Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 6-августундагы № 5-6

 

Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу

Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн акча каражаты ажыратып берүү тууралуу долбоордун жетекчиси М.Пирмановдун сунушун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 51-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн 899.259 (сегиз жүз токсон тогуз миң эки жүз элүү тогуз) сом акча каражаты каралып берилсин.

 

2. Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап иштетүү жагы долбоордун жетекчиси М.Пирмановко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.