МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 27-августундагы № 5/23
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы кичи автобус (спринтер) Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүндөгу мектеп окуучуларын мектепке барып келүүсүн камсыздоого берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы MERSEDES-BENZ SPRINTER 416 жана MERSEDES-BENZ 308D маркасындагы кичи автобустарды Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүнүн Ак-Таш, Кара-Жылга участкасындагы Кылыч Рысмендиев атындагы орто мектебине окуучуларды алып барып,алып келүү үчүн берилсин.
2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Жамангулов |