Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-августу № 536
Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым маселелер
жөнүндө
2022-жылдын 19-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 20-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 «Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинде:
– 14 пунктта:
а) биринчи абзацтагы «кагаз жана электрондук форматта» деген сөздөр «кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 10, 11-пунктчалар менен толукталсын:
«10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн жоюла элек соттуулугунун жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документти;
11) жарандык жүгүртүүнүн катышуучулары, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикмелер тарабынан аудитордун ишкердик жана кесиптик сапаттарынын оң бааланышы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
«141. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин «Аудиторлордун реестринин» 1-бөлүгүндө катталган аудитор аудитордук ишти жүзөгө ашырууда төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) аудитордук уюмдун штатында турууга;
2) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, ошондой эле экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн, ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгы үчүн алып салынбаган же жоюла элек соттуулугунун жоктугу;
4) жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларынын, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикмеден аудитордун ишкердик жана кесиптик сапаттарынын оң баасына ээ болушу.»;
– 15–17-пунктардагы «кагаз жана электрондук форматта», «кагаз жана электрондук форматтагы» деген сөздөр «кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:
«301. Аудитордук уюм ушул Тартиптин 37-пунктунун 6-пунктчасына ылайык «Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестринен» чыгарылган жана «Аудитордук уюмдардын реестрине» өткөн учурда аудитордук уюмдун ЖКНинен ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык ыйгарылган ГГ катар номери алып салынат.»;
– 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) өз ишин токтотуу жөнүндө арызды, «Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестринен» чыгаруу жана «Аудитордук уюмдардын реестрине» өтүү жөнүндө ыктыярдуу арызды, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды берүү.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 454 «Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартиби:
– төмөнкүдөй мазмундагы 281-пункт менен толукталсын:
«281. Эл аралык стандарттарга алар жарыяланганга чейин киргизилген өзгөртүүлөр алар финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө милдеттүү түрдө ачылып көрсөтүлгөн учурда субъекттер тарабынан колдонулушу мүмкүн.».
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 «Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 5 «Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 «Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |