Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXХII сессиясы
2024-жылдын 04-июну №01-5/215
“Ɵзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жүнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Шерматов Аскарбектин өндүрүштүк муктаждыка байланыштуу 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги XXVIII сессиясында муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин штаттык бирдигин бекиткен № 01-5/196-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бюджетинин эсебинен эмгек акысын кароо менен сатып алуу бөлүмүнө бир жетектөөчү адис штаттык бирдигин киргизип берүүнү сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат.
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине бир жетектөөчү адис штаттык бирдигин ачууга уруксат берилсин жана эмгек акысы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы № 01-5/196-токтому менен бекитилген 2-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- № 01-5/196-токтомунун 2-тиркемеси, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык 7-графа менен толукталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |