Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму

 

 

2021-жылдын 9-апрелиндеги № 203

Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө

Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги Х ХХIV- отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. 1950-жылы 19-май күнү туулган Маматов Абдимуктар Маматовичке Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Сабытбек уулу Бактыяр