кырсыгынан кийин жакынкы портко келген учурдан тартып 24 сааттын ичинде.
268-берене. Протестти кечиктирүү менен билдирүү
1. Эгерде деңиз протестин ушул Кодекстин 267-беренесинде белгиленген мөөнөттө билдирүү мүмкүн болбосо, анын себептери деңиз протестинде көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Деңиз окуясынын натыйжасында кемедеги жүк бузулду деп болжолдоо үчүн негиздер болгон учурда деңиз протести люктар ачылганга чейин билдирилүүгө тийиш. Жүктү деңиз протести билдирилгенге чейин түшүрүү өтө зарыл болгон учурларда гана башталышы мүмкүн.
269-берене. Далилдер
1. Деңиз протестинде баяндалган деңиз окуясынын жагдайларын тастыктоо үчүн кеме капитаны деңиз протестин билдирүү менен бир эле учурда же болбосо портко келген учурдан же эгерде окуя портто болсо, ал болгон учурдан тартып жети күндөн ашпаган мөөнөттө таанышуу үчүн нотариуска же болбосо ушул Кодекстин 266-беренесинде көрсөтүлгөн башка кызмат адамына кеме журналын, өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн, сүрөт, видео жана башка материалдарды берүүгө милдеттүү.
2. Кеме журналы жоголгон учурда деңиз протестинде жоготуунун жагдайлары жана себептери көрсөтүлүүгө тийиш.
270-берене. Деңиз протести жөнүндө акт
Нотариус же ушул Кодекстин 266-беренесинде көрсөтүлгөн башка кызмат адамы деңиз протестинин, берилген башка документтердин жана материалдардын, анын ичинде кеме журналынын, капитандан, ал эми зарыл болгон учурда - экипаждын башка мүчөлөрүнөн суроо учурунда алынган маалыматтардын негизинде деңиз протести жөнүндө актыны түзөт жана аны белгиленген тартипте күбөлөндүрөт.
271-берене. Деңиз протести жөнүндө актылардын консулдар тарабынан түзүлүшү
Чет өлкөлүк кемелердин капитандарынан деңиз протесттерин кабыл алуу жана деңиз протести жөнүндө актыларды түзүү өз ара түшүнүшүү шарттарында Кыргыз Республикасында өз мамлекеттеринин атынан чыгуучу консулдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
X БӨЛҮМ. КЕМЕ ЭЭСИНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЧЕКТӨӨ
29-глава. Кеме ээсинин жоопкерчилигинин чектери
272-берене. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү
Ушул главанын жоболору кеме ээлеринин жоопкерчилигин чектөөдө колдонулат, ошондой эле ташуучу болуп саналган фрахттоочуларга, кемелердин операторлоруна жана куткаруу операцияларын жүргүзүүчү жактарга жайылтылат.
273-берене. Кеме ээсинин жоопкерчилиги
Кеме ээси өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон, ага карата ушул Кодекстин ченемдерине ылайык өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн болгон мүлк менен жооп берет.
274-берене. Жоопкерчиликти чектөө
1. Кеме ээсинин жоопкерчилиги төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан талаптар боюнча ушул Кодекстин 277-беренесинде каралган чектер менен чектелет:
1) кемедеги адам каза болсо же денесине жаракат келтирилсе, кеменин бортундагы мүлк жоголсо же ага зыян келтирилсе;
2) кемеде жок болгон адамдарга же мүлккө кемени эксплуатациялоого байланыштуу зыян келтирилсе.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн зыян кеменин бортунда болбогон адам тарабынан келтирилсе, анын аракеттери же кемчиликтери үчүн жооптуу болгон кеме ээси бул адамдын аракеттери же болбосо каталары кемени айдоо же кемени башкаруу, багажды, кол жүгүн жүктөө, ташуу же түшүрүү, жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү менен байланышкан шартта өзүнүн жоопкерчилигин чектеши мүмкүн.
275-берене. Атайылап келтирилген зыян
Эгерде келтирилген зыян анын атайылап же өзүм билемдик менен жасалган жеке аракеттеринен же аракетсиздигинен улам, зыян келтирилиши мүмкүндүгүн түшүнүү менен же одоно этиятсыздыгы боюнча жасалгандыгы далилденсе, кеме ээсинин жоопкерчилигинин чектелиши мүмкүн эмес.
276-берене. Жоопкерчиликти чектөө жөнүндө эрежелердеги өзгөчөлүктөр
Кеме ээсинин жоопкерчилиги төмөнкүлөргө тиешелүү болгон талаптар коюлган учурда ушул Кодекстин 274-беренесинин негизинде чектелбейт:
1) куткаруу үчүн сый акыны, анын ичинде атайын компенсацияны жана жалпы авария боюнча төгүмдөрдү төлөөгө;
2) эгерде алардын кеме ээси менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча кеме ээсинин жоопкерчилигинин чектелиши мүмкүн болбосо же болбосо ушул Кодекстин 277-беренесинде каралган чектерден ашып кетсе, кеме экипажынын мүчөлөрүнүн же кеме ээсинин алардын милдеттери кемеге байланышкан башка кызматчыларынын өмүрүнө же ден соолугуна же болбосо мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3) чөгүп кеткен кемени, анын ичинде анын бортундагылардын же болгондордун бардыгын көтөрүп чыгарууга, алып салууга, жок кылууга же зыянсыздандырууга;
4) мындай зыян үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 25-главасынын жоболору менен жөнгө салынса, деңиз чөйрөсүн булгоодон улам келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
5) ушул Кодекстин 26-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу учурларда, чөгүп кеткен мүлктү алып салуу боюнча чыгашалардын ордун толтурууга.
277-берене. Жоопкерчиликтин чектери
1. Ушул Кодекстин 272-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын бир эле окуядан келип чыккан талаптар боюнча жоопкерчилиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектерде, ал эми алар жок болгон учурда - талаптарды коюу үчүн негиз болгон окуя анын сууларында болгон мамлекеттин мыйзамдары менен чектелет.
2. Окуя ачык деңизде болгон жана эл аралык келишимдерде башкача белгиленбеген учурларда ушул Кодекстин 272 жана 281-беренелеринде көрсөтүлгөн жактардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде, бирок төмөнкүдөй өлчөмдөрдөн кем эмес чектелет:
1) каза болуу же ден соолугуна зыян келтирүү менен байланышкан талаптарга карата - 333000 эсептик бирдик;
2) кандай болбосун башка талаптарга карата - 167000 эсептик бирдик.
3. Эгерде каза болуу же ден соолугуна зыян келтирүү менен шартталган талаптарга байланыштуу эсептелген сумма мындай талаптарды толук төлөө үчүн жетишсиз болсо, кандай болбосун башка талаптарга карата эсептелген сумма төлөнбөгөн калдыктын ордун толтуруу үчүн колдонулат, ал ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар боюнча пропорционалдуу төлөм менен кошо жабылат.
4. Ушул берененин жоболору кандайдыр бир деңиз окуясына байланыштуу кеме ээсине жана алардын аракеттери үчүн ал жооп берген кандай болбосун жактарга коюлуучу бардык талаптардын жыйындысына карата колдонулат.
5. Жүргүнчүлөрдүн каза болуусу же ден соолугуна зыян келтирүү менен байланышкан талаптар боюнча кеме ээсинин жоопкерчилигинин чеги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленет.
6. Ушул главада белгиленген эрежелер аба жаздыкчасы бар кемелерге жана деңизде сүзүүчү платформаларга жайылтылбайт.
278-берене. Тосмо талап
Эгерде ушул Кодекстин 274-беренесинин негизинде жоопкерчилиги чектелген кеме ээси ошол эле деңиз окуясынан келип чыгуучу тосмо талап коюуга укуктуу болсо, жоопкерчиликти чектөө өз ара талаптардын суммаларын эсептөөдөн келип чыккан айырмага карата гана колдонулат.
279-берене. Жоопкерчиликти чектөө фонду
1. Кеме ээси өзүнүн жоопкерчилигин камсыз кылуу максатында ал жерлерде ага талап коюлган же коюлушу мүмкүн болгон сотто же арбитражда чектөө фондун түзө алат.
2. Жоопкерчиликти чектөө фонду ушул Кодекстин 274-беренесине ылайык эсептелген сумманын өлчөмүндө, бул сумманы (депозитти) сотко же арбитражга которуу же болбосо сот же арбитраж тарабынан алгылыктуу жана жетиштүү деп таанылган башка камсыздоону берүү жолу менен түзүлөт.
3. Жоопкерчиликти чектөө фонду алар боюнча жоопкерчилик чектелиши мүмкүн болгон талаптарды төлөө үчүн гана арналат.
4. Эгерде кеме ээсинин жоопкерчилиги жөнүндө талаш-тартышка катышкан бардык жактар Кыргыз Республикасына таандык уюмдар же анын жарандары болуп саналса да, фонд милдеттүү түрдө түзүлөт. Фонддун суммасы, анын шарттары, чектөөлөрү жана пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын соту же арбитражы тарабынан аныкталат.
280-берене. Фондду бөлүштүрүү
1. Ушул Кодекстин 279-беренесине ылайык түзүлгөн фондду бөлүштүрүүгө тиешелүү бардык маселелерди ушул Кодекстин 279-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, ал түзүлгөн сот же арбитраж гана чечүүгө укуктуу.
2. Жоопкерчиликти чектөө фонду талап койгон жактардын ортосунда соттун же арбитраждын чечими менен белгиленген мындай талаптардын суммасына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
281-берене. Жоопкерчиликти чектөө укугун өткөрүп берүү
Эгерде кеме ээсинин жоопкерчилиги чектелиши мүмкүн болгон талаптардын кайсы бири кеме ээси анын жасаган аракеттери жана кемчиликтери үчүн жооптуу болгон жакка түздөн-түз коюлса, ошол жак, эгерде зыян аталган адам тарабынан атайылап келтирилгендиги далилденбесе, кеме ээси үчүн белгиленген жоопкерчиликти чектөө укугун пайдалана алат.
282-берене. Жоопкерчиликти чектөө тууралуу макулдашуулардын жараксыздыгы
Кеме ээсинин жоопкерчилигин ушул главада белгиленген чектөө каралган макулдашуу жараксыз.
30-глава. Артыкчылыктуу талаптар
283-берене. Талаптарды канааттандыруунун ырааттуулугу
Башка талаптарга, анын ичинде деңиз күрөөсү менен камсыздалган талаптарга караганда төмөндөгү саналып өткөндөргө ылайык тартипте төмөнкүдөй талаптар артыкчылыктуу канааттандырылууга тийиш:
1) эмгек укук мамилелеринен келип чыгуучу, каза болуу же ден соолукка зыян келтирүү менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар жана алар толук канааттандырылгандан кийин - социалдык камсыздандыруу боюнча талаптар;
2) чөгүп кеткен кемелерди алып салуудан жана деңиз чөйрөсүнүн булганышынан улам зыян келтирүү менен байланышкан;
3) канал жана порт жыйымдарын алуу жөнүндө;
4) куткаруу үчүн сый акы төлөө жөнүндө жана жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдү төлөө тууралуу;
5) кемелердин кагылышуусу же башка деңиз окуясы, порт курулмаларын, портто болгон башка мүлктү, ошондой эле навигациялык жабдууларды бузуу менен шартталган чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө;
6) капитандын кемени сактап калуу же рейсти улантуу максатында ага берилген укуктарына байланыштуу жасаган аракеттеринен улам келип чыккан;
7) жүктүн же багаждын жоголгондугунун же бузулгандыгынын натыйжасында тарткан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө;
8) жүктү ташуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон фрахтты, башка төлөмдөрдү төгүү жөнүндө;
9) портто көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө тууралуу.
284-берене. Талаптарды артыкчылыктуу канааттандыруу үчүн каражаттар
1. Ушул Кодекстин 283-беренесинин 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар төмөндөгүлөрдөн артыкчылыктуу канааттандырылууга тийиш:
1) кеменин наркынан;
2) талап коюу үчүн негиз анын жүрүшүндө жаралган рейс үчүн төлөнүүгө тийиш болгон, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн фрахттан жана төлөмдөн;
3) жалпы аварияны бөлүштүрүүдө кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон, жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн суммасынан;
4) фрахттын жоголгондугу үчүн, ошондой эле кемеге келтирилген жана оңдолбогон бузулуулар үчүн кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон ордун толтуруудан;
5) кеме ээси тарабынан экипаж мүчөлөрүнө төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды алып салуу менен рейс аяктаганга чейин болгон куткаруу үчүн кеме ээсине төлөнүүгө тийиш болгон сый акыдан.
2. Ушул Кодекстин 283-беренесинин 3, 4, 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар төмөнкүлөрдөн канааттандырылууга тийиш:
1) алуучуга тапшырылбаган жүктүн наркынан;
2) жүктүн бузулгандыгы үчүн ордун толтуруудан;
3) жалпы аварияны бөлүштүрүүдө жүктүн ээсине төлөнүүгө тийиш болгон, жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдүн суммасынан.
285-берене. Талаптарды пропорционалдуу канааттандыруу
1. Ушул Кодекстин 283-беренесинде көрсөтүлгөн талаптар кезектүүлүк тартибинде жана ар бир кезектин чегинде алардын өлчөмүнө пропорционалдуу канааттандырылат. Бирок, ушул Кодекстин 283-беренесинин 4 жана 6-пункттарында каралган талаптар ушул кезектердин чегинде алардын пайда болуу убактысына тескери тартипте канааттандырылат.
2. Бир эле окуяга байланыштуу келип чыккан талаптар бир эле учурда пайда болгондор деп эсептелет.
286-берене. Акыркы рейске тиешелүү талаптарды канааттандыруу
1. Акыркы рейске тиешелүү талаптар ага чейинки рейстерге байланыштуу ушул сыяктуу талаптарга чейин биринчи кезекте канааттандырылат.
2. Ушул Кодекстин 283-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн, бир нече рейске тиешелүү талаптар акыркы рейс боюнча ушундай эле талаптарга теңдештирилет.
287-берене. Артыкчылыктарды колдонуу мөөнөтү
Талаптарды артыкчылыктуу канааттандыруу укугу, ушул Кодекстин 283-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн, аларды артыкчылыктуу канааттандыруу укугу алар келип чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулуучу талаптарды кошпогондо, алар келип чыккан күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин токтотулат.
31-глава. Деңиз кемесин же курулуп жаткан деңиз кемесин күрөөгө коюу
288-берене. Деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим
1. Деңиз кемесин же курулуп жаткан деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим боюнча Кеме реестринде катталган кеме кредиторго (күрөө кармоочуга) акчалай милдеттенмени камсыз кылуу үчүн менчик ээси (күрөө берүүчү) тарабынан күрөөгө коюлат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кандай болбосун юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак күрөө кармоочу боло алат.
3. Күрөө кеменин менчик ээсинин укугунун күрөө кармоочуга өтүшүнө алып келбейт. Күрөө берүүчү күрөөгө коюлган кемеге болгон менчик укугун мыйзамдарда белгиленген тартипте күрөө предметине карата өндүрүп алуу колдонулган учурга чейин сактап калат.
4. Кыргыз Республикасынын менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттар үчүн гана пайдаланылган мамлекеттик кемелер күрөөгө коюлууга тийиш эмес.
289-берене. Кемеге деңиз күрөөсү менен камсыз кылынган өзгөчө талаптар
1. Кемеге деңиз күрөөсү менен кеме ээсине төмөнкүлөргө карата талаптар камсыздалат:
1) кеме капитанына жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнө алардын кеменин бортунда иштегендиги үчүн төлөнүүгө тийиш болгон эмгек акыларга жана башка суммаларга, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларга жана кеме капитанынын жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнүн атынан төлөнүүчү, социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөргө;
2) кемени эксплуатациялоого түздөн-түз байланыштуу кургактыкта же сууда адамдын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3) кемени куткаруу үчүн сый акыларга;
4) порт жана канал жыйымдарын, башка кеме жолдорундагы жыйымдарды жана лоцмандык жыйымдарды төлөөгө;
5) кемеде ташылуучу жүктөрдөн, контейнерлерден жана жүргүнчүлөрдүн буюмдарынан башка мүлктүн жоголгондугунун же бузулгандыгынын натыйжасында кемени эксплуатациялоодо келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууга.
2. Кемеге деңиз күрөөсү менен, эгерде мындай талаптар бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 25-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, деңиз чөйрөсүнүн мунай же башка кооптуу жана зыяндуу заттар менен булганышынан улам келтирилген зыянга, ошондой эле бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 26-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, чөккөн мүлктү алып салууга байланыштуу келип чыкса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 5-пункттарында каралган талаптар камсыз кылынбайт.
290-берене. Келишимдин реквизиттери
Жазуу жүзүндө таризделген деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) тараптардын аталыштары жана жайгашкан жерлери;
2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин маңызы жана аны аткаруунун мөөнөтү;
3) кеменин аталышы, бааланышы жана анын жайгашкан жери;
4) тараптардын макулдашуусу боюнча башка шарттар.
291-берене. Күрөөнү каттоо
1. Кемени күрөөгө коюу кеме катталган жердеги Кеме реестринде милдеттүү катталууга тийиш. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (күрөөлөрдүн реестринде) каттоо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт, мында Кеме реестриндеги жазуу үчүнчү жактарга карата деңиз күрөөсүн (ипотеканы) жарактуу деп таануу үчүн баштапкы болуп саналат.
2. Күрөөлөрдүн бирдиктүү реестрине, Кеме реестрине же кеме китебине кеменин күрөөгө коюлушун каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлүүчү төмөнкүдөй бардык маалыматтар киргизилет:
1) кеменин аталышы, тиби, тоннажы, анын катталган жери, расмий номери;
2) күрөө кармоочунун аталышы жана толук юридикалык дареги;
3) күрөө берүүчүнүн аталышы жана толук юридикалык дареги;
4) кеменин күрөөсүн камсыздоо өлчөмү;
5) кеменин күрөөсү жөнүндө келишимдин аракети аяктаган дата;
6) кеме күрөөсүнүн бар экендигин тастыктоо.
3. Кеменин күрөөгө коюлушун каттоо, каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү, тиешелүү реестрлерден көчүрмөлөрдү берүү үчүн белгиленген тартипте жыйым алынат.
4. Кеменин күрөөгө коюлушу кеме катталган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталат жана колдонулат.
292-берене. Кемеге деңиз күрөөсүнүн өзгөчөлүгү
Кемени мажбурлап сатууну кошпогондо, кеменин деңиз күрөөсү кемеге менчик укугунун өтүшүнө, кеменин мамлекеттик каттоосунун өзгөргөндүгүнө же туусу алмашкандыгына карабастан, кемени оордотууну улантат.
293-берене. Карызды өткөрүп берүү жана которуу
1. Күрөө кармоочу кеменин күрөөсү менен камсыздалган талаптарды башка жакка өткөрүп берген же күрөө берүүчү карызды башка жакка которгон учурда күрөө күчүндө калат.
2. Күрөө кармоочунун күрөө жөнүндө келишим боюнча өз укуктарын башка жакка өткөрүп берүүсүнө күрөө менен камсыздалган негизги милдеттенме боюнча карызкорго талап коюу укугун ошол эле жакка өткөрүп берүү шартында гана жол берилет.
3. Талапты өткөрүп берүү же карызды которуу жөнүндө кеме катталган Кеме реестрине тиешелүү жазуулар киргизилет.
4. Күрөө кармоочу (талапты өткөрүп берген учурда) же күрөө берүүчү (карызды которгон учурда) укуктардын же милдеттенмелердин өтүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясына тастыктоочу документтерди берүү менен билдирүүгө милдеттүү. Алынган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы зарыл болгон каттоо аракеттерин аткарат жана күрөө кармоочунун укуктары же күрөө берүүчүнүн милдеттенмелери ага өткөн жактын толук дайындарын көрсөтүү менен Кеме реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.
