Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму

 

 

2021-жылдын 9-апрелиндеги № 194

Шагым айылындагы К. Эрматов атындагы орто мектебинин алдындагы спорт жана балдар аянтчасын колдонуу жөнүндө

Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму “жигердүү жараан” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан балдар ойноо аянтчасын Шагым айылынын тургундарынын жана К. Эрматов атындагы орто мектептин эмгек жамаатынын кайрылууларын негизинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл аймагындагы Шагым айылынын К. Эрматов атындагы орто мектебинин алдындагы спорт жана балдар ойноо аянтчасын мектептин окуу процессине тоскоолдук жаратпагандай мезгилде айыл тургундары колдоноору бекитилсин.

 

2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешнин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Сабытбек уулу Бактыяр