Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

 

2021-жылдын 5-октябрындагы № 6/27

Жыл башындагы калган калдык акча каражатынан Миң-Булак айыл аймагындагы Чоң-Кара-Кужур ɵрɵɵнүндɵгү балдарды мектепке ташуучу кичи автобустун (спринтер) куйүүчү майына акча каражатын бɵлүп берүү жɵнүндɵ

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы токтом кылат.

 

1. Миң-Булак айыл аймагындагы Чоң-Кара-Кужур ɵрɵɵнүндɵгү балдарды мектепке ташуучу кичи автобустун(спринтер) күйүүчү майына акча каражаты тɵмɵндɵгү статья боюнча бɵлүнүп берилсин.

Статья 22141100-ГСМ сатып алуу- 112300(жүз он эки миң үч жүз)сом

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов