Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июну № 385
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча иштерди оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 36-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинде:
- 8-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ыйгарым укуктуу салык органы алдын ала баалоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан алынган ушул Тартиптин 2 же 4-тиркемелеринде көрсөтүлгөн маалыматтарын эске алып, ушул Тартиптин 1, 2 же 3, 4-тиркемелери менен аналитикалык кат киргизет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 1 же 3-тиркемелерине ылайык маалымат киргизет;";
2-пунктчада "жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ведомстволор аралык жумушчу топ:
- ушул Тартиптин 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлүүчү салык жеңилдиктерин аныктайт;
- ыйгарым укуктуу салык органынын алдын ала баалоосунун негизинде жыйынтыктоочу баалоону жүргүзөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардан, бизнес-ассоциациялардан жана ишкердик субъекттерден маалыматтарды суратып алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
Ведомстволор аралык жумушчу топ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 1, 2 же 3, 4-тиркемелери менен аналитикалык кат киргизет;";
- жогоруда аталган Тартиптин 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 6-тиркеме |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүүгө тийиш болгон салык жеңилдиктеринин ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин беренелеринин № | Жеңилдиктердин мазмуну | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1-этап (2023-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 10-пункту | Өздүк акциялардын наркынын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган кирешеге пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржанын листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздык кирешеге жана кирешеге пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту | Кредиттик бирликтер пайдага салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
270-берененин 1-бөлүгү | Финансылык кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу банктык жабдуулар (банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык киосктор) - 2024-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат. Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүк тутумдары менен жабдылган банк жабдуулары - 2026-жылдын 1-январына чейин | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2-этап (2024-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 1-пункту | Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттары боюнча пайыздар | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту | Жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырмадан пайда салыгы алынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
234-берененин 1-бөлүгү | Кайрымдуулук уюмдарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан маданият жана спорт уюмдарына кайтарымсыз берилген мүлктүн наркы, анын ичинде акча каражаттары бул мүлк аны өткөрүп берген салык төлөөчүнүн пайдасына пайдаланылбаган шартта чыгарып салынууга тийиш | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
235-берене | Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептен чыгарууга байланыштуу төмөнкү чыгымдардын суммасы эсептен чыгарылууга тийиш: 1) эсепке алынууга жатпаган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы; 2) эсепке алынууга жатпаган, акциз салыгынын суммасы; 3) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүгө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктын суммасы; 4) КНС боюнча каттоону жокко чыгарууда материалдык эмес активдер менен негизги каражаттардын, товардык-материалдык запастардын калдыктарына эсептелген КНС боюнча салык төлөөчүнүн чыгымдары; 5) мүлк салыгы; 6) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту | Жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары пайдага салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту | Машина-трактордук станциялар пайдага салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 10-пункту | Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объекттерин пайдаланууга киргизген учурдан тартып 5 жыл ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ абалында кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрү пайдага салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту | Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору пайдага салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
268-берененин 1-бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, адистештирилген товарларды, анын ичинде аларды оңдоону кошуп алгандагы берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
268-берененин 2-бөлүгү | Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарын, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналарды жана дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдарды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
289-берене | Тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту | Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катары Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары-дармек каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу баштапкы материалдар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 23-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу өсүмдүк майларын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүүгө арналган чийки зат - 2025-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
298-берене | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айыл чарба асыл тукум малдар жана үрөндүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары Министрлер Кабинети тарабынан ТЭИ ТН ылайык бекитилүүчү тизмекке ылайык КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
410-берененин 1-пункту | Төмөнкүлөр салык салуудан бошотулат, жерлер: а) коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, коруктар, жаратылыш эстеликтери, тарыхый жана маданий маанидеги объекттер, бөлүнбөй калган запастагы жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой жайгашкан көзөмөл тилкеси ээлеген жерлер; б) коргоочу токой, суу жана токой фонддору ээлеген калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы; в) айыл чарба багытындагы пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, байланыш жолдору, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун боюндагы тилкелер; г) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, продукт өткөргүч жана байланыш линияларынын алдындагы; д) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, суу сактагычтардын жана суу ташкындуу зоналардын, электр энергиясын өндүрүү же берүү үчүн колдонулуучу электр линияларынын алдындагы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту | Санитардык-коргоо зоналарына кирген профсоюздук санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жерлери жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3-этап (2025-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган төмөнкүдөй пайдага салык салынбайт: а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү; б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар, ошондой эле ыктыярдуу жардамдар; в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы; г) көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр; д) өз мүчөлөрү үчүн суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр; е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту | Ата мекендик уюмдарга жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддерге пайдага салык салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Кайрымдуулук уюмдары пайдага салыктан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
269-берене | Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан жаңы курулуш/реконструкциялоо/кайра профилдөө/кайра пландоо объекттерин жана/же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
270-берененин 2-5-бөлүктөрү | 2. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган мүлктү, жер участогун кошкондо, банктар тарабынан берүүсү насыя боюнча же исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча карыздын суммасынын чегинде КНС бошотулган болуп саналат. 3. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна киргизилген турак жай курулуштарын банктар тарабынан берүү КНС бошотулган болуп саналат. 4. Банктар тарабынан алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. 5. Аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды товардык биржаларда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
271-берене | КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) исламдык каржылоого ылайык мурабаха, салам жана истиснаа/жарыш истиснаа келишимдери боюнча банк тарабынан товарды берүү; 2) исламдык каржылоого ылайык шарика/кемүүчү мушарака келишими боюнча кардар менен банк ортосунда товарды өткөрүп жана кайтарып берүү | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
272-берене | КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) банк тарабынан товарды берүү; а) исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык ижара шарттарында негизги каражаттар катары берүү үчүн; б) исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча; 2) берүүчү тарабынан товар берүү, эгерде берүү каржылык ижара келишимине, исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишимине же мурабаха келишимине ылайык төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылса: а) финансылык ижара шартында негизги каражат катары пайдалануу үчүн арналса; б) эгерде кардар КНС салыгын төлөөчү болуп саналса, исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
274-берене | Пенсиялык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, пенсияларды төлөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана пенсиялык фонддордун мүлкүн ишенимдүү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мүлктү ижарага берүүнү кошпогондо, КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
275-берененин 1, 2-бөлүктөрү | 1) Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү транспорт менен ташуу КНС бошотулган берүү болуп саналат. 2) Темир жол транспорту менен жүзөгө ашырылуучу жүргүнчүлөрдү, багаж жана жүктөрдү эл аралык ташуу КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
277-берене | Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген жана бажы аймагында бажылык жол-жоболорунда жайгаштырылган иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү жана ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү боюнча жумуштар КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
278-берене | Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагынан ташылып келген негизги каражаттарды кепилденген оңдоо, анын ичинде аларды калыбына келтирүү, курамдык бөлүктөрүн алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
279-берене | Бажы кампасынын аймагында товарларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
280-берене | Идентификациялоо каражаттарын, ошондой эле товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
281-берене | Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максатында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган берүүлөр КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
283-берененин 1, 2-бөлүктөрү | 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери жана ишканалары тарабынан жүзөгө ашырылуучу өздүк өндүрүшүнүн товарларын, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. 2. Кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемесинин аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин товарларды берүүсү ишке орноштурулуп, жазаларын түзөтүү мекемелеринде өтөп жаткандардын саны ошол ишканаларда иштегендердин жалпы санынын 60 пайызынан кем болбогон шартта КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
284-берене | Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берүүчү технологияларды, жабдууларды жана анын комплекттөөчүлөрүн берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
285-берене | Менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик мүлктү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
286-берене | Жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
287-берене | 1. Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр: 1) эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүнүн жана карылар үйлөрүнүн дарегине, социалдык жактан камсыз кылуу жана коргоо үчүн болсо; 2) билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөсү үчүн болсо | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
294-берене | Maй куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары реактивдүү отунду берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жаратылыш газы КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 14-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 19-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары импорттолуучу реактивдүү отун КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
322-берененин 3-бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 314-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС төлөөчү тарабынан бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасы, эгерде салык төлөөчү төмөнкүлөр боюнча өз-өзүнчө эсепти жүргүзгөн шартта 80 пайызга азайтылат: 1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү; 2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктарынан зер буюмдарын өндүрүү - 2027-жылдын 1-январына чейин | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту | Диний расымдарды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 2-бөлүгү | Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюмдардын товарларды сатуусу, жумуштарды аткаруусу, кызматтарды көрсөтүүсү, төмөнкүлөр үчүн төлөм ушул товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шарттарда бошотулат: 1) балдарды же улгайган жаштагы аз камсыз болгон жарандарды социалдык камсыздоо жана коргоо үчүн; 2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 3-бөлүгү | Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүлөрдү сатуу бошотулат: 1) турмуш-тиричиликтик максаттар үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын; 2) банк тарабынан: а) алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды; б) ушул келишимдер боюнча пайыздык кирешени кошпогондо, финансылык ижара келишими жана исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча негизги каражаттарды же товарларды | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
368-берененин 2-бөлүгү | Накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 2023-жылдын 1-январына чейин 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4-этап (2026-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 4-бөлүгүнүн 12-пункту | Салык төлөөчүнүн эмгек ишмердигинин алкагында алган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары болгон мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди акчалай күтүү | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасында түзүлгөн бала бакчалар) пайдасы салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
265-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Мейманкана тибиндеги жайларды, пансионаттарды, эс алуучу жана дарылоочу жайларды ижарага берүүнү кошпогондо, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна таандык турак жай имараттарын жана жайларын сатуу же турак жайларды ижарага берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
267-берене | Жеке жакка тиричилик максаты үчүн канализацияны, лифттерди пайдалануу боюнча, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газды, анын ичинде суюлтулган газ баллондорун берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
273-берене | Камсыздандыруу, кош камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат. Брокердин жана агенттин ушундай кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
282-берененин 1-бөлүгү | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
282-берененин 2-бөлүгү | Жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган кызмат көрсөтүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
291-берене | Чыгарылганына 5 жыл боло элек, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга комплекттөөчүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
292-берене | Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды берүү жана экспорттоо КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
293-берене | Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөш жана (же) долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген мезгилдин ичинде КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
295-берененин 1-бөлүгү | Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды берүү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 1, 2, 4-пункттары | КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) уюмдун уставдык капиталына мүлктү өткөрүп берүү, ошондой эле уюм тарабынан катышуучуга мүлк түрүндө салымдын суммасын кайтарып берүү; 2) исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча өнөктөш менен уюмдун ортосундагы мүлктү өткөрүп берүү жана кайра кайтаруу; 4) ЕАЭБде жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызматтарды көрсөтүү, эгерде аларды берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы болуп саналса | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү инсандыгын ырастоочу күбөлүктөрүнүн бланктары КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик жыйымдын маркалары, идентификациялоо каражаттары жана нумизматтык максатта пайдалануудан тышкары валюта КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына Салык кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык жактан маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча импорттолуучу товарлар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу балдардын тамак-ашы КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 18-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТН 8504 40 550 0 жана 8504 90 980 0 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын электр менен кубаттоо үчүн жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 20-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэлектростанцияларды пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 21-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн мындай техниканын өндүрүүчүсү тарабынан импорттолуучу айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын чыгаруу жана чогултуу үчүн багытталган комплекттөөчү бөлүктөр КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 22-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берген жабдуулар жана анын тетиктери КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
300-берене | Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ата мекендик уюмдар тарабынан төмөнкүлөрдү убактылуу ташып кирүүлөр КНС төлөөдөн бошотулат: 1) ЕАЭБ ТЭИ ТН 8802 40 003 5, 8802 40 003 6 жана 8802 40 004 6 коддору менен классификациялануучу, чыгаруу мөөнөтү 15 жылдан ашпаган аба кемелери; 2) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, ушул беренеде каралган аба кемелерине кыймылдаткычтар жана запастык тетиктер | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
302-берененин 1-пункту | Башка мамлекеттин аймагына кайра иштетүү продуктуларын кийин ташып чыгуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан ташып кирилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштар, Салык кодексинде каралган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн шарттары жана мөөнөтү сакталганда нөлдүк ставка боюнча КНС салынат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
306-берене | Айыл чарба жерлерин сугаруу, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштеген насостук станцияларды электрдик жабдууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөр КНС нөлдүк ставкасы менен берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар) тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
410-берененин 2-пункту | Көрүстөндөрдүн жерлери салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
410-берененин 3-пункту | Мал айдоочу жана мал топтоочу аянтчалар салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
410-берененин 4-пункту | Жергиликтүү кеңештер белгилеген мөөнөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн алынган, рекультивациялоону талап кылган, бузулган (деградацияланган, топурак кыртышы жана жердин башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган) жерлер салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту | Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту | Эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адам үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту | Жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жерлери бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
434-берененин 1-бөлүгү | Салык кодексинин 432-беренесинин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу мөөнөткө төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулат: 1) пайдага салыктан; 2) сатуудан алынуучу салыктан; 3) салык салынуучу берүүлөргө КНС | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5-этап (2027-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 3-бөлүгүнүн 6, 8-10-пункттары | Салык төлөөчү төмөнкүлөр түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 6) бюджеттин эсебинен олимпиада, паралимпиада жана азия оюндарына, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыгы боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана врачтарына төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйакылар; 8) наркы 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар, ошондой эле кумар оюндарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүүгө багытталган кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан утуштар; 9) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан алган байгелери; 10) эл аралык уюмдар (фонддор) берген сыйакы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 4-бөлүгүнүн 1, 6, 11-пункттары | Салык төлөөчүнүн эмгек ишинин алкагында алынган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөр жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчүнүн милдети болуп эсептелсе; 6) кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн ар бир балага 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектердин наркы; 11) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үстөк жана азык-түлүк пайкынын ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 3, 5, 6, 8-10-пункттары | Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 3) исламдык каржылоого ылайык мудараб келишими боюнча киреше; 5) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардын кайтаруу суммасы; 6) жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма; 8) шайлоо комиссияларында талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочусунун, ишенимдүү адамынын, өкүлүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырганы, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан үгүт кызматтарын аткарганы үчүн талапкердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жана шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде референдум тобунун фондунун каражаттарынан жеке жак алган суммалар; 9) мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотекалык кредит берүүдө материалдык пайда формасында алынган киреше; 10) Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле жеке жак - резидент тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында алган кирешелер | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту | Исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча банк тарабынан алынган пайдага пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту | Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту | Айыл чарба кооперативдеринин пайдасы салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
290-берене | Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Министрлер Кабинети аныктаган тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Айыл чарбалык өндүрүүчүсү жана/же машина- трактордук станция тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту | Айыл чарба кооперативи тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту | Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн айыл чарба кооперативинин негизги ишинин максатында пайдаланылуучу айыл чарба кооперативинин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту | Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар, жайлар жана курулмалар бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6-этап (2028-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коомунун, уюмдарынын жана жеке ишкерлердин пайдасы салык салуудан бошотулат. Бул коом, уюм жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
276-берене | Мамлекеттик тилдеги окуу китептерин, хрестоматияларды, илимий, адабий-көркөм китептерди, балдар үчүн басылмаларды, журналдарды берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 16-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу электр энергиясы КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкер тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту | Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер, ошондой эле бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту | Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн турмуш-тиричиликтик максаттар үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатуу бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту | Кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдарынын жана жеке ишкерлердин имараттары салык салууга жатпайт. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту | Жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкер бошотулат. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
7-этап (2029-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту | Социалдык жактан корголбогон салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелерине киреше салыгы салынбайт: дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 3-бөлүгүнүн 18-пункту | Салык төлөөчү спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
268-берененин 2-бөлүгү | Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарын жана вакциналарды, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналарды жана дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды берүү КНСтан бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
287-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр билим берүү, экология, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөсү үчүн болсо | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 5-пункту | КНС бошотулган берүү болуп Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн берүү саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 6-пункту | КНС бошотулган берүү болуп ККМдин реестрине киргизилген ККМди жана оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү жана тейлөө саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 7-пункту | КНС бошотулган берүү болуп ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы бар операциялык системалуу POS-терминалдарды жана ондоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 8-10-пункттары | КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 8) акциздик жыйым маркаларын, Кыргыз Республикасынын жаранынын белгиленген үлгүдөгү паспортторунун жана инсандык ырастамаларынын бланкаларын берүү; 9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотуу үчүн багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөрдү берүү; 10) ушул берененин 9-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 11-пункту | КНС бошотулган берүү болуп Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү саналат. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 24, 24-1-пункттары | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 24) ККМ реестрине киргизилген ККМ жана аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн алардын комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктери; 24-1) ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы менен операциялык системалуу POS-терминалдар жана алардын оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктер | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 24-3-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 24-2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөр жана/же тетиктер КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 26-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттер тарабынан импорттолуучу, спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту | Кайрымдуулук уюмдары тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 10-пункту | Салык кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык маанидеги объект жөнүндө келишим боюнча товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту | Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 4-бөлүгү | Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салык төлөөдөн бошотулат. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
8-этап (2030-жыл) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту | Социалдык жактан корголбогон салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелерине киреше салыгы салынбайт: коммерциялык эмес уюмдардан акча каражаты жана мүлк түрүндө алган эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту | Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стипендиялар жана пенсиялар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар тарабынан төлөнүүчү стипендиялар жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө окуу үчүн төлөмдөр түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 3-бөлүгүнүн 7-пункту | Салык төлөөчү гуманитардык жардам, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо максатында чет өлкөдөн сатып алынган атайын товарлар жана тетиктер түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 3-бөлүгүнүн 16-пункту | Салык төлөөчү анын катышуучулары үчүн кайтарымсыз негизде өткөрүлүүчү семинарды, тренингди, тегерек столду, конференцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде окутуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, таратып берме материалдардын, тамак-аштын, жашоосунун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пункту | Автомототранспорт каражатынан тышкары, өз муктаждыктары үчүн сатып алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлктү, ошондой эле металл сыныктарын, айнекти, айнек идиштерди, айнек камтыган буюмдарды, макулатураны, полипропиленди, полиэтиленди, пластикти жана полиэтилентерефталатты сатуудан алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары | Салык төлөөчүнүн башка иштерден алган төмөнкүдөй кирешелерине киреше салыгы салынбайт: 1) аманат, депозит боюнча пайыздык киреше, ошондой эле салык төлөөчүнүн банктагы эсептешүү, карталык жана башка банктык эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздык киреше; 2) киреше алуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон, баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын ээси тарабынан алынган баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн киреше жана пайыздык киреше | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 2-1-пункту | Баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт, эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 4-1-пункту | Салык төлөөчү башка иштен алган кирешелерине - төмөнкү жеке жак ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивидендге киреше салыгы салынбайт: а) резиденттигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны; б) жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
191-берененин 7-бөлүгүнүн 10-1-пункту | Салык төлөөчүнүн башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт - жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам - Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн кирешеге жана пайыздык кирешеге, ошондой эле эл аралык облигациялардан кирешеге жана пайыздык кирешеге пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту | Эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо, баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган кирешеге пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
213-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пункту | Транзакция боюнча кызмат акысына пайда салыгы салынбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту | Чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн пайдасы салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
239-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын пайдасы салык салуудан бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
240-берененин 3-бөлүгү | Тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, Салык кодексинин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
265-берененин 2-бөлүгү | Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык кыймылсыз мүлктү алмашуу жана/же аны мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарымсыз өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
266-берененин 1-бөлүгү | Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн, айыл чарба даярдоочуларынан жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продукттарын берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
266-берененин 2-бөлүгү | Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктары үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
287-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөр КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр юридикалык жактардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, коомдук бирикмелердин өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине консультациялык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрү болсо | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
287-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөрү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан ижарага берүү боюнча болсо | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
295-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун а пунктчасы | Дин жаатындагы социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 3-пункту | КНСтен бошотулган берүү болуп ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 12-пункту | КНСтен бошотулган берүү болуп транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүү саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
296-берененин 13-пункту | КНС бошотулган берүү болуп футболду уюштуруу жана өнүктүрүү, анын ичинде мелдештерди өткөрүү, спортчуларды даярдоо, футбол инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү менен түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү саналат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту | Коммерциялык эмес уюмдар, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси же жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу 870240, 870380 жана 890110 товардык позицияларында Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) менен классификациялануучу, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылган жылы 5 жылга чейинки жерде жүрүүчү жана суу транспорт каражаттары, ошондой эле аларга тетиктер КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 20-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэлектростанцияларды пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 25-пункту | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ташып киргизилүүчү баалуу металлдар, анын ичинде аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 27-пункту | Мындай буюмдарды өндүрүүчү тарабынан өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу зер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган металл камтыган рудалар, концентраттар, эритиндилер жана аффинаждалган металлдар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 29-пункту | Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максаттары үчүн гана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар, анын ичинде спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана футболдук инфраструктураны пайдалануу үчүн колдонуучу спорттук жабдуулар, инвентарь, формалар, экипировкалар, адистештирилген материалдар жана техникалык каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
297-берененин 1-бөлүгүнүн 30-пункту | Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуу жана технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар КНС төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
301-берененин 1-3-бөлүктөрү | 1. КНС төлөөчү же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму режимин пайдалануучу субъект тарабынан наркы 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо импортко КНС төлөөдөн бошотулат, эгерде товар төмөнкүлөр катары ташып киргизилсе: 1) түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар; 2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха, иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча же финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн банк же лизингдик компания тарабынан сатып алынган негизги каражат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бошотуу төмөнкү товардык позицияларда классификацияланган товарларга жана негизги каражаттарга жайылтылат: 1) ТЭИ ТН 7308, 7326, 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8502, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 8903 (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана жүргүзүлүүчү парустуу кемелерге гана карата), 9018, 9022, 9027, 9406 90 310 0; 2) ТЭИ ТН 7309, 7311, 7326, 7610, 8481, 8501, 8532, 8535, 8537, 8544, 9025, 9031, (мунайды кайра иштетүү, химиялык жана нефтехимиялык өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн гана). 3. КНС төлөөчү катары салык төлөөчү статусуна карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту КНС төлөөдөн бошотулат: 1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү; 2) айыл чарба кооперативи, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн; 3) машина-трактордук станциясы; 4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору; 6) зер буюмдарын өндүрүүчүлөр | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
349-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту | Бонус төлөөдөн жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда аларды алуу (жер алдынан чыгаруу) боюнча айыл чарба өндүрүүчүсү бонус төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту | Иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген өнөр жай ишканалары (тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды чыгаруучу ишканаларды кошпогондо) тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту | Ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдар тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту | Юридикалык жактардын бирикмеси, иш берүүчүлөр бирикмеси, коомдук бирикме тарабынан өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту | Пенсиялык камсыздоо, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана почта байланышы жаатында лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, мамлекеттин акциялары 50%дан ашыгын түзгөн акционерлердин саны бар дайындалган почта операторлорунун салттуу почта кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту | Транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 14-пункту | Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту | Бажы кампасынын аймагында товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту | Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн коммерциялык эмес уюмдардын товарларды сатуусу, жумуштарды аткаруусу, кызматтарды көрсөтүүсү турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү ижарага берүү боюнча төлөм ушул товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шарттарда бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
364-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту | Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга тиешелүү комплекттөөчүлөрүн сатуу сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
365-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пункту | Акцияларды, капиталдагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу боюнча иш кесиптик негизде жүзөгө ашырылган иш болуп саналган учурларды кошпогондо, уюмдун капиталындагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу сатуудан алынуучу салык салуу объекти болуп саналбайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту | Ушул объекттин менчик ээсине таандык болгон турак жай имаратына же жайга, төмөнкүдөй өлчөмдөн ашпаган бир гана мүлк объектинин аянты салык салууга жатпайт:
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту | Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын менчигинде турган жана футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максатында гана пайдаланылган имараттар, курулмалар жана жайлар салык салууга жатпайт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
409-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту | Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр эненин, Даңк жана үч даражадагы Эмгек даңкы ордендери менен сыйланган адамдын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана/же майыбынын, Баткен окуяларынын катышуучусунун, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчысынын же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо фронтто болушуна байланышкан оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптын, аскер кызматчыларынын көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген майыптын, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын жесиринин же жесилинин, ошондой эле I жана II топтогу майыптын менчигинде турган бир турак жай имараты же бир жайы төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту | Жеке жак - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
411-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту | Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар жер тилкесине мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||
".