Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 6-августундагы № 5-4

 

Арыз-даттануулар,сунуш-кайрылууларды аткарууга алуу боюнча

Кеңеш айылдык кеңешине келип түшкөн арыз-даттануулар, сунуш- кайрылууларды аткарууга алуу боюнча айылдык кеңештин төрагасы О.С.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын 2-беренесине жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Мамажунусова Айгүлдүн Арбын айылына спорт залга деп бөлүнгөн акча эки жылдан бери иштетилбей жаткандыгына байланыштуу, аны тротуар салууга иштетсек деген арызы өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, Арбын айылынын депутаттары менен чогуу карап чечип берүү жагы Арбын айылынын айыл башчысы Анарбай уулу Канатбекке жүктөлсүн.

 

2. Коргонбаев Анарбайдын Куу-Майдан айылындагы иштебей токтоп турган мончону заманбап кылып иштетсем деген арызы боюнча атайын комиссия түзүп карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери тарабынан берген эки сунуш кат боюнча: айыл өкмөт өзү комиссия түзүп, Нурманбетова Д менен Сатыбалдыева А үйлөрүнө барып, чындап муктаж болсо карай тургандыгы тууралуу арыз ээлерине билдирүүсү жана Пробация боюнча акча кароодон өкмөт макулдугун бербегендиги тууралуу соц.кызматкер Г. Ысаковага жеткирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.