Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-августу № 526
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун аныктоо, ишин баалоо, Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын 2025-жылдагы ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча иштин көрсөткүчтөрүнүн негизинде 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.»;
2) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте акча каражаттарын карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын 2025-жылдагы ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы боюнча рейтингдин лидерлерин сыйлоо үчүн байге фондун түзүүгө республикалык бюджеттен 18 000 000 (он сегиз миллион) сом бөлсүн.»;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
| A.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме
«4-тиркеме
1-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын рейтинги
№ | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 93,4 |
|
2 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 90,6 |
|
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 89,1 |
|
4 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 88,3 |
|
5 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 85,8 |
|
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 79,1 |
|
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 75,8 |
|
2-таблица
1-топко кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын рейтинги (алыскы, жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу айылдары жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айылдары бар райондор)
№ | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
1 | Тоң району | 92,7 |
|
2 | Лейлек району | 84,8 |
|
3 | Ак-Суу району | 84,0 |
|
4 | Кочкор району | 83,4 |
|
5 | Токтогул району | 83,1 |
|
6 | Ат-Башы району | 82,9 |
|
7 | Ала-Бука району | 79,7 |
|
8 | Нарын району | 78,0 |
|
9 | Ак-Талаа району | 78,0 |
|
10 | Баткен району | 77,8 |
|
11 | Чаткал району | 76,9 |
|
12 | Чоң-Алай району | 76,8 |
|
13 | Жумгал району | 75,2 |
|
14 | Алай району | 74,7 |
|
15 | Тогуз-Торо району | 74,3 |
|
16 | Кара-Кулжа району | 73,6 |
|
3-таблица
2-топко кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын рейтинги (1-топко кирбеген райондор)
№ | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
1 | Ысык-Көл району | 91,9 |
|
2 | Кадамжай району | 90,5 |
|
3 | Өзгөн району | 88,1 |
|
4 | Ноокат району | 86,9 |
|
5 | Ноокен району | 84,1 |
|
6 | Сузак району | 83,6 |
|
7 | Кемин району | 83,3 |
|
8 | Жети-Өгүз району | 82,8 |
|
9 | Түп району | 81,6 |
|
10 | Аксы району | 78,3 |
|
11 | Айтматов району | 77,9 |
|
12 | Москва району | 77,8 |
|
13 | Кара-Суу району | 77,2 |
|
14 | Жайыл району | 75,7 |
|
15 | Араван району | 75,2 |
|
16 | Чүй району | 74,5 |
|
17 | Талас району | 74,0 |
|
18 | Бакай-Ата району | 74,0 |
|
19 | Аламүдүн району | 72,3 |
|
20 | Ысык-Ата району | 71,6 |
|
21 | Сокулук району | 71,2 |
|
22 | Панфилов району | 70,7 |
|
23 | Базар-Коргон району | 70,6 |
|
24 | Манас району | 66,5 |
|
».