КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-4
Айыл өкмөт башчысынын сунуштаган долбоорлорун колдоого алуу тууралуу
Айыл аймагындагы бош иштетилбей жаткан фонддун жерлерине киреше берүүчү ишканаларды куруу үчүн инвесторлорго ижарага берүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын суранычын угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы бош иштетилбей жаткан фонддун жерлерине киреше берүүчү ишканаларды куруу үчүн инвесторлорго ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бардык талаптарды эске алуу менен мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |