КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 198
Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушун карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасы түзүү жөнүндө сунушу канаттандырылсын.
2. Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык мекемесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүктөрүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |