КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 21-декабрындагы № 7
Кенеш айыл аймагына караштуу 1-май айылынын Боз участкасына көчөгө ат коюужөнүндө
Кенеш айыл аймагына караштуу 1-май айылынын Боз участкасына көчөгө ат коюу боюнча Билим берүү саламаттык-сактоо маданият ж.б социалдык мданият боюнча комитетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы корутундусуна негиз Кенеш айылдык Кенешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы угуп жана угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылдык кенешинин VIII чакырылышынын Билим берүу, саламаттыкты сактоо маданият ж.б социалдык маданият боюнча комитетинин кортундусу бекитилсин.
2. 1-май айылынын Боз участкасынын Кошкорого кеткен жолдун жарымындагы күн чыгыш тарабы эски бакка, күн батыш тарабы Карабургөн жака кесилишкен жолдордун түндүккө көздөй Кошкоронун селарыгына чейин, эмгек ардагери айылдын аксакалы Сулайманов Тургуналынын ысымы көчөгө ыйгарылсын.
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы өкмөт башчы М.Алкадыровко жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |