Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги жетинчи сессиясы

 

2021-жылдын 2-ноябрындагы № 7-2

 

Ноокат-Шаңкол каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө

Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, көтөрүп берүү тууралуу суранган айдоочулардын арызын жана элдин пикирин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автобустардын айдоочуларынынкүйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, жүргүнчүлөрдөн алынуучу жол каттам акысынкөтөрүп берүү тууралуу суранган арызы боюнча элдин пикири эске алынсын.

 

2. Ноокат-Арбын-Шаңкол айылына чейинки жол каттамында каттаган автобустардын айдоочуларынын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысы 25 сом деп бекитилсин.

 

3. Дары-Булак айылындагы Чардана мечитине чейинки аралыктагы жолдун өтө начар абалын эске алуу менен каттаган автобустардын айдоочуларынын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысы 30 сомго көтөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешининжер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экологиябоюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.