Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 9-июнундагы № 3-1

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун 2021-жылга бекитилген бюджетке кээ бир муктаждыктарга байланыштуу өзгөртүү киргизип берүү тууралуу суранычын угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджеттин аппаратка деген бөлүмдөгү 500.000 (беш жүз миң) сомдон, билим берүү бөлүмүнө 320.000 (үч жүз жыйырма миң) сом жылдырылып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.