Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! ушул Мыйзамдын 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 3-пунктунун «х»пунктчасын, 8-пунктунун «г» пунктчасын, 11-пунктунун төртүнчү жана он жетинчи абзацтарын кошпогондо, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-августу № 144
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
«5) коррупциялык укук бузууларга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө;
6) туруктуу мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү.»;
2) 2-беренеде:
а) 3-бөлүктө «жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктүн 7-пункту «байланышкан сатып алууларды» деген сөздɵрдɵн кийин «, анын ичинде аталган иш-чаралар анын аймагында өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди» деген сөздөр менен толукталсын.
3) 3-беренеде:
а) 2-пунктта:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) аффилирленген жак – иши атаандаштык жөнүндө мыйзамдарга каршы келбеген сатып алуучу уюм же анын ведомстволук мамлекеттик жана муниципалдык мекемелери жана ишканалары катышуучу же уюштуруучу болуп саналган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо, ошондой эле билим берүү программаларынын мамлекеттик заказын камсыз кылуу боюнча сатып алууларга окутуучулардын (сатып алуучу уюмдун кызматкерлеринин) катышуусун кошпогондо, төмөндө саналып өткөн белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келген жак:»;
– төртүнчү абзацта «жеконсультанттын» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) берүүчүлөрдүн маалыматтар базасы – мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу берүүчүлөр жөнүндө маалыматтардын жыйындысын камтыган электрондук маалыматтар базасы;»;
в) 4-пунктта «жана консультанттардын» деген сөздөр алып салынсын;
г) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (веб-портал) – мамлекеттик жана мамлекеттик эмес (жеке) сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыздоо максатында түзүлгөн, маалыматты 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоону камсыз кылган мамлекеттик маалыматтык система;»;
д) 10-пунктта «жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө» деген сөздөр алып салынсын;
е) 11-пунктта «жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү» деген сөздөр алып салынсын;
ж) 11-пункттун бешинчи абзацы тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«– келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жардам катары берилүүчү каражаттар, эгерде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары мындай келишимдерде (макулдашууларда) каралбаса;»;
з) 17-пунктта «алардын сунуш даярдоосу үчүн ага карата ар кандай ɵзгɵртүүлɵрдү кошкондо, берүүчүгɵ же консультатантка берилүүчү документтердин пакети,» деген сɵздɵр «, сунушту аларга даярдоо үчүн берүүчүгɵ берилүүчү документтердин пакети, анын ичинде ага карата ар кандай ɵзгɵртүүлɵр кошо» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын;
и) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19) идентификациялык код – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү процессинде берүүчү жɵнүндɵ маалыматтарды, анын ичинде анын аталышын шифрлөө жолу менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан берилүүчү цифралардын жана символдордун топтому;»;
к) 20 жана 21-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
л) 22-пунктта«, консультанттын» деген сөз алып салынсын;
м) 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23) берүүчүнүн сунушу – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө товарларды берүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга берүүчүнүн сунушу;»;
н) 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27) мониторинг – рынокту изилдөө, анын натыйжасы сатып алуу предметинин пландалган наркын аныктоо, сатып алуулардын натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат;»;
о) 29-пунктта«, консультант» деген сөз алып салынсын;
п) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору – ар кандай белгилери боюнча топтолгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарынын жана коддорунун системага салынган жыйындысы;»;
р) 31-пунктта«жана консультанттардын» деген сөздөр алып салынсын;
е) төмөнкүдөй мазмундагы 321 жана 322-пункттар менен толукталсын:
«321) сунушту четке кагуу – берүүчүнүн сунушун сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына же мыйзамдардын талаптарына ылайык келбейт деп таануу жөнүндө сатып алуу боюнча комиссиянын чечими;
322) берүүчүнү четтетүү – сатып алуучу уюмдун/Агенттин берүүчүнү мамлекеттик сатып алуулардынжол-жоболорунан чыгарууга багытталган иш-аракети;»;
т) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33) сатып алуулар планы – мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктарды камсыздоо үчүн пландалган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;»;
у) төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
«331) пландалган нарк – сатып алуу кулактандыруусун веб-порталга жарыялоо этабында баштапкы бааны негиздөө үчүн мониторингдин жана долбоордук-сметалык документтердин натыйжаларынын негизинде сатып алуучу уюмдар тарабынан аныкталуучу сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала эсептик наркы;»;
ф) 34-пунктта«ар кандай» деген сөздөр алып салынсын;
х) 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«40) смарт-контракт – бүтүмдөрдү автоматтык түрдө түзүү жана (же) аткаруу үчүн багытталган программалык код аркылуу жүзөгө ашырылуучу жарандык-укуктук бүтүм;»;
ц) 45-пунктта «жана консультациялык кызматтарды» деген сɵздɵр алып салынсын;
ч) 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«46) кызмат көрсөтүүлөр – берүүчүлөр тарабынан берилүүчү товарларды жана жумуштарды кошпогондо, кызмат кɵрсɵтүүлɵр, анын ичинде интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү сатып алуулар;»;
ш) 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«48) борборлоштурулган сатып алуулар – сатып алуучу уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү функцияларын жүзөгө ашыруучу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган орган (мындан ары – Агент) тарабынан сатып алууларды жүргүзүү процесси.
Сатып алуучу уюмдун ичинде борборлоштуруу – Агент тарабынан жүргүзүлүүчү сатып алууларды кошпогондо, өзүнүн ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү жол-жобосу;»;
щ) төмөнкүдөй мазмундагы 481 жана 482 -пункттар менен толукталсын:
«481) баа – сатып алуу жөнүндө документтерде же контрактта башкача каралбаган учурлардан тышкары, чыгымдардын бардык түрлөрүн (салыктар, жыйымдар, алымдар жана башка төлөмдөр) кошо, берүүчү сунуш кылган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
482) циркулярдык сатып алуулар – жаратылыш ресурстарын пайдаланууну кыскартууга, продукциянын колдонуу мөөнөтүн узартууга, калдыктардын пайда болушун азайтууга жана товарларды кайталап пайдалануу, оңдоо же кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган циркулярдык экономиканын принциптерин эске алуу менен жүзөгө ашырылуучу сатып алуулар;»;
4) 41-беренеде:
а) 1-бөлүк «мамлекеттин катышуусу менен» деген сөздөрдөн кийин «мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга,» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында «юридикалык жактарга» деген сөздөр «мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга» деген сөздөргɵ алмаштырылсын;
– 3-бөлүктүн 4-пункту «жолдорунун тармактарын» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык жолдорун» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 5-беренеде:
а) берененин аталышында «жана консультанттардын» деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүктө:
– «жана консультанттардын», «жана консультанттарга» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Коррупциялык кылмышты, алдамчылыкты жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган менчикке каршы башка кылмыштарды жасаган берүүчүлөргɵ мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.»;
в) 2-бөлүктө:
– «жана консультанттардын», «жана консультанттар», «, консультанттар» деген сөздөр алып салынсын;
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) сатып алуулардын жеңүүчүлөрү деп таанылган берүүчүлөр сатып алуулар жөнүндө контракт түзүүдөн баш тартса же ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аларды жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарламаны тастыктабаса, мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү менен же ал жеткис күчтүн жагдайларынын жаралышына байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта;»;
6) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун кандай болбосун этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы иш-аракеттерге (аракетсиздикке), чечимдерге кандайдыр бир таасирин тийгизүүгө;
2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга.
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу сатып алуучу уюмдун/Агенттин же болбосо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.
2. Адамдар сатып алуулардын жол-жобосу менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
1) сатып алуулардын натыйжасына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар);
2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн кызматкерлери же болбосо аларга берүүчүлөр таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар, анын ичинде башкаруу органдарынын катышуучулары (акционерлери), мүчɵлɵрү же мындай берүүчүлөрдүн кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп эсептелсе.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкүдɵй учурда түзө албайт:
1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса;
2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса;
3) эгерде берүүчү аффилирленген жак болуп саналса;
4) эгерде бул сатып алууда анын сунуштарын даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген жеке же юридикалык жак тартылса.
4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирлөөнүн жок экендиги жɵнүндɵ ырастоону, ошондой эле бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү.
5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш.
6. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды аныктаган учурда, мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш.
7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.»;
7) 7-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө «жана консультанттар», «, консультанттар» деген сөздөр алып салынсын;
8) 8-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункттун «а» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«а) мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартибин;»;
б) 2-пунктта «жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пунктта «жана консультанттардын» деген сөздөр алып салынсын;
г) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) мамлекеттик сатып алууларга катышкан берүүчүлөрдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоого акы төлөө, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын пайдалангандыгы үчүн акы жана көз карандысыз комиссияга даттануу бергендиги үчүн акы төлөө түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын атайын эсепте топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоо жана башкаруу тартиби, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көз карандысыз комиссияга даттануу берүүгө акы төлөө тартиби жана өлчөмү Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган;»;
9) төмөнкүдөй мазмундагы 81-берене менен толукталсын:
«81-берене. Веб-порталдын оператору
1. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын оператору – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, системалык-техникалык тейлөөнү жана башка маалыматтык системалар менен интеграциялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм (мекеме, ишкана).
2. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын оператору тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда, веб-порталдын операторунун аракети (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.»;
10) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9-берене. Сатып алуучу уюм/Агент
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүм түзө алат же болбосо өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бирине же кызматкерине функцияларын жүктөй алат.
2. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бɵлүм/кызматкер төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, сатып алуулар планын түзүү учурунда жана кулактандырууну жарыялоонун алдында (сатып алууларды пландоо, планын түзүү этабында, алкактык макулдашууну түзүүдө жана бир булактан сатып алуу ыкмасында) сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзөт;
2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат;
3) сатып алуу жөнүндө документтерди, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду веб-порталда иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоонун жыйынтыктарын, сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун кол коюлгандан кийин жайгаштырат;
4) веб-порталга ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты жайгаштырат;
5) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда веб-порталда сатып алууну жокко чыгарат же ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
6) маалыматтар базасына ак ниет эмес берүүчүлөрдү киргизүүнү демилгелейт;
7) көз карандысыз комиссиянын чечиминин аткарылышы жөнүндө билдирүүнү чечим чыгарылган күндɵн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
3. Сатып алуучулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн бардык кызматкерлерин же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн кызматкеринин ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто билими жөнүндө диплому болууга тийиш.
4. Cатып алуучу уюмдун жетекчиси учурдагы жылдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун/Агенттин, башка органдардын кызматкерлеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн (жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча) ичинен сатып алуу боюнча комиссияны түзөт, аларды тандоо веб-порталда кокусунан тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Квалификациялык талаптарды белгилебестен бир булактан жана котировкаларды суратуу методдор менен сатып алууларда сатып алуу боюнча комиссия түзүлбөйт.
Сатып алуу боюнча комиссия кеминде үч адамдан турууга тийиш, алардын биринде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар чɵйрɵсүндɵгү сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто кесиптик билими жөнүндө диплому болууга тийиш. Сатып алуу боюнча комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчилери, башка мамлекеттик (муниципалдык) уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылган эксперттер кириши мүмкүн.
5. Сатып алуу боюнча комиссия:
1) сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитет;
2) ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалоону жүргүзɵт;
3) жеңүүчүнү жана рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөрдү аныктайт;
4) ушул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган учурларда сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
5) даттануу ушул Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 45-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык негиздүү деп таанылган учурда берүүчүлөрдүн сунуштарын кайра баалоону жүзөгө ашырат.
6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси түзүмдүк бɵлүмдү түзɵт же сатып алуулар жөнүндө контрактты башкаруу функциясын түзүмдүк бɵлүмгɵ/кызматкерге жүктɵйт.
7. Сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда контрактты аткаруу процессине жарандык коомдун ɵкүлдɵрүнүн арызы боюнча жарандык коомдун катышуусун камсыздайт.
8. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, кызматкерлери же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү функциялары жүктөлгөн түзүмдүк бɵлүм/кызматкер, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун/Агенттин контрактты башкарууга жооптуу адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.»;
11) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11-берене. Сатып алууларды пландоо
1. Сатып алууларды пландоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген мезгилге стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш жүзүндөгү калдыктарды эске алуу менен чыгымдарды ченемдөөгө ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болгон керектөөнүн негизинде 3 жылга жүзɵгɵ ашырылат.
2. Бюджеттин долбоору же чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө техникалык өзгөчөлүктɵрүн жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөр аныкталат, алар веб-портал менен интеграцияланган казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилет.
3. Сатып алуулар планына киргизүү үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталууга тийиш:
1) белгиленген ченемдердин негизинде товарлардын саны, берүү мөөнөтү жана орду аныкталган;
2) сатып алуунун пландалган мезгили (ай, квартал, жыл) аныкталган;
3) товарларды сатып алууда товарлардын ар бир түрүнө иштелип чыккан техникалык өзгөчөлүктөргɵ ээ болууга;
4) шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, жаңы курулушка же капиталдык курулушка жумуштарды сатып алууда курулуш жана архитектура чɵйрɵсүндɵгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан экспертизадан өткөн курулуштун бардык көлөмүнө иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтерге, пландарга, чиймелерге жана эскиздерге ээ болууга;
5) дефекттик актынын негизинде чыгымдалуучу материалдардын таблицасы (сметалык наркы) менен учурдагы оңдоонун (курулуш материалдарына техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алардын көлөмүн көрсөтүү менен) сметалык наркына ээ болууга;
6) кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө техникалык тапшырмага же техникалык-экономикалык негиздемеге ээ болууга;
7) каржылоо булагы көрсөтүлүүгө.
4. Сатып алуулар планы сатып алуучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
Сатып алуулар планында товарларды берүүнүн, жумуштарды аткаруунун (жаңы курулуш, капиталдык курулуш, учурдагы оңдоо), кызматтарды көрсөтүүнүн аталышы, бюджети, саны, орду жана мөөнөтү көрсөтүлөт.
Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленүүчү талаптар түшүнүктүү жана толук болууга, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана башка көрсөткүчтөрүнө карата талаптардын так жана бирдей мааниде баяндалышын камсыз кылууга тийиш. Белгиленүүчү талаптар чектөөчү мүнөзгө ээ болбошу керек.
5. Эгерде сатып алуулар планы бекитип жаткан жумуштарды аткаруунун мезгили 3 жылдан ашкан учурда сатып алуулар планында аларды аткаруунун бардык мезгилине маалымат кɵрсɵтүлɵт.
6. Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда сатып алуучу уюм мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду веб-портал менен интеграцияланган казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет.
7. Контракт түзүлгөндөн кийин сатып алуулар планына киргизилген өзгөчө кырдаал, форс-мажордук жагдайлар, авария менен байланышкан сатып алууларды кошпогондо, сатып алуулар планында (сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.»;
12) 12-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык электрондук формада иштелип чыгат жана толук көлөмдө акысыз негизде жеткиликтүү болуп саналат.»;
б) 2-бөлүктө:
– 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптар, квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкаларды суратуу методу менен сатып алууларды кошпогондо:»;
– «а» пунктчасы «товарлардын» деген сөздөн кийин «жана кызмат көрсөтүүлөрдүн» деген сөздөр менен толукталсын;
– 6-пункт тɵмɵнкүдɵй мазмундагы «г» пунктчасы менен толукталсын:
«г) калк үчүн багытталган же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга карата талаптар, эгерде мындай товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгошу мүмкүн болсо.
Долбоорлоо жана курулуш жумуштарын, анын ичинде реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын, ошондой эле маалыматтык системаларды жана санариптик сервистерди сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документке киргизилет;».
– 7-пункттун биринчи абзацында «, анын ичинде акчалай формада көрсөтүлүүгө тийиш болгон ушул критерийлердин салмагын» деген сөздөр алып салынсын;
– 8-пункттун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
– 9-пунктта «же берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияларга кол коюу тууралуу талапты» деген сөздөр алып салынсын;
13) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын методдору
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдɵй методдор менен жүзөгө ашырылат:
1) чектелбеген;
2) котировкаларды суратуу;
3) бир булактан.»;
14) 16-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Котировкаларды суратуу методу даяр (стандарттуу) товарларды, жɵнɵкɵй (стандарттуу) жумуштарды (учурдагы оңдоо) жана конкреттүү сыпаттамасы бар кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу учурунда колдонулат.»;
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацында «жумуштарды жана» деген сөздөр алып салынсын;
15) 17-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бир булактан сатып алуу методу – сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө веб-порталга кулактандыруу жарыялабастан контрактка кол койгон мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу.»;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Сатып алуучу уюм/Агент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибинде каралган учурларда бир булактан сатып алуу методун колдонууга укуктуу.»;
16) 18-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) алар менен алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинин ичинен контрактка кол коюу үчүн экинчи этапта баалардын котировкалары суратып алынат. Контракттын суммасы жана алкактык макулдашуунун предметтеринин көлөмү алкактык макулдашууда көрсөтүлгөн пландалган суммадан жана көлөмдөн ашпоого тийиш.»;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Алкактык макулдашууга биринчи этапта баалоо жол-жобосунан өткөн ар бир берүүчү ɵз-өзүнчө кол коюлат. Алкактык макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде кайсы убакта болбосун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн ɵздɵрүнүн сунуштарын бере алат.
Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан баа критерийлери боюнча сатып алуулардын экинчи этабы жарыяланган учурдан тартып алкактык макулдашууну түзүү үчүн берүүчүлөрдүн жаңы сунуштарын кабыл алуу жол-жобосу экинчи этаптын жыйынтыктары жарыяланганга жана алкактык макулдашуу боюнча контракт түзүлгөнгө чейин токтотулуп турат.»;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Алкактык макулдашуу төмөнкүдɵй методдорду пайдаланууда колдонулат:
1) чектелбеген метод (эки пакеттүү ыкма менен);
2) квалификациялык талаптарды белгилөө менен котировкаларды суратып алуу методу.»;
17) 20-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мындай мөөнөт сунуштар ачылган күндөн тартып жумуш күндɵрү менен эсептелет.»;
18) 22-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) сатып алуу предметинин пландалган наркынын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сатып алуучу уюмга/Агентке тɵгүлүүчү акча каражаты же банк кепилдиги түрүндө. Cунушту акча каражаты түрүндө кепилденген камсыздоо берилген учурда, берүүчү сунуштарды ачуу учурунда сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине алардын келип түшүүсүн камсыз кылат;»;
б) 6-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) сунуштар ачылгандан кийин берүүчүнүн сунушунун шарттары ɵзгɵрүлсɵ. Сатып алуулар эки же андан көп лотко бөлүнгөн шартта берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу тиешелүү лоттун суммасына өлчөмдөш кармалат.»;
19) 23-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Берүүчүлɵрдүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей тиешелүү, ошондой эле субберүүчүлөргө же болбосо жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнө жайылтылат жана контракт түзүү боюнча юридикалык ыйгарым укук менен бирге төмөнкүдɵй минималдуу квалификациялык талаптарды камтыйт:»;
– төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша башка квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.»;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына ылайык келүүгө тийиш. Мында жөнөкөй шериктештиктин жетектөөчү өнөктөшү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 40 пайызынан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш. Бул талаптарга шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.»;
20) 24-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Сунушталган бааны жана катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн негиздөөгө суроо-талап келип түшкөн учурда, берүүчү негиздемени 2 жумуш күндүн ичинде берет.»;
21) 25-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
– 2-пунктта «чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын биринчи пакетиндеги» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) экинчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи пакеттин баалоосунан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу сатып алуулардын жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык токтотулуп турбаган учурларды кошпогондо, биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган датадан тартып 5 жумуш күн өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Биринчи пакетти ачууда, финансылык сунуштар жөнүндө маалыматты кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалымат веб-портал тарабынан түзүлөт.
Финансылык сунуштарды ачууда веб-портал тарабынан кошумча төмөнкүдɵй маалыматтар түзүлөт:
а) квалификациялык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоонун биринчи этабынан өткөн берүүчүлөрдүн аталышы же болбосо идентификациялык коду;
б) берүүчү сунуштаган баа жана валюта, анын ичинде ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча баалар.»;
22) 26-беренеде:
а1) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоонун жүрүшүндɵ берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмөлөрдү, анын ичинде сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн, талаптарга ылайык келгенин тастыктаган, бирок сунуштун курамына берилбеген маалыматты сурай алат, эгерде мындай документтер берүүчүлөрдүн сунуштарын ачканга чейин ыйгарым укуктуу органдар тарабынан таризделген (берилген) болсо. Түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилиши керек. Берүүчүнүн сунушунун маңызын өзгөртүүгө багытталган суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же түшүндүрүүлɵргɵ жол берилбейт.».
а) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун төмөнкүдөй учурларда четке кагат, эгерде:
1) берүүчү же болбосо анын суроо-талап боюнча берилген сунушу же маалыматы квалификациялык талаптарга же болбосо сатып алуу жɵнүндɵ документтердин талаптарына шайкеш келбесе;
2) берүүчү берүүчүнүн сунушуна кепилдик берген декларацияга кол койбосо же болбосо сунуштарды ачуу учуруна карата берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылууну бербесе;
3) анда майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар тарабынан түзүлгөн уюмдарды кошпогондо, берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болсо;
4) берүүчү тарабынан сунушталган техникалык параметрлер сатып алуу жөнүндө документтердин техникалык өзгөчөлүгүнө шайкеш келбесе;
5) берүүчүнүн катышуусуна ушул Мыйзам жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен четке кагуу жана (же) тыюу салуу учурлары белгиленсе.»;
23) 27-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) сунуштарды берүүчү берүүчүлөрдүн аталыштары жана даректери же болбосо алардын идентификациялык коду;»;
24) 28-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кийинчерээк сатып алуучу уюмга/Агентке бир жыл ичинде сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими боюнча анын зарылдыгы болбой калган сатып алуу предметин сатып алууга тыюу салынат.»;
б) 3-бөлүктө:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) бир дагы сунуш келип түшпөсө же сунуштар жетишсиз санда келип түшсө;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) берүүчүлөрдүн бардык сунуштары четке кагылса;»;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм/Агент баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык өзгөчөлүктөрдү, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана сатып алууну кайрадан, бирок сатып алуу болгон жок деп таанылган датадан тартып 5 жумуш күндɵн эрте эмес жүргүзүүгө тийиш.
Мында ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5-пункттарынын талаптарына ылайык сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу болгон жок деп таанылган учурдан тартып кайрадан сатып алууну жүргүзө алат.»;
25) 29-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Сатып алууну жеңүүчү тарабынан кабарлама ырасталбаган же андан баш тартылган учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат жана ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.»;
26) 3-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
27) 43-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында «жана консультанттар», «же консультанттын» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пунктунда «уюмдун» деген сөз «уюмдун/Агенттин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 44-беренеде:
а) 1-бөлүктө «жана консультанттар» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
– биринчи абзацта «же консультант» деген сөздөр алып салынсын;
– экинчи абзацта «25, 29, 37 жана 39-беренелерине» деген сөздөр «25 жана 29-беренелерине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Мамлекеттик сатып алуулардын методуна же сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Мында сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күнгө жылдырылат.
Сатып алуучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине) же чечимине же контракттын шарттарын өзгөртүүгө даттануулар келип түшкөндɵ, сатып алуулардын жол-жобосу 5 жумуш күнгө токтотулуп турат, мында веб-портал даттануу жөнүндө кабарламаны бардык катышуучуларга автоматтык түрдө жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент электрондук форматта даттанууну карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат.
Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө;
2) даттанууну негизсиз деп таануу жөнүндө.
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жүйөлүү чечими веб-порталга жайгаштырылат.»;
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануусу боюнча комиссиянын чечимине макул болбогон берүүчүлɵр көз карандысыз комиссияга административдик даттануу берүүгө укуктуу.»;
29) 45-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине административдик даттануулар жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуулары Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия (мындан ары – көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндө жогорку/орто кесиптик билими жɵнүндɵ диплому бар адистерден турат.»;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Административдик даттанууну берүүдɵ веб-портал бардык кызыкдар тараптарга кабарлама жиберет. Сатып алуу 3 жумуш күнгө токтотулуп турат. Кайрылууну берүүдɵ веб-портал ага карта мындай кайрылуу келип түшкөн берүүчүгө кабарлама жиберет.»;
в) 8-бөлүктө«же консультант» деген сөздөр алып салынсын;
30) 46-беренеде «, консультанттар» деген сөз алып салынсын;
31) 47-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) берүүчүнүн аталышы, юридикалык дареги жана бенефициардык ээлер жɵнүндɵ маалыматтар;»;
32) 48-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
– 1-пунктта «жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алып салынсын;
– 5-пунктта «жана консультант» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктө «же консультант», «жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү» деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүктө «жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алып салынсын;
33) 50-беренеде:
а) 2–4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кепилдик камсыздоо контракттын наркынын 10 пайызынан жогору болуусу мүмкүн эмес.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдик камсыздоо берүүчүлөр тарабынан банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар түрүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган же камсыз кылынган баалуу кагаздар, жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген кепилдиктер түрүндө берилиши мүмкүн.
Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо акча каражаттары түрүндө берилген учурда, берүүчү аларды сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине которот.
4. Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо сатып алуучу уюм/Агент тарабынан 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, төмөнкүдөй учурларда берүүчүгө кайтарылып берилет:
1) бардык кепилдик милдеттенмелерди (кепилдик мезгил) кошкондо, контракт боюнча милдеттенмелер аткарылганда;
2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу контракт бузулганда.
Кепилдик милдеттенмелердин колдонуу мезгилинде сатып алуучу уюм контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоонун өлчөмүн төмөндөтөт. Мында контракттынаткарылышын кепилдик камсыздоодо кармалган сумма контракттынаткарылышын кепилдик камсыздоо суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.»;
б) 5-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Берүүчүлөр тарабынан бул декларация бузулганда сатып алуучу уюм/Агент аларды ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизүүнү демилгелейт.»;
в) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
г) төмөнкүдөймазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Берүүчүнүн күнөөсү боюнча контракт бузулган, ал контракт боюнча милдеттенмелерди же кепилдик мезгилдин ичинде кепилдик милдеттенмелерин аткарбаган учурда, контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоонун калдыгы сатып алуучу уюм/Агент тарабынан кармалат.»;
34) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө «уюм» деген сөз «уюм/Агент» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка берүүчүнү тандоо критерийлери (сатып алуу предметинин техникалык өзгөчөлүгү) болуп саналган шарттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.»;
35) 52-берененин 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) контрактты түзүүдө тараптар аларга таянган жана контракт түзүү учурунда өзгөрүшүн алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда олуттуу ɵзгɵрүүлɵр келип чыкканда жана эгерде мында контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм/Агент мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон күндɵн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен контрактты бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул Мыйзамдын 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 3-пунктунун «х»пунктчасын, 8-пунктунун «г» пунктчасын, 11-пунктунун төртүнчү жана он жетинчи абзацтарын кошпогондо, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-августундагы № 59 (3818) саны менен жарыяланды.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2027-жылдын 1-январына чейин өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |