Редакцияот 15.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги биринчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 15-майындагы № 2-1

 

Депутаттардын Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесинин 1-2-3-пункттарына ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын саны, курамы жана төрага, орун басарлары тиркемеде көрсөтүлгөнгө ылайык бекитилсин.(тиркемелер тиркелет)

 

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 32-33-34-беренелерине жана айылдык кеңештин регламентине ылайык уюштуруу иштерин жүргүзүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.