Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-августу № 519
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
18-июнундагы № 377 «Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 «Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарда:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1461-пункт менен толукталсын:
«1461. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору күйдүргүнүн очогунун аймагынан алынган жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук карамагында болбогон, тиешелүү аккредитациясы жана патогендүүлүктүн I–II топторундагы микроорганизмдер менен иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтери бар көз карандысыз адистештирилген лаборатория тарабынан жүргүзүлгөн топурактын үлгүлөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн терс жыйынтыктары, ошондой эле күйдүргүнүн очогунун санитардык-коргоо зонасында жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары боюнча оң корутунду болгон учурда жана комиссиянын сунуштамасынын жана корутундусунун негизинде күйдүргүнүн очогунан турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерине), мал базарларга, продуктивдүү малды союу боюнча объекттерге, өнөр жай объекттерине жана кампаларга чейинки санитардык-коргоо зонасын анын чегинен 100 метрден кем эмес минималдуу аралыкка чейин кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.».
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |