Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-августу № 139
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2024-жылдын 27-февралы, № 16) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-пункт тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«1) биологиялык объекттер – медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдары жана ткандары;»;
б) 10-пунктта «, ошондой эле маркумдун күлү салынган карапаны» деген сɵздɵр алып салынсын;
в) 19 жана 20-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19) кремация - биологиялык объекттерди адистештирилген техникалык курулмаларда санитардык максаттарда отко берүү;
20) крематорий - биологиялык объекттерди санитардык термикалык жок кылуу үчүн багытталган адистештирилген техникалык курулма;»;
г) 21 жана 22-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-беренеде «же өрттөлгөн күлү салынган карапаны мүрзөгө, казанакка, аза күтүү дубалына, колумбарийге коюу менен өрттөө» деген сөздөр алып салынсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бɵлүктɵ «, ошондой эле күлү салынган карапаны коюу» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бɵлүктɵ «, ошондой эле анын күлү салынган карапаны» деген сөздөр алып салынсын;
4) 10-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).»;
5) 13-беренеде:
а) берененин аталышында «калдыктарды» деген сөз «объекттерди» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө ички иштер органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү, адамдын боюнан алдырылган же ɵлүү тɵрɵлгɵн түйүлдүктɵрдү кɵмүү, көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда жерге берүү жолу менен гана жүзɵгɵ ашырылат.»;
в) 3-бөлүктүн 3-пунктунда «(крематорийге)» деген сөз алып салынсын;
6) 14-берененин 2-бөлүгүндө «(кремацияланууга)» деген сөз алып салынсын;
7) 15-беренеде «(кремациялоо)» деген сөз алып салынсын;
8) 19-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 6-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 4-бөлүктө «, крематорийди, колумбарийди жана аза күтүү дубалдарын» деген сөздөр алып салынсын;
9) 21-берененин 1-бөлүгүндө «жана биологиялык калдыктарды» деген сөздөр алып салынсын;
10) 23-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24-берене. Крематорийлер жана санитардык утилдештирүү
1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 1-пунктунда саналып ɵткɵн биологиялык объекттерди термикалык жок кылуу (ɵрттɵɵ) үчүн адистештирилген техникалык курулмалар (крематорийлер) түзүлɵт.
2. Медициналык мекемелерде адистештирилген техникалык курулмаларды жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдар менен жɵнгɵ салынат.
3. Каза болгон адамдардын сөөктөрүн, адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктɵрүн өрттөө үчүн адистештирилген техникалык курулмаларды пайдаланууга тыюу салынат.
4. Адистештирилген техникалык курулмалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн. Мындай курулмаларды чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен курууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын курулушуна жана иштешине көмөк көрсөтөт.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров | |
|
|
| |
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган | |
|
|
|
|