Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму

 

 

2021-жылдын 9-апрелиндеги № 195

Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө

Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколдорунун негизинде Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү боюнча карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифи ата-энелердин келишими менен түзүлгөн инфляциялык абалга ылайык 2021-жылдын 2-кварталына убактылуу мөөнөткө 45 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасына кабыл алуу үчүн кезекке туруу мыйзамдаштырылсын.

 

3. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Сабытбек уулу Бактыяр