Редакцияот 11.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги алтынчы сессиясы

 

 

2021-жылдын 11-сентябрындагы № 6-4

 

Үлүш жерлердин чек арасына эгилген дарактарды алып салуу жана эгинге түшкөн малдарды камакка алуу тууралуу

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагында жашаган атуулдардын суранычы боюнча кээ бир атуулдар үлүш жерлердин чек арасына ар кандай дарактарды эгип алган, натыйжада эгиндин түщүмдүүлүгү начарлап, экономикалык зыян тартып жаткандыгы тууралуу, эгиндер бышып жетилген мезгилде эгинге түшкөн малдарды камака алуу тууралуу сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 1,17-пунктчаларына жана айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВынын 6-бөлүмүнүн 6.2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Айыл аймагында жашаган атуулдардын үлүш жерлеринин чек арасына ар кандай дарактарды эгүүгө тыюуу салынсын жана эгилген дарактарды тез арада алып салуу жагы жер ээсинен талап кылынсын.

 

2. Талапты аткарбаган атуулга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чаралар көрүлөрү эскертилсин.

 

3. Эгинге түшкөн ээси жок малдарды ээси табылганга чейин камап багуу үчүн кеткен жем-чөбүнүн акысына күнүнө бир пресс чөптүн баасынын өлчөмүндө ар бир камалган мал үчүн кароолго төлөө малдын ээсине жүктөлсүн.

 

4. Токтомду аткарууга алуу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С