КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-6
Айыл өкмөт башчысынын айыл аймагынын имамдары, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте той-маареке, каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча иш алып баруу тууралуу сунушун кароо
Айыл өкмөт башчысынын айыл аймагынын имамдары, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте ар кандай той-мааракелердеги, маркумдуу узатуу салттарындагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу жана андагы баш аламандыкты бир тартипке салуу тууралуу койгон маселелерин угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 15-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашаган жарандар тарабынан өткөрүлүүчү ар кандай той-маарекелердин убактысына төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилсин:
той-маарекелерге баруунун убактысы эркектер үчүн эрте менен багымдат намазынан кийин эки саатка чейинки убакыт, андан кийин аялдар үчүн 2 саат убакыт белгиленип, түшкө чейин бүтүрүү жагы айыл тургундарына жеткирилсин.
2. Маркумду узатуу азасы үч күнгө белгиленсин жана эч кандай ысырапкерчилик жасалбасын, идиш-аяк ж.б.нерселерди алууга тыюуу салынсын.
3. Кырктык, жылдык өткөрүү кыскартылсын, анын ордуна шартына карап жалпыга пайда алып келүүчү сооп иштери жасалсын.
4. Ар кандай той-маарекелерди, маркумду акыркы сапарга узатуу салттарын кандай өткөрүү керектиги боюнча атайын эрежелерди иштеп чыгуу жагы айыл аймагындагы имамдарга тапшырылсын.
5. Ар бир айылдын айыл башчысына ошол айылдын имамынан, аксакалдарынан, активистеринен, депутаттарынан, аялдардан турган, курамы 7 ден кем эмес каада-салт, маарекелерди жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жолго салууну көзөмөлдөөчү комиссияны түзүү жагы милдеттендирилсин.
6. Айылдардагы өткөрүлүүчү той-мааркелерге,үй-бүлөлүк чыр-чатактарга көзөмөл кылуу жана элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы комиссиянын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
7. Мектептерде ата-энелердин жыйналыштарын уюштуруп берүү жагы мектеп жетекчилерине, аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айылдык кеңештин аял депутаттарына тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |