Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-ноябрындагы № 7/29

Миӊ-Булак айыл аймагына кирген жайыт жерлерине жайлоочу башка айылдын карамагындагы бодо малдарга жайыт акысынын наркын бекитүү

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн жайыт комитетинин башчысы Т.Чаргыновдун баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.

 

1. Миң-Булак айыл аймагындагы жайыт жердерине жайлоочу башка аймактын карамагындагы бодо малдарга (төлү менен) башына 1 жылга 2000(эки миӊ) сомдон бекитилсин.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жайыт комитетинин башчысы Чаргынов Тимурга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов