Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-1
Айылдык кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы “Айыл аймагынын 2018-2022- жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын бекитүү тууралуу” № 8-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктуна жана 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы№ 8-1 токтому менен бекитилген “Айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы өзгөртүүлөр, толуктоолор менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. №1-приоритетүү “Айыл чарбасы жана өндүрүш тармагына” Ош-Исфана жолунун Кеңеш айыл өкмөтү жайгашкан жолдун жээгине киреше алып келе турган ишкана куруу;
№4- приоритетүү «Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кеңейтүү» багытына: Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын куруу, Байыш
–Нуру балдар бакчасына ашкана куруу, Батуу айылына балдар бакчасын куруу;
№5- приоритетүү “Саламаттыксты сактоо тармагына” : №9-ҮБДТну оңдот түзөө, Арбын ФАПтын имаратын жакшыртуу, Батуу айылына ФАП куруу, Медересе калктуу конушуна ФАП куруу, Дары-Булак айылындагы ФАПты оңдоп түзө № 6-приоритетүү “ спорт” тармагына Арбын айылына кичи футболдук аянтча куруу иш-чаралары менен толукталсын.
3. №9-ҮБДТну оңдот түзөө, Арбын ФАПтын имаратын жакшыртуу боюнча АРИС тарабынан каржылануучу долбоордун сметалык документтерин бүтүрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |
|
| Тиркеме |
|
| Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (7-чакырылышы) кезексиз 8-сессиясынын № 8-1-токтомуна тиркеме |
Кеңеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасын ишке ашырууга карата түзүлгөн иш-чаралардын планына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген варианты
№ | маселелер | Пландалган иш-чаралар | Аткаруу үчүн жооптуулар | мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
| 1. Экономикалык өнүгүү багытында. | ||||
1 | 1.приоритет: Айыл чарбасы жана өндүрүш тармагында | 1.1Жаны-Арбын каналын ремонттоо | Айыл башчы, СПА, | 2018-жыл | Эл сугат суу менен камсыздалат |
1.2.Суу чыккан үлүш жерлерге дренаж казуу | Айыл башчы, жер адис | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.3.Айылдардын ичиндеги ички арыктарды жана каналдарды тазалоо жана кеңейтүү | Айыл башчы, СПА | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.4.Суу жетпеген жерлерге тамчылатып сугаруу системасын киргизүү | Жер адис, айыл башчылар | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.5.Айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү багытын өркүндөтүү | Жер адис, айыл башчылар | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.6.Ак-терек айылындагы кайрак жерлерге кооператив түзүү. | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.7.Иштетүүгө жараксыз, таштак жерлерди бак кылууга берүү | Жер адис, жеке ишкерлер | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.8.Күнөскана куруу | Жер адис, жеке ишкерлер | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.9.Логистиканы борборлоштурулган уюштуруу | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
1.10.Ош-Исфана жолунун Кеңеш айыл өкмөтү жайгашкан жолдун боюуна киреше алып келе турган ишкана куруу | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | 2018-2023-ж | Экономикасы көтөрүлөт | ||
2 | 2-приоритет: Мал чарбасы | 2.1.Арбын айылына ветеринардык сервисти ачуу | Ветсервис кызматкерлери | 2018-2023-ж | Жугуштуу оорулар алдын алынат |
2.2.Шаңкол айылындагы малдарды жасалма уруктандыруу пунктунун ишин жайылтуу | Вет.врач | 2018-2023-ж | Малдын асылдуулугу артылат,экономикасы көтөрүлөт | ||
2.3.Малдарды идентификациялоону аягына чыгаруу | Вет.врач | 2018-2023-ж | Малдын башын тактоо жакшырат | ||
2.4.Тоок чарбасы, балык чарбасы, бал аарычылык боюнча окууларды уюштуруу, долбоорлор менен иштөө. | Исаев Ж, Осмонов К | 2018-2023-ж | Жеке ишкерлүүктү өнүктүрүү. | ||
|
| 2.5.”Беккер” чункурун казуу | Карыбеков Н | 2018-2023-ж | Тазалыкка кам көрүү |
2.6.Малдар суу ичүүчү ноо жасатуу | Карыбеков Н | 2018-2019-ж | Жугуштуу ооруларды алдын алуу | ||
|
| ||||
2. Социалдык өнүгүү багытында | |||||
3 | 3-приоритет: Инфраструктура | 3.1Ички жолдорго кум шагал төшөө | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат |
3.2Жаңы көчөлөрдүн абалын жакшыртуу, эскирген, абалы начар көчөлөрдү ремонттоо | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.3Жарыктандыруу коюлбаган көчөлөргө жарыктандырууну орнотуу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.4Жаңы ачылган көчөлөргө электр линияларын тартуу, трансформатр орнотуу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.5Ички арыктарга көпүрө куруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.6Аймакка заманбап үлгүдөгү мончо куруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.7Жаштар үчүн эс алуучу жайларды куруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.8Куу-майдан айылындагы эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.9Бардык айылдардагы эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Жашоо шарттар жакшыртылат | ||
3.10Таза суу менен камсыздоо планын түзүү, 85% камсыздоого жетишүү | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Элдин ден соолугуна кам көрүлөт | ||
3.11Учурда пайдаланып жаткан таза сууну уномдуу жана сарамжалдуу пайдалануу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | таза суу объектилер сактоо, таза сууга болгон акы төлөөнү турукташтыруу; | ||
3.12.Таштандыларды көмүүчү чункур каздыруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Тазалыкка кам көрүлөт | ||
3.13.Шаңкол, Арбын айыл башчыларына кабинет куруу | Айыл башчылар | 2018-2023-ж | Элге кызмат көрсөтүү жакшыртылат | ||
4 | №4 приоритет: «Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кеңейтүү»
| 4.1Шанкол, айылына балдар бакчасын куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. |
4.2Ак-Терек башталгыч мектебине кошумча класстык каана куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.3Шаңкол орто мектебинин капиталдык ремонттоо | Мектеп директору | 2018-2023-ж | Окуу шарттарын жакшыртуу | ||
4.4.Айбийке балдар бакчасынын капиталдык ремонттон чыгаруу жана кеңейтүү | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.5Ак-Чабуу Нур балдар бакчасына кошумча имарат салуу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.6.Арбын айылына бала бакчанын имаратын жаңылап куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.7Ак-Чабуу орто мектебине спорт зал куруу | Кушбаков Б.М. мектеп директору | 2018-2023-ж | Дени-сак бала, дени сак улут. | ||
4.8Дары-суу орто мектебине спорт зал куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Дени-сак бала, дени сак улут. | ||
4.9Арбын орто мектебинин эски корпусун капиталдык ремонттоо | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.10.Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2022-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.11Байыш –Нуру балдар бакчасына ашкана куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2022-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
4.12.Батуу айылына балдар бакчасын куруу | айыл башчы, инвестиция б-ча адис | 2022-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт. | ||
5 | №5 приоритет: Саламаттыксты сактоо тармагын | 5.1.Куу-майдан айылындагы ФАПты ишке киргизүү | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт |
5.2Шаңкол айылына ФАП куруу | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.3Арбын айылындагы ФАПтын эшик, терезелерин алмаштыруу | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.4Ак-терек айылындагы ФАПты муниципалдык менчикке өткөрүү жана капиталдык ремонттоо | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2018-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.5№3-ҮБДТну оңдот түзөө | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2021-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.6Арбын ФАПтын имаратын жакшыртуу | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2022-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.7Батуу айылына ФАП куруу | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2022-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.8Медересе калктуу конушуна ФАП куруу | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2022-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
5.9Дары-Булак айылындагы ФАПты оңдоп түзөө. | ММ б-ча адис, Айыл башчы | 2022-2023-ж | Ден соолукка кам көрүлөт | ||
6 | 6-приоритет: спорт | 6.1Даталуу күндөргө карата спорттук иш-чараларды өткөрүү | Жаштар кеңеши | убагында | Бош убакытты туура пайдалануу |
6.2Спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышуу | Жаштар кеңеши | убагында | Бош убакытты туура пайдалануу | ||
6.3Арбын айылына чоң волейбол ойноочу спорттук зал куруу | Жаштар кеңеши | 2018-2023-ж | Бош убакытты туура пайдалануу | ||
6.4Арбын айылына кичи футболдук аянтча куруу. | Жаштар кеңеши | 2018-2023-ж | Бош убакытты туура пайдалануу | ||
7 | 7-приоритет: маданият | 7.1Даталуу күндөргө карата маданий иш-чараларды өткөрүү | Маданият кызматкерлери | убагында | Бош убакытты туура пайдалануу |
7.2Маданият үйүнө заманбап музыкалык аппаратура алуу | Маданият кызматкерлери | 2018-2023-ж | Маданий сабаттуулугун арттыруу | ||
7.3Маданият үйүн капиталдык ремонт жасоо | Маданият кызматкерлери | 2018-2023-ж | Маданий сабаттуулугун арттыруу | ||
8
| 8-приоритет: калкка социалдык жактан колдоо көрсөтүү | 8.1Жакырчылыкты жоюуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Соц.кызматкер | 2018-2023-ж | Жашоо деңгээлди жогорулатуу |
8.2Мүмкүнчүлүгү чектелген колдоого муктаж калктын аялуу катмары менен иштөө. | Соц.кызматкер | 2018-2023-ж |
| ||
8.3Балдар жана энелерге кам кордук көрүү | Соц.кызматкер | 2018-2023-ж | Зордук-зомбулукту болтурбоо | ||
8.4Аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында борбордон врачтарды алып келип ден соолуктарын текшертүү | Соц.кызматкер, ҮБДТнун кызматкерлери | 2018-2023-ж | Энелерге кам көрүү | ||
8.5Жаш балдар, өспүрүмдөр арасында суицид, кылмыштуулук, наркомания жана башка психологиялык таасир этүүлөрдү алдын-алуу боюнча чараларды көрүү | Соц.кызматкер мектеп мугалимдери, ИДН | 2018-2023-ж | Келечекке кам көрүлөт | ||
9 | 9-приоритет: МЧС | 9.1Куу-майдан айылындагы селканалардын жээгин бекемдөө. | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Элдин коопсуздугуна кам көрүлөт |
9.2Шаңкол дарыясынын жана Котур-Булак сайынын жээгин бекемдөө | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Элдин коопсуздугуна кам көрүлөт | ||
9.3Арбын айылындагы селканалардын жээгин бекемдөө | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Элдин коопсуздугуна кам көрүлөт | ||
9.4Чегеден айылындагы селканалардын жээгин бекемдөө | Айыл башчы | 2018-2023-ж | Элдин коопсуздугуна кам көрүлөт | ||
10 | 10-приоритет: экология | 10.1Иштетүүгө жараксыз жерлерге бак тигүү. | Жер адис | 2018-2023-жж | жашылдандыруу |
10.2Куу-майдан айылындагы селге кооптуу жардын үстүнө бадам, мисте ж.б.бадалдарды олтургузуу. | Айыл башчы | 2018-2023-жж | Кыртышты бекемдөө, топуракты эррозиядан сактоо | ||
11 | 11- приоритет кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | 11.1Кызмат көрсөтүү борборунун ишин жакшыртуу | Жооптуу катчы | 2018-2023-жж | Тез жана сапаттуу кызмат көрсөтүү |
11.2Аз камсыздалган көп балалуу (5 баладан жогору) үй-бүлөлөргө бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүп туруу | Соц.кызматкер | 2018-2023-жж | Колдоо көрсөтүү | ||
11.3Аз камсыздалган үй-бүлөнүн мектепке окуган балдарынын ар кандай мелдештерге катышып келүүсү үчүн керек болгон учурда транспоттук чыгымдарын жарым-жартылай төлөп берүү | Соц.кызматкер | 2018-2023-жж | Колдоо көрсөтүү | ||
11.4Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалгыз бой, кароосуз калган адамдарга ар түрдүү маселелери боюнча юридикалык жардамдарды уюштуруу. | Соц.кызматкер | 2018-2023-жж | Укуктук сабаттуулугун артыруу | ||
11.5Жалгыз бой карыяларга жылына бир жолу материалдык жардамды үйлөрүнө кыдырып таркатуу. | Соц.кызматкер | 2018-2023-жж | Колдоо көрсөтүү | ||
11.6.85 жаштан жогорку кары адамдардын үйлүрүнө барып, даректүү кабар алуу, колдоо көрсөтүү. | Соц.кызматкер | 2018-2023-жж | Колдоо көрсөтүү | ||
11.7Айыл өкмөтүнүн алдына жаштар жана чоңдор үчүн бош убактыны өткөрө турган эс алуу аллеясын уюштуруу | Инвестиция б-ча адис | 2018-2023-жж | Эс алууга шарт түзүү | ||
11.8Айыл өкмөтүндөгү бардык компьютерлерди интернеттке туташтыруу. | МКТ адис | 2018-ж | Автоматташтырылган айыл өкмөтүн түзүүгө кадам | ||
11.9Автоматташтырылган “Айыл” программасын иштетүүнү жакшыртуу | МКТ адис | 2018-ж | Автоматташтырылган айыл өкмөтүн түзүүгө кадам | ||
12 | 12- приоритет: коррупция | 12.1“Бирдиктүү терезе” аркылуу кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу. | Жооптуу катчы | 2018-2023-жж | Таза коомго кадам |
12.2Ачык эшиктер күнүн уюштуруу. | Исаев Ж | 2018-2023-жж | Эл менен бийликти жакындатуу | ||
12.3Айыл өкмөтүндө аткеарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды маалымат доскалар, сайттар, интернет, ватсап, мултимедийный центр аркылуу элге жеткирип туруу. | МКТ б-ча адис | 2018-2023-жж | Ачык-айкындуулук аркылуу таза коомго кадам | ||
12.4Бир жылда бир жолудан кем эмес бюджеттик угууларды өткөрүү | Мадраимов А | 2018-2023-жж | Элдин ишенимине ээ болуу | ||
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы |
|
Шапиев У.М. |