КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 192
300 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл өкмөтүнүн 06.04.2021-ж. №112 Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылындагы №387- контурдагы социалдык обьекттердин курулуш үчүн калтырылган муниципалдык менчиктеги социалдык шаарчанын күн чыгыш тарабына «АС-САФА БОРБОРУ» Коомдук Бирикмеси тарабынан каржылануучу 300 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн макулдук берүү сунушун карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айылындагы социалдык обьекттердин курулушу үчүн калтырылган №387-контурдагы жер тилкесине, муниципалдык менчиктеги социалдык шаарчанын күн чыгыш тарабына 300 орундуу мектептин имаратын курууга, узак мөөнөтүү ижарага берүүгө, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ”мыйзамдарына ылайык иш алып баруусуна макулдук берилсин.
2. Социалдык шаарчанын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы мамлекеттик мекемелердин бөлүмдөрүнөн суралсын.
4. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |