Редакцияот 21.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

 

2021-жылдын 21-декабрындагы № 5

 

Кенеш айыл аймагынын 1-май айылынын Боз участкасында бала бакча куруу үчүн 45 сотых жер бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү” өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагына караштуу 1-май айылынын Боз участкасындагы Кошкорого кеткен күн чыгыш тарабынан 45 сотых жер Кенеш айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жери боюнча элдин кайрылуусунун негизинде Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кенеш айыл аймагына караштуу 1–май айылынын Боз учаскасындагы бала бакча куруу үчүн 0,45 сотых жер ажыратып берүү жагы бекитилсин

2. Кенеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн 1-май айылынын Боз учаскасына бала бакча куруу жагы колго алынсын.

3. Жогорудагы токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кенеш айыл аймагынын 1-май айылындагы Боз учаскасында бала бакча куруу үчүн иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүн тийешелүү адистерге милдетендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко тапшырылсын.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү “Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEBсайытына жарыялансын.

6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекетик реестирине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчынын у.м.а. Б.Шаиковага милдетендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров