КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 6-августундагы № 5-2
Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматы тууралуу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматы жактырылсын.
2. Айыл өкмөт башчысынын Памирдик кыргыздарга жардамга 25.200 (жыйырма беш миң эки жүз) сом, Сарава мечитинин алдындагы Медересеге мамлекеттик акт алууга 14.500 (он төрт миң беш жүз) сом, кызматтык машинанын ремонтуна жана күйүүчү майы үчүн 60.000 (алтымыш миң) сом акча каражатын ажыратып берүү тууралуу сунушу жыл ичинде кошумча түшкөн кирешеден же үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен каржылансын.
3. Көрсөтүлгөн акча каражатын таап, каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Айтылган сын-пикирлер, кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп жана берилген сунуш, талаптарды аткарууга алып, аткарылган иштер боюнча кийинки сессияда толук маалыматты берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Жакшы иштеген кызматкерлерди, мекеме-уюмдардын жетекчилерин, депутаттарды ж.б. алты айлыктын, бир жылдыктын жыйынтыгы менен сыйлоо жана кемчиликтерге жол койгондорго тиешелүү чараларды көрүү жагы эске алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |