Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-мартындагы № 28-6

 

Арбын айылындагы көрүстөн үчүн ажыратылган жерди айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылындагы көрүстөн үчүн ажыратылган жерди айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 9-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Арбын айылындагы көрүстөн үчүн ажыратылган жерди айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

 

2. Жер участогун тактап, аянтын өлчөп жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы жер маселелери боюнча башкы адис Ж.Маматалиевке жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис М.Осмоновко жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдибает уулу М