294-берене. Кемеге карата өндүрүп алууну колдонуу маселелерин жөнгө салуу
Күрөө предметин талаптагыдай абалда кармап туруу, күрөө предметине карата өндүрүп алууну колдонуу, күрөө берүүчүнүн банкроттугу, өндүрүп алууну колдонуунун негиздери, кемени мажбурлап сатуунун өзгөчөлүктөрү жана кесепеттери, кемени мажбурлап сатуудан түшкөн сумманы бөлүштүрүү маселелери жана башка маселелер кеме катталган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана сот тарабынан мындай мыйзамдарга ылайык чечилет.
295-берене. Кемени күрөөгө коюу укугун токтотуу
1. Кемени күрөөгө коюу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда;
2) күрөө кармоочу камсыздандыруу келишимине ылайык кеменин кыйрашынан улам келтирилген зыяндын ордун толтурушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, кеме кыйраганда;
3) күрөө предметине болгон укук күрөө кармоочуга өткөндө;
4) кеме мажбурлап сатылганда;
5) күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун макулдашуусу болгондо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка жагдайларда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы күрөөнүн токтотулушунун берилген далилдеринин негизинде Кеме реестрине же кеме китебине тиешелүү жазууну киргизет.
XI БӨЛҮМ. ДООМАТТАР ЖАНА ДООЛОР
32-глава. Дооматтар жана доолор жөнүндө негизги жоболор
296-берене. Дооматтарды жана доолорду коюу укугу
1. Дооматтарды жана доолорду коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:
1) фрахттоочу - эгерде кеме берилбей калса же кечигип берилсе;
2) алуучу же жөнөтүүчү - коносамент берилген шартта жүк жоголгон учурда;
3) алуучу же жөнөтүүчү - жүк кем чыккан же бузулган учурда, коносамент, ошондой эле бара турган портто колдонуудагы эрежелер боюнча түзүлгөн коммерциялык акт же ушул сыяктуу документ берилген шартта;
4) алуучу - коносамент берилген шартта жүктү жеткирүү кечиктирилген же берүү кечиктирилген учурда;
5) кемени фрахттоочу, жүктү жөнөтүүчү же алуучу - коносамент берилген шартта ташуу төлөмдөрү ашыкча болгон учурда.
2. Коштомо кагаз же башка ташуу документи боюнча жүргүзүлгөн жүктөрдү деңиз аркылуу ташууга байланыштуу дооматтар коюлганда коносаменттин ордуна жүк анын негизинде ташылган документ көрсөтүлөт.
3. Эгерде актыны түзүүдөн баш тартылгандыгы далилденсе жана бул баш тартууга даттанылса, коммерциялык актынын жоктугу дооматтарды жана доолорду коюу укугунан ажыратпайт.
297-берене. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун өткөрүп берүү
1. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун башка юридикалык же жеке жактарга өткөрүп берүүгө мындай укук төмөнкүдөй өткөрүп берилген учурларда гана жол берилет:
1) жөнөтүүчү тарабынан - жүктү алуучуга;
2) алуучу тарабынан - жүктү жөнөтүүчүгө;
3) жүктү алуучу же жөнөтүүчү тарабынан - транспорттук-экспедитордук уюм же камсыздандыруучуга.
2. Дооматтарды жана доолорду коюу укугун өткөрүп берүү коносаментте же башка ташуу документинде өткөрүп берүү жөнүндө жазуу менен ырасталат.
298-берене. Коммерциялык акт
1. Кемени фрахттоочуну, ташуучуну, жөнөтүүчүнү, жүктү алуучуну, жүргүнчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон жагдайлар коммерциялык актылар же ушул сыяктуу документтер менен ырасталат. Чет өлкөлүк деңиз портунда мындай жагдайлар ошол деңиз портунда колдонулган эрежелерге ылайык ырасталат.
2. Коммерциялык акт төмөнкүлөрдү ырастоо үчүн түзүлөт:
1) натуралай жүктүн же багаждын аталышы, массасы же орундарынын саны ташуу документинде келтирилген дайындарга туура келбегендигин;
2) жүктүн же багаждын бузулушун;
3) документи жок жүктүн, багаждын же жүксүз документтердин, багаждын табылгандыгын;
4) уурдалган жүктү, багажды ташуучуга кайтарып берилгендигин.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин таризи, аларды түзүүнүн тартиби, ошондой эле документтерди түзүүнү талап кылбаган жагдайларды ырастоонун тартиби Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
299-берене. Башка бирөөнүн акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздар
1. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелерден келип чыккан талаптар канааттандырылган учурда төлөнүүчү суммага кредитордун жайгашкан (жашаган) жеринде белгиленген банктык пайыздын орточо ставкасынын өлчөмүндө пайыздар кошуп эсептелет. Пайыздар тиешелүү сумманы төлөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап коюлган күндөн тартып ал төлөнгөн күндү камтуу менен кошуп эсептелет.
2. Ушул берене жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде чыгымдардын ордун толтурууга тиешелүү талаптар коюлган учурда колдонулбайт.
33-глава. Дооматтар
300-берене. Дооматтарды коюу
1. Жүктөрдү деңиз аркылуу ташуу менен байланышкан талаптарды ташуучуга коюуга чейин ага доомат коюлушу милдеттүү.
2. Дооматтар деңиз аркылуу ташууну аткарган же жүктөрдү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимге ылайык аны аткарууга милдеттүү болгон ташуучуга коюлат.
3. Жүргүнчүлөрдү жана багажды деңиз аркылуу ташууга байланыштуу келип чыккан дооматтар арыз ээсинин каалоосу боюнча ташуучуга, жөнөтүү портуна же бара турган портко коюлушу мүмкүн.
301-берене. Аралаш ташууларда дооматтарды коюу
1. Жүктү транспорттун бир нече түрү менен ташууда келип чыккан дооматтар жүктү акыркы пунктка жеткирген ташуучуга коюлат.
2. Темир жол же автомобиль станциясы же аэропорт жүктү ташуунун акыркы пункту болуп саналган учурларда дооматтар транспорттун тиешелүү түрү үчүн белгиленген тартипте ташуучуга берилет.
302-берене. Дооматты тастыктоо
1. Жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш болгон доомат жөнүндө арызга доомат коюу укугун тастыктаган документтер тиркелүүгө тийиш. Ташуу документтери түп нускада гана берилет.
2. Доомат коюу укугун тастыктоочу документтерден тышкары, жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу же бузулгандыгы жөнүндө дооматка жөнөтүлгөн жүктүн наркын ырастоочу документ тиркелет.
303-берене. Дооматтарды коюу мөөнөтү
Жүктү деңиз аркылуу ташуу жана круиз жөнүндө келишимдерден келип чыгуучу дооматтар ташуучуга 12 айдын ичинде коюлушу мүмкүн.
304-берене. Дооматтарды кароо мөөнөттөрү
1. Деңиз аркылуу ташууда ташуучу коюлган дооматты үч айдын ичинде кароого жана анын канааттандырылганы же четке кагылгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Аралаш ташуу учурларында дооматтар алты айдын ичинде каралат.
2. Ташуучуга доомат коюлган күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтү дооматка жооп алынганга чейин же жооп берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин токтотулуп турат.
33-глава. Доонун эскирүүсү
305-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптарды коюуда ушул Кодекске ылайык доонун эскирүү мөөнөтү колдонулат, ал төмөнкүлөр боюнча эсептелет:
1) жүктүн жоголушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча - жүк бериле турган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин, аралаш ташууда - жүктү ташууга кабыл алынган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин;
2) жүктүн кем чыгуусунан же бузулгандыгынан, жүктү жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, ташуу төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөнүн кайтаруу же жетишпегенин өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча - жүк берилген күндөн тартып, эгерде жүк берилбеген болсо - ал берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып;
3) бир тектүү жүктөрдү куюп, үйүп же төгүп массалык түрдө ташууда пайда болгон жүктүн кем чыгуусунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча, тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда - алар жыл сайын жүргүзүлүүчү инвентаризациялоо актысына кол койгон күндөн тартып;
4) кеменин берилбей калышы же аны кеч берүү менен шартталган чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, кеменин токтоп туруусуна акы төлөө жөнүндө, жүктү мөөнөтүнөн мурда жүктөө же түшүрүү үчүн сый акыларды төлөө жөнүндө талаптар боюнча - ташуу аякталган күндөн же ташуу аякталууга тийиш болгон күндөн тартып;
5) бардык башка учурларда - талап коюу үчүн негиз болгон окуя болгон күндөн тартып.
306-берене. Башка талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
1. Ушул Кодекстин ченемдерине ылайык, доонун эскирүү мөөнөтү жүргүнчүнү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө, кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө, кеме лизинги жөнүндө, деңизде сүйрөө жөнүндө, лоцмандык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө, деңиз камсыздандыруусу жөнүндө келишимдерден келип чыккан талаптар, ошондой эле кеме капитаны тарабынан жасалган бүтүмдөр, кемелердин кагылышуусунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу, куткаруу операцияларын жүргүзүү менен байланышкан талаптар коюлган учурда колдонулат. Бул мөөнөт төмөнкүдөй эсептелет:
1) жүргүнчүнү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча:
- жүргүнчүлөргө карата - жүргүнчү кемени таштап кеткен же таштап кетүүгө тийиш болгон күндөн тартып, эгерде талап ташуу учурунда жүргүнчүнүн ден соолугуна анын өлүмүнө себеп болгон зыян келтирүүгө байланыштуу коюлса, - жүргүнчү каза болгон күндөн тартып, бирок жүргүнчү кемени таштап кеткен күндөн тартып үч жылдан ашпаган мөөнөт өткөндөн кийин;
- багажга карата - ал берилген күндөн тартып же ал берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып;
2) кемени убактылуу фрахттоо, кеме лизинги, деңизде сүйрөө, лоцмандык кызматтарды көрсөтүү тууралуу, деңиз камсыздандыруу келишимдеринен келип чыгуучу талаптар, ошондой эле ушул Кодекстин 63-беренесинин негизинде кеме капитаны тарабынан жасалган бүтүмдөр менен байланышкан талаптар боюнча, - доо коюуга укук пайда болгон күндөн тартып;
3) кемелердин кагылышуусунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча, - кемелер кагылышкан күндөн тартып;
4) куткаруу операцияларын жүргүзүү менен байланышкан талаптар боюнча, - куткаруу операциясы аяктаган күндөн тартып.
2. Ушул Кодекстин 237-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган регресстик талаптар коюлган учурларда доонун тиешелүү сумма төлөнгөн күндөн тартып эсептелүүчү бир жылдык эскирүү мөөнөтү колдонулат.
307-берене. Доонун эскирүүсүнүн жалпы мөөнөттөрүн колдонуу
Ушул Кодексте алар үчүн доонун эскирүү мөөнөтү каралбаган талаптар коюлган учурларда, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, ал тарабынан кол коюлган эл аралык келишимдерде мындай талаптар үчүн башка мөөнөттөр аныкталбаса, доонун эскирүүсүнүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жалпы мөөнөттөрү колдонулат.
308-берене. Жалпы авария учурунда доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн токтотуп туруу
Эгерде талаптын суммасын эсептөө жалпы авария боюнча чыгымдардын эсептелишине көз каранды болсо, доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү жалпы авария болгондугу жөнүндө токтом диспашер тарабынан чыгарылган күндөн тартып кызыкдар жак диспашаны алган күнгө чейинки мезгилге токтотулуп турат.
309-берене. Доонун эскирүү мөөнөтүн узартуу
Доонун ушул Кодексте белгиленген эскирүү мөөнөттөрү талап койгон жак доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде ал күрөө предмети катары кемеге карата өндүрүп алууну колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн, анын ичинде кеменин Кеме реестринен чыгарылгандыгынан же өндүрүп алуу үчүн жеткиликтүү болгон жерлерде анын иш жүзүндө болбогондугунан улам ажыратылгандыгын далилдеген учурда сот тарабынан узартылышы мүмкүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-августундагы № 59 (3819) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 24-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |