Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-июлу № 517
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмегинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 76-пункт менен толукталсын:
«
76 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы | 02603201410017 |
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 76-пункт менен толукталсын:
«
76 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы | 02603201410017 |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |