КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 199
Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө сунушун карап чыгып, Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө сунушу канаттандырылсын.
2. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин Турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |