КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 11-сентябрындагы № 6-3
Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жерине спорт зал курууга макулдук берүү тууралуу
Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жерине элдин өзүнүн салымы менен заманбап спорт зал курууга уруксат сурап кайрылган Куу-Майдан айылынын айыл башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жерине элдин өзүнүн салымы менен заманбап спорт зал курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдын чегинде жерин карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С